Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Савка менен Гришка: Жаным, Беларус!


Эски тааныштар жана идеялык каршылаштар катары дурус таанымал замандаштар – “лукашенкачыл” Савка менен “демократ” Гришка.
Эски тааныштар жана идеялык каршылаштар катары дурус таанымал замандаштар – “лукашенкачыл” Савка менен “демократ” Гришка.

Эски тааныштар жана идеялык каршылаштар катары дурус таанымал замандаштар – “лукашенкачыл” Савка (Саўка) менен “демократ” Гришка (Грышка) бул жолу да “Евровидение-2011” сынагына Беларустун атынан катыша турган обондуу ыр жаатында талаша кетишти.








Гришка:

Каддафинин учагы ары-бери учат, кара!
Бизге кел, бизде коноор майдан бар сага.
Михалевичтин мындай сөзү КГБны уялтты.
“Самаганын самайбыз, бирок кантип бизди кызартты”?!


Савка:

Byelorussia
Crazy and so fine
Byelorussia
Vodka and cheap wine
Red and green and constitution
We don’t need a revolution!

Гришка:

Каддафинин учагы келет жакындап.
Эмне бар анда, акчадыр же десант да?
Тик учактарыбыз “оомийин” кетти Гбагбого.
Оңунан чыгып, тийет эми пул колго!

Савка:

Белараша,
Крейзи энд сов жакшы.
Белараша,
Водка энд чип бозо.
Ред энд гриин энд канститюшан,
Ви донт ниид э ревалюшан!

Гришка:

Ушак уксам, “Каддафи бизге келет” дейт,
“Бардык алтын казынасын төгөт” дейт.
Дрозды жакка Бакиевге коңшу келет экен.
Мээң да ачыйт бул сыяктуу “делеттен”!

Савка:

Крейзи энд сов жакшы.
Белараша,
Водка энд чип бозо.
Жүрмөкмүн кантип шаттанбай,
Уксаң мен – ырчы ак таңдай!

YouTube тасмасы. Беларус.



Беларус куудулдары ойдон чыгарган кейипкерлер Савка менен Гришканын “айтышын” кагазга түшүргөн:

Лявон Вольский,
ЕЭ/АҮ Беларус кызматы.
“Азил-чындап” таржымалаган Т.Ч.


Ал эми Беларустун атынан "Евровидение-2011" сынагына катыша турган ырчы Анастасия Винникова аткара турган ырды угуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.


Босниялык "Дубиоза Колектив" (Dubioza Kolektiv) шайырлар тобу болсо "Евро-ыр" (Euro Song) аттуу азил-тамаша, какшык камтылган төмөндөгү ырын YouTube барагына жарыялашты.





YouTube тасмасы. "Дубиоза Колектив" тобунун "Евро-ыр" чыгармасы. 2011.
XS
SM
MD
LG