Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Ооган вице-президенти чабуулдан аман калды


Ооганстандын вице-президенти Абдул Рашид Дустум.
Ооганстандын вице-президенти Абдул Рашид Дустум.

Ооганстандын вице-президенти Абдул Рашид Дустум өлкө түндүгүндө "Талибан" согушкерлеринин чабуулунан аман калды.

Андан мурда Дустум "Азаттыктын" ооган кызматына курган маегинде Фаряб провинциясы талиптерден дээрлик тазаланып калганын билдирген.

Дустумду алып жүргөн автоунааларга кол салуу августта Фаряб аймагындагы жолдо болгон. Вице-президенттин жардамчысынын "Азаттыктын" ооган кызматына айтканына караганда, жансакчылар кол салгандардын сегизин жок кылып, 13 кишисин колго түшүргөн. Кагылыштан Дустум өзү, анын жанындагы кишилер жапа чеккен эмес. Бул окуя боюнча мындан башка маалымат айтылган жок.

Ошол кол салуулардан бир күн мурда Фаряб провинциясынын Гурман районунда “Азаттык” радиосунун ооган кызматына маек курган Дустум согушкерлердин күчү алсырап калганын, учурда өкмөттүк аскерлер алардын турумдарына чабуулду улантып жатканын билдирген.

Генерал Дустум Фаряб провинциясында.
Генерал Дустум Фаряб провинциясында.

Мурдагы аскер башчы июль айында Фарябдын ондогон кыштактары талиптердин колуна өтүп кеткен соң, Түркмөнстан менен чектешкен чоң провинцияны колдон чыгарып жибербөө максатында Түркиядагы дарылануусун токтотуп, мекенине кайтып келген.

Дустум аскерий операция башталгандан бери бир топ айылдар ооган бийлигинин колуна өткөнүн билдирди. Өкмөттүк күчтөрдү негизинен согушкерлер түштүктөгү талиптердин уюгу саналган Гилменд провинциясына өтчү жолдо бутага алып турушкан.

Генерал ошондой эле согушкерлердин арасында жүргөн өзбекстандык талаа командири өлтүрүлгөнүн, ал эми “Талибан” кыймылынын өзү “чек аралар боюнча министр” деп атап алган адам жарадар болгонун ырастаган.

Ошол эле маалда Дустум бул жолу да Пакистандын коопсуздук кызматы талиптерди тымызын колдоп жатканын кайталады.

- Бул согуш жөн эле Ооганстандын Фаряб чөлкөмүндөгү Гурмах, Бала Мургаб, Кайсар жана Алмар райондорунда жүрүп жаткан согуш эмес, бул Пакистандын коопсуздук кызматы менен болгон кармаш. Мен мурда айткандай эле Пакистанда бир нече ысым менен белгилүү Хажи Маулави Кари аттуу генерал төрт күн мурда ооган аскерлери менен кармашууда жарадар болуп, жараатынан улам мурдагы күнү набыт кетти, – деп айтты Дустум. Ал операция аяктагандан кийин пакистандык генералдын жаткан жерин журналисттерге көргөзүүнү убада кылды.

Дустум учурда түндүктөгү пуштун урууларынын лидерлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, пуштун талиптерине каршы күрөштө жергиликтүү элдин колдоосуна таянарын белгилеген.

Ал “пуштундарга каршы согушка келди” деген ушак-айыңды четке кагууга шашылып: "Дустум пуштундарды басууну көздөп жатыптыр деген сөздөр тарап кетиптир. Бул карандай калп, болбогон кептер. Биз тескерисинче пуштундардын колдоосуна ээ болгону келдик", – деп элди ынандырууга аракеттенди.

Расмий Кабул баштаган маалымат каражаттары коңшу Пакистан ооган талиптерин колдоп, Ооганстандагы жаңжалдын күчөшүнө салым кошуп деп айыптап келет.

Фаряб провинциясында бир айдан бери талиптерге каршы аскерий операция жүрүп жатат
Фаряб провинциясында бир айдан бери талиптерге каршы аскерий операция жүрүп жатат

Ооганстандын президенти Ашраф Гани август айынын башында Пакистанды кескин сынга алган. Ал ошондой эле Исламабадга атайын делегация жиберип, Пакистанда баш калкалап жүргөн “Талибандын” талаа командирлеринин барын экстрадициялоону талап кылган. Ооган бийликтери коңшу өлкөдө экстремисттик кыймылдын жарадар болгон согушкерлери жайма-жай дарыланып жатканына тынчсыздануусун билдирген. Исламбад мындай айыптоолорду четке кагып келет.

“Талибан” кыймылы Ооганстанда бийликти 1996-жылы басып алган. 2001-жылдын 11-сентябрында АКШдагы теракттардан соң эл аралык коалициялык күчтөр тарабынан бийликтен кулатылып, 2003-жылы БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан талиптер кыймылы террорчул уюм деп таанылган.

Байкоочулардын баамында, былтыр Ооганстандан эл аралык коалициянын күчтөрү чыгып кеткенден кийин согушкерлер кыйла активдешип өкмөткө каршы масштабдуу каршылык кыймылдарын баштаган.

Жаз башынан бери “Талибан” кыймылы негизги провинцияларда террордук чабуулдарды уюштуруп, бир нече райондорду ээлеп алышты. Баш калаа Кабулдун өзүндө эле канды булоондордун аягы тыйыла элек.

XS
SM
MD
LG