Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

Ооганстан: талиптер дагы эки районду ээледи


Ооганстанда кечээ талибдер Кундуз провинциясынын дагы бир аймагын басып алды. Ошондой эле Сарипул провинциясынын дагы бир району талиптердин колуна өттү.

Тажикстан менен чектешкен Кундуз провинциясынын Ханабад району 28-июлда эртең менен талибдердин колуна өттү. Ооган маалымат каражаттарынын Кундуз провинциялык кеңешинин төрагасы Мухаммад Юсуф Аюбиге таянып жазышынча, радикал “Талибан” кыймылынын согушкерлери Ооганстандын түндүк чыгышындагы Кундуз провинциясынын 80дей калктуу конуштарын басып алган.

“Өткөн түнү “Талибан” 80дей айыл-кыштакты басып алды, ал эми аларга каршылык көрсөткөн 14төй адам өлдү же жаракат алды” деди Кундуз провинциялык кеңешинин төрагасы Мухаммад Юсуф Аюби.

Ал кошумчалагандай, райондун жүздөгөн адамдары үйлөрүн таштап качууга мажбур болушкан.

Ошол эле кезде Сарипул провинциясынын Кухистонот району да талибдердин карамагына өткөнү маалым болду. Ооганстандын түндүгүндөгү Сарипул провинциясынын бийликтеринин кабарлашынча, 28-июль күнү эртең менен Кухистонот району да талибдердин ээлигине өткөн. Андан бир күн мурда район кулап калаарын провинциялык кеңештин мүчөлөрү борбордук бийликке эскертишкен. Алар талибдер райондун Калаи Шахр кыштагын басып алгандыгын, эми райондун борбору Кухистонотко коркунуч жаралып жаткандыгын айтышкан болчу.

Сарипул провинциялык кеңешинин мүчөсү Асадулло Хуррам “Азаттык” радиосунун ооган кызматына Кухистонот талиптердин ээлигине өткөндүгүн ырастады:

- Районду талиптер ээлеп аларына 100 пайыз шарт түзүлүп калган болчу. Бирок биздин айтканыбызды эч ким уккан жок. Жергиликтүү полиция Калаи Шахрды алдыргандан кийин урушсуз чегинип, райондон чыгарылып кетти.

Асадулло Хуррамдын айтымында, Кухистонот районунан кийин Сарипул провинциясынын башка да аймактары талибдердин колуна өтүп кетүү коркунучу бар. Ал талиптер Чихилчок айылын басып алгандан кийин башка 12 кыштак урушсуз эле багынып бергендигин кошумчалады.

Сарипул провинциясынын полиция башчысы Мухаммад Юсуф Жабборхал “Азаттык” радиосу менен маегинде Кухистонот району кулагандыгын мындайча айтты:

- Үч күндүк каршылык көрсөтүүдөн кийин бул район багынып берди. Райондун полиция башчысы Мир Алам менен 18 полициячынын эмне болгондугу белгисиз. Аман калган өкмөттүк күчтөр провинциянын борбору көздөй чегинип келатат.

Мухаммад Юсуф Жабборхал куралдуу уруштарда болгону бир гана аскер жаракат алгандыгын кошумчалады. Ал эми өзүн талибдердин маалымат катчысымын деген Кори Юсуф Ахмад аттуу адамдын айтышынча, алар куралдуу кагылышта полициянын 13 брондуу машинасын курал-жарагы жана ок-дарысы менен тартып алышкан. Ал Калаи Шарх айылынын полиция башчысы 100 кызматкери менен талибдерге өтүп кеткенин да кошумчалады.

Ал арада Сарипулдун жанындагы Фаряб провинциясына талибдерге каршы өкмөттүк күчтөрдү жетектөө үчүн ооган президентинин биринчи орун басары, генерал Абдулрашид Дустум келди. Ал кечээ жакында Балх провинциясынын губернатору Ато Мухаммадом Нур менен биргеликте талибдерге каршы союз түзгөндүгүн жарыялаган. Ооганстандын түндүгүндөгү окуялар кошуна мамлекеттерди да тынчсыздандырууда. Мындай пикирин “Азаттыктын” ооган кызматынын башчысы Кодир Хабийб билдирди.

- Ооганстандын түндүгүндөгү туруксуздук чек арадагы кошуналар – Тажикстандан тарта Түркмөнстанга чейинки мамлекеттердин тынчын алууда. Аталган мамлекеттер чек араларын бекемдөө боюнча аракеттерди көрүүдө. Акыркы окуяларга байланыштуу 28-июлда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Кабулга барып, өкмөт башчы Абдулла Абдулла менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Түркмөн министри Ооганстандын түндүгүндөгү “Ислам мамлекетинин” согушкерлеринин аракетине да тынчсыздануусун билдирди.

Ооганстандагы окуялар Тажикстан бийлигинин да өзгөчө көз кырында болууда. Бир ай мурда КМШ мамлекеттеринин чек ара башчыларынын Душанбедеги жыйынында тажик чек ара кызматынын башчысы Ооганстандын түндүгүндө 1500дөй согушкер чогулуп калганын эскерткен болчу. Бирок ооган президенти Ашраф Гани ушул айда Уфадагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, “Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен түндүк аймактарында жакында бекем тынчтык орнойт, коопсуздук күчтөрүнүн күч-кубаты согушчандар менен күрөшүүгө жетет" деп ишендирген эле.

XS
SM
MD
LG