Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

ЦРУнун жашыруун операциясына 54 өлкө катышкан


АКШнын Борбордук чалгындоо кызматыны-ЦРУнун Лэнглидеги башкеңсесинин холлундагы эн белгиси(логосу), Виргиния штаты. 14-август 2008
АКШнын Борбордук чалгындоо кызматыны-ЦРУнун Лэнглидеги башкеңсесинин холлундагы эн белгиси(логосу), Виргиния штаты. 14-август 2008

2001-жылкы АКШдагы террордук чабуулдардан кийин ЦРУга террорчу деп шектелген адамдарды жашыруун жайларда кармоого жана өткөрүп бергенге 54 өлкө катышкан.

Бул жөнүндө Нью-Йоркто жайгашкан адам укугун коргоочу Ачык коом уюму жарыялаган иликтөөдө айтылат. Докладда улуттук өкмөттөр чек ара мыйзамдарын сактабай эле террорчу деген шек менен Борбордук чалгындоо агенттиги - ЦРУга өткөрүлүп берилген 136 адамдын тагдыры талданат.

Адам укугун коргоочу уюм жарыялаган докладда, АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын максаты 2001-жылдын 11-сентябрында Американы кара кийгизген террордук чабуулдардан кийин террорчу деп шектелгендер “мыйзамдын колу жетпеген жайларда кармалып”, адамдык насил-наркы тепселгени белгиленет.

Докладдын редактору Амрит Синх ЦРУнун жашыруун операциясына тиешеси бар өлкөлөр адам укугун бузуулар үчүн жоопкерчиликти Кошмо Штаттар менен тең бөлүшөт дейт: “Доклад 54 өлкө түрдүү жолдор менен, анын ичинде ЦРУнун жашыруун түрмөсүн өз жерине жайгаштырып, террорчу деп шектелген адамдарды абак жайда кармап, өткөрүп берип, аларды кармоого маалымат бөлүшүп жардамдашканын көрсөттү. Алар башка да жолдор менен дүйнөнүн чар тарабындагы кыйноо операцияларына катышкан.”
Дүйнөлүк соода борборунун террордук чабуулдан күйүп жаткан кош мунарасы. Нью-Йорк 11-сентябрь 2001
Дүйнөлүк соода борборунун террордук чабуулдан күйүп жаткан кош мунарасы. Нью-Йорк 11-сентябрь 2001

Синх айым Нью-Йоркто 5-февралда жасаган билдирүүсүндө Европанын 25, Азиянын 14, Африканын 13 өлкөсү, ошондой эле Канада жана Австралия ЦРУга ар кандай деңгээлде көмөк бергенин белгиледи. Ооганстанда жана Румынияда ЦРУнун террорчу деп шектелгендерди кармачу жашыруун жайы болгон. Өзбекстан, Азербайжан, Чехия жана дагы башка өлкөлөр аларды тарткан учактардын өз аба мейкиндиги же аэродрому аркылуу өткөнүнө уруксат берген.

Шектүүлөрдү Азербайжан, Грузия, Македония жана башка өлкөлөр ЦРУга кармап берген. Бул ишке Иран кыйыр болсо да катышкан. Иран 2002-жылы мартта Ооган өкмөтүнө өткөрүп берген 15 адамдын ону кийин АКШга жөнөтүлгөн. Пакистан террорчу деп шектелгендерди суракка алып, уруп-кыйнаган. Андай шектүүлөрдүн көбү Сирия, Египет, Иорданияга жиберилген, деп көрсөтүлөт докладда.

Амрит Синхтин айтымында, АКШ жана өнөктөш өлкөлөр ЦРУнун операциясынын курмандыктарынын укуктарын бузууга жооптуу экенин мойнуна алышып, аларга татыктуу компенсация төлөп бериши абзел:

- Бул адилеттиктин гана маселеси эмес. Бул береги нерселер экинчи кайталанбасы үчүн маанилүү.

Президент Буштун кеңсеси өз учурунда ЦРУнун жашыруун операциясы жана террорчу деп шектелип кармалгандарды “жакшыртылган ыкма менен суракка алуу” террорчулардын жаңы чабуулдарынын алдын алганга өбөлгө түзгөнүн билдирген. Президент Обама сууга чөктүрүп же башка “жакшыртылган ыкма менен суракка алууга” тыйуу салган. Бирок ал 2009-жылы эми Ак Үйгө келгенде болочокту караарын айтып, жанагы ыкмаларды иликтөө боюнча улуттук комиссия түзүүдөн баш тарткан. АКШ Конгресси болсо ЦРУнун 11-сентябрь кыйраканынан кийинки жашыруун программасын өз алдынча иликтегени менен, жыйынтыгын ачыкка чыгарган эмес.

Ачык коом уюмунун доклады АКШнын өзүндө жана сөз болгон программага катышкан айрым өлкөлөрдө жаңы дебаттарды жаратышы мүмкүн. Буга чейин өз убагында жапа чеккен бир нече адам сотто ийгиликке жетишти. 1-февралда Миландын апелляциялык соту 2003-жылы египеттик диниятчы Усама Хасан Мустафа Насрды көчөдөн уурдап кеткен ЦРУнун Италиядагы кеңсесинин башчысын жана эки америкалкты актоо жөнүндөгү сот чечимин жокко чыгарды. Сот алардын дипломаттык иммунитети бар экенине шилтеп, актаган болчу. Буга чейин Италияда жогорудагыдай айып менен 23 америкалык сыртынан соттолгон.

Былтыр декабрда Европанын адам укугу боюнча соту Македонияны германиялык Халед Масрини ЦРУга өткөрүп бергенден мурда эч ким менен байланыштырбай кыйнап, адам укугун бузган деп тапкан.

XS
SM
MD
LG