Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:37

Ооган журналистине кислота чачышты


Разак Мамун кырсыктан 3 күн мурда "Азаттыктын" Кабулдагы бөлүмүндө программага катышкан эле, 15-январь, 2011
Разак Мамун кырсыктан 3 күн мурда "Азаттыктын" Кабулдагы бөлүмүндө программага катышкан эле, 15-январь, 2011

Ооганстанда популярдуу журналистке белгисиз бирөө кислота чачып, анын бети менен колдору күйүп калды. Жазуучу жана мурдагы теле-алып баруучу Абдул Разак Мамун өзүнө каршы чабуулду Ирандын саясатын сындаган соңку китебинин жарык көрүшү менен байланыштырды.

Азыр Абдул Разак Мамун Кабулдагы ооруканада дарыяланып жатат. Окуя 18-январда журналист кечинде үйүнө баратканда болгон. Башына чүпүрөк ороп алган белгисиз бирөө журналист үйүнө жеткенде алдынан чыга калып, бетине кислотаны чачып жиберген экен. Бирок “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы көз айнекчен болгондуктан, көздөрү аман калган.

46 жаштагы Мамун өзү түндүктөгү Панж Шир аймагынан болот. Соңку окуяны өзүнүн акыркы китеби менен байланыштырды.

Президенттин колдоосу

Өлкөнүн президенти Хамид Карзай болсо журналистке телефон чалып, ага кол салгандарды “коркоктун ишин жасашты” дептир. Аны чет-өлкөгө дарыланууга жиберүүнү да сунуш кылыптыр. Анан президент өзүнүн жардамчысы Хамед Илмини бейшембиде ооруканага жиберип, ал аркылуу укук коргоо органдарына окуя боюнча тезинен кылмыш ишин ачууну буйруганын да айттырып жиберди.

“Президент Карзай окуя тууралуу угушу менен Мамун мырзага телефон чалды. Анан мамлекет башчы дарыгерлер менен да сүйлөшүп, журналистти жакшылап карагыла деп буйруду, - деди Илми. - Дагы бир маселе – кылмышка катышкандарды таап, жазасын берүү. Ал боюнча да тийиштүү буйрук берилди. Биздин полиция, коопсуздук органдарыбыз иликтөөсүн жүргүзүшөт. Азыр негизги эле милдет – Мамунду айыктырыш керек. Президент ал журналистти Ооганстандын өзүндө же башка мамлекетте дарылоого жардам берем деп турат. Биз бүгүн ооруканага ошону айтканы келдик”.

Ооганстандын көз карандысыз журналисттер Ассоциациясы да күч органдарын окуяны тез арада иликтөөгө чакырды.

"Аябай жини келгендер..."

Жазуучу жана журналист Абдул Разак Мамун өзү ага каршы чабуулду жакында жарык көргөн китеби менен байланыштырды. “Фараондун изи” деген китебинде Мамун “Иран бийликтери Ооганстандын интеграциясына тоскоолдук кылганга кызыкдар” деген экен. Андан сырткары, Ооганстандагы тажиктер өтө урматтаган өлкөнүн Түндүк альянсынын командири Ахмад Шах Массудду өлтүрүүгө да Иран катышкан деген сөз айтылыптыр.

Эми азыр Кабулда ооруканада жаткан жеринен жазуучу “Азаттыкка”: “Китебим басылганда айрымдар аябай жини келген. Алар - Иран менен тыгыз байланыштагы адамдар. Ирандын элчилиги менин китебимди чыгарган басмакананын жетекчиси Саиди мырзаны чакырып, суракка да алды. Ал болсо: “Мамундун өзү менен байланышкыла, китептин автору ошол”, - деп эле жооп берген эле. Кийин Иранга тыңчылык кылган айрым оогандар мага “Китепти таратпа, сатпа” деген өңдүү түрдүү каттарды, сигналдарды берип жатышты”, - деди.

“Азаттык” менен соңку интервьюсунда Мамун дагы эле Иран бийликтерин Ооганстанга басым жасай бергенди токтотууга чакырды.

Өзү улуту боюнча тажик Мамун, ошол эле учурда, Ооганстандагы көпчүлүктү түзгөн паштундарга каршы өтө орой билдирүүлөрү менен да белгилүү.

Учурда бул журналист “Босте-Бастан” деген маалымат агенттигин жетектейт. Ал 2002-жылдан тарта төрт жыл бою биздин радионун Кабулдагы бөлүмүндө иштеди. Кийин “Толо” деген телеканалда саясий программаны алып барып жүрдү. Бирок программасында ашкере курч билдирүүлөрдү жасагандыктан, ал менчик компанияга кысым боло берип, акыры ал жактан да иштен алынган.

Ал 1980-жылдары Ооганстандагы коммунисттик режимдин тушунда түрмөгө да отуруп чыкканы белгилүү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG