Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:30

Минскиге өтүнүч го жөнөтүлдү, бирок…


Мурдагы президент К.Бакиевди кайтарып берүү жөнүндө Белорусиянын Башкы прокуратурасына өтүнүч жөнөтүлгөнүн Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары А. Бекназаров билдирди. 7-апрелдеги канабайрамды уюштурууга 12 кишинин тиешеси бар деген шек менен издөө жарыяланган. Алардын айрымдары сурак беришүүдө.

Атыл-батыл ачылган кылмыш иштер

Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары Азимбек Бекназаров мурдагы бийлик жетекчилеринин ишин териштирүү боюнча төрт топ түзүлүп, иш жүргүзүп жатышканын маалымдады. 7-апрелде калайман салгандардын катарында мурдагы президент К.Бакиев баш болгон 12 адамга кылмыш иштери ачылган. К.Бакиевге Кылмыш-жаза кодексинин 97, 305-беренелери боюнча сыртынан айып коюлууда. Эки же андан көп кишини өлтүрүүгө тиешеси бардыгы, ошондой эле кызматынан кыянат пайдалангандыгы үчүн аны кайтарып берүү үчүн Белорусияга тийиштүү документтер жөнөтүлгөнү маалымдалды.

- Кишинев конвенциясынын негизинде биздин Башкы прокуратура Белорусиянын Башкы прокуратурасына Бакиев Курманбекти алып келүү боюнча документтерди жөнөттү. Себеби өзүңүздөр жакшы билесиздер анын кол тийбестиги бар эле. 4-майда атайын декрет менен кол тийбестиги алынды,- деп айтты А.Бекназаров.

Экс-президенттин катарында иниси Жаныбек Бакиев, уулу Марат Бакиев, мурдагы коопсуздук кызмат жетекчиси Мурат Суталинов, мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов, мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орунбасары Нурлан Темирбаевге ошондой эле айып коюлуп жатканын А.Бекназаров ырастады.

Мурунку коргоо министри Бакыт Калыев, мурдагы президенттик аппарат жеткчиси Каныбек Жороев, президенттик катчылыктын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваная, мамлекеттик күзөт кызмат жетекчисинин мурдагы орунбасары Данияр Дунганов камакка алынып, сурак беришүүдө. А.Бекназаров мурдагы президенттин үй-бүлөсү менен жакын адамдарынын экономикалык кылмыштары боюнча 28 кылмыш иши ачылганын, алардын аракетинен өлкөгө 3 миллиард сомдук зыян келтирилип, анын 1 миллиард 300 миллион сому ордуна коюлганын кабарлады.

Максим да жок, издөө салынды

Президенттин уулу Максим Бакиев, анын өнөктөштөрү Алексей Елисеев, Евгений Гуревич, Алексей Ширшов баштаган отузга чукул адамга кылмыш иштери ачылган.

Тергөөчүлөрдүн дагы бир тобу Бакиевдердин энчисине өтүп кеткен дүйнө-мүлктүн чоо-жайын такташмакчы. Буга кошумча мурдагы бийлик тушунда жабылып калган чуулгандуу кылмыш иштерин кайрадан текшерүү, басылып алынган оокат-ашын өз ээсине кайтарып берүү аракети да жасалууда.

Кызматын таштап кетүүгө мажбур болгон мурдагы президент Казакстандан жазып таштап кеткен арызын чанып, Белорусияга баргандан кийин өзүн дагыле президент деп эсептээрин билдирип, Кыргызстандагы жагдайды калыбына келтириш үчүн укуктук талааны калыбына келтириш керектигин айтууга өттү.

- Парламентти пайдаланыш керек болчу. Аны ишке чыгарыш зарыл. Менин кызматымы да пайдаланышсын. Убактылуу болсо да мыйзамдуу бийлик болушу үчүн мен алардын талапкерин колдоого даярмын,- деп билдирди экс-президент К.Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында.

Антип алыстан туруп “укуктук талааны” унутпаган экс-президенттин сунушун жаңы өкмөт капарына ала элек. А.Бекназаров кызматын таштап качууга мажбур болушкан мурдагы президенттердин эли-жерине келишине каршы эместигин ырастап, экөөнө тең бир шарт коюларын билдирүүдө:

-Эшик ачык, экөөн тең кабыл алабыз. Бирок экөөнө тең суроолор көп. Суроого жооп берсин. Эгер күнөөлөрү болсо биз адилет тергөө, адилет сот кылып беребиз.

А.Бекназаровдун сунушу экс-президенттерге ансыз деле дайын. Расмий бийлик өкүлдөрүнөн мурдагы-кийинки президенттердин кайтып келишине каршылык жоктугу айтылып келатат. А бирок Убактылуу өкмөт расмий Минск К.Бакиевди кайтарып беришинен үмүт кылбайт.

XS
SM
MD
LG