Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

Күчтүү президент - күчтүү парламент: кайра эле тирешүүбү?


КУУнун юридикалык институтунун конституциялык укук боюнча кафедра башчысы, профессор Сүйөркул Косаков Баш мыйзамдын альтернативдүү долбоорун сунуш кылууда. Анын айтымында, Убактылуу өкмөт сунуш кылган долбоордо президент менен парламенттин "ит жыгылыш" тирешүүсү сакталып калып жатат.

- Бүгүн мына Кыргызстанда баш мыйзамды кабыл алган күн. Эмне себептен Кыргызстанда Конституция бир нече жолу өзгөрдү?

- Мунун себеби, биринчиден, президенттер Акаев менен Бакиев өздөрүнүн бийлигин күчөтүү ниетинде өзгөртүштү.

- Кыргызстанга парламенттик башкаруу ылайык деп айтылып жатат. Сиз буга кошуласызбы?

- Менин оюмча парламенттик башкаруу деген бул алсыз президент, күчтүү парламент болуп эсептелет да. Андай болсо бул классикалык түрдө алсыз президент менин оюмча, убактылуу өкмөт жараткан долбоордо жок. Экөө тең эле күчтүү бийлик болуп калып атпайбы. Президент дагы эл менен шайланганда, парламент дагы эл менен шайланганда экөөнүн арасында тирешүү болуп, баягы эле 2007-жылкы Конституциянын долбоору ошол бойдон калып атат.

- Сиз баштаган бир топ атаандаш катары Конституциянын бир долбоорун даярдаган экен. Ушул тууралуу маалымат бересизби?

- Биз баштаган топтун сунушунда эң негизгиси президентти элдик курултай шайлайт, парламентти болсо 100 пайыз партия эмес, ал жерде 40 пайызuа жакыны партиядан, дагы ошончо пайызы түз элдик шайлоо менен келет. 105 орун болсо баардыгы, анын ичинен 18 орунга региондордон жана Бишкектен келсе, анан үч орунду Кыргызстан элдеринин ассамблеясына берсе дегенбиз. Ошондо баардык элдин кызыкчылыгы парламентте болот эле деген ойдобуз.

- Конститиуциялык Сот таркатылган. Убактылуу өкмөт сунуштаган долбоордо да Конституциялык Сот жөнүндө жобо алынып салынган экен. Бул укуктук талаага кандай таасир этиши мүмкүн?

- Менин оюмча Конституциялык Сот буга күнөөлүү эмес, ошол жерде иштеп аткандар күнөөлүү. Ошон үчүн биз ошол институтту сактап калышыбыз керек. Убактылуу өкмөт аны Жогорку Соттун ичине киргизип атпайбы, бирок ичине киргизгени менен Конституциялык Сот бул конституциялык орган болгондон кийин, ал жерде да так жазыш керек эле. Биздин долбоордо болсо Конституциялык Сот эмес Конституциялык Кеңеш деп берилип атат. Бирок мурунку болгон бардык бийликтер калып атат. Анын ичиндеги мүчөлөрдүн баарын жаңыртып туруп, конституциялык көзөмөлдү калтырышыбыз керек.

- Учурда конституциялык кеңешме иштеп жатат. Орток пикир жараткан Баш мыйзам кабыл алынып калса, аны кийин кескин өзгөртпөгөндөй кылып сактап калуунун жолдору барбы?

- Элдик мүдөөлөрдүн баары ошол жерде так аткарылып, так жазылышы керек, мисалы Элдик курултай, анын ыйгарым укуктары. Элдик талаптар аткарылбаса, менин оюмча, кийин өзгөрбөйт деген эч ким кепилдик бере албайт.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG