Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:12

Роза Отунбаева: Беларус бизге К. Бакиевди өткөрүп берүүгө тийиш


Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева кыргыз-казак чек арасын ачуу, апрель окуяларында жеке колго өтүп кеткен куралдарды кайтарып алуу, К. Бакиевди жоопко тартуу үчүн Кыргызстанга кайтарып алып келүү жана тышкы саясаттагы соңку аракеттер, башка орчундуу маселелер боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Ушул учурда Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда чек аранын жабыктыгы олуттуу маселе болуп турат, айрыкча кыргыз жарандары үчүн. Ушул күндөрү чек ара ачылат деген сөз болду эле?

- Бул абдан кыйын маселе болуп кетти. Абдан көп кыйынчылыктар чыкты. Азыр биз түшүнүшүбүз керек, бул коопсуздук маселелер менен байланыштуу болчу. Көп куралдар кетип атты Казакстанга бул жерден, арзан баага сатылып. Казакстан жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп аттык. Мен да өткөн жумада Нурсултан Абишович менен да сүйлөшүп, сурандым. Кечээ Казакстанда өкмөттүн жыйыны болуп, Нурсултан Абишовичтин буйруктары боюнча чек ара четинен ачылмай болду. Четинен деген сөз бул биринчи иретте бизнес үчүн болуп жатат. Биринчи иретте, биздин бизнес структуралар өздөрүнүн продукциясын өз убагында ошол жакка алып барганга мүмкүнчүлүк түзөбүз, бара-бара чек ара толук ачылат.

- Курал жөнүндө сөз болуп калбадыбы. 7-апрелдеги жеке колго өтүп кеткен куралдарды кайтарып алуу боюнча өкмөт тараптан кандай иш аракеттер жүрүп жатат?

- Биз көп чараларды көрүп атабыз, өкмөт катары. Телевидение жана радиодон көп түшүндүрүү иштери жүрүп атты, мөөнөт да коюп бердик куралдарды ыктыярдуу кайтарып бергенге. Биздин атуулдардын ушунчалык аң-сезими жогору экен, өздөрү эле алып келип берип аткандар болуп атат.

- Убактылуу өкмөт тышкы саясатта кандай иштерди жүргүзүп жатат?

- Убактылуу бийлик Батышы болобу, Чыгышы болобу, тегеректеги кошуналардын баары менен эле тыгыз иштешип жатабыз. Биздин стратегиялык өнөктөш мамлекеттерибиздин лидерлери биз менен жакшы байланышта болуп атат. Менин орунбасарларым бир нече жолу Астанага, Москвага, Ташкенге чаап барып келишти. Биз баары менен иштеп атабыз. Бизге көп делегациялар келип атат. Абдан маанилүү элчилер келип атат Америкадан, Европадан.

Мен кечээ эле Американын президенти Обаманын Орусия, КМШ өлкөлөрү боюнча жардамчысы Майкл Макфол менен республикадагы абал боюнча баарлаштык. Бүгүн болсо Европалык Кеңештин атайын Орто Азия боюнча элчиси Пьер Морель келди. Ошентип ар бири менен атайын отуруп, булар Кыргызстанга көрсөтө турган жардамдын пакетин карап чыгып атабыз, өзүбүз айтып берип атабыз кайсы жагынан кыйналып жатканыбызды. Биз ушинтип кыйналып турганда ар бири келип, биздин акыбалыбызды сурап, бизге керектүү жардамдардын баарын карап чыгып, азыр сунуштап аткан кези.

- Ал эми азыркы учурда Беларус бийлигинин К. Бакиевди коргоп жатышы боюнча алардын пикири кандай экен?

- Эми ар бир өлкөнүн өзүнүн саясаты бар дегендей, Беларус президенти Бакиевди кабыл алды, бул анын жеке өзүнүн чечими. Биз экстрадиция жөнүндө өзүбүздүн чечимди иштеп чыктык, күнөөнүн баарын койдук Бакиев боюнча. Абдан маанилүү төрт күнөөнү койдук. Бул Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча негиз болуп жатат. Мейли, КМШнын алкагындабы, же эл аралык укуктун алкагында болобу, айтор Беларус К. Бакиевди бизге өткөрүп берүүгө тийиш.

- АКШ президентинин коопсуздук боюнча өкүлү менен жолугушуу маалында "Манас" аба майданындагы Транзиттик борбордун тагдыры боюнча сөз болдубу?

- Майкл Макфол деген бул президент Обаманын КМШ жана Орусия боюнча жардамчысы. Бул Орусия боюнча абдан күчтүү адис, профессор. Азыркы президент Обаманын КМШ тарапка жаңы бир саясаты иштелип чыгып атат. Медведев менен тез-тез жолугушуулар болуп жатат. Жакында 8-апрелде Прагада болгондо булар так ошол убакта бизде болгон окуяларды абдан кылдат талкуулап, бизге кандай жардам бере тургандыктарын талкуулашты. Андан кийин Вашингтонго Нурсултан Абишович келип калды, үчөө биргелешип Кыргызстанга бере турган жардамды талкуулашты.

Сиз база жөнүндө маселени көтөрүп атасыз. Транзиттик борборго азыркы Убактылуу өкмөттүн тиешеси жок. Бакиевдин өкмөтү менен кол коюлган келишимдин негизинде иштеп жатышат. Экинчиден, мен айтат элем, жыл сайын ар бир тараптын эч кандай проблемасы жок болсо, кайра жаңырат экен. Бул келишимди Бакиевдин өкмөтү 13-мартта жаңыртып коюптур бир жылга, бизге чейин эле. Биз жаңы эле сурап алдык ошол келишимди. Али окуй элек болчубуз, оппозицияда жүргөнбүз, азыр аны алдык.

Экинчиден, ар бир эле журналист, айрыкча чет өлкөдөн келген журналисттер ушуну сурап атты. Бизде азыр Жогорку Кеңеш жок, убактылуу өкмөт болуп атабыз. Качан мыйзам иштеп чыга турган орган пайда болгондо, биз туруктуу өкмөт болгондо гана биз бул маселеге кайрылып келе турган чагыбыз болот.

XS
SM
MD
LG