Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

Коопсуздук кеңеши эскертет: ушак айтпа!


Интернет ушак таратуунун эң эффективдүү жолу болуп калды.
Интернет ушак таратуунун эң эффективдүү жолу болуп калды.

Шайлоонун алдында Кыргызстанга карата кайсы бир күчтөр тарабынан маалымат диверсиясы уюштурулууда. Бул тууралуу билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов айрым интернет булактары аркылуу Ошто башаламандыктар кайрадан кайталанат деген чындыкка коошпогон ушак-айыңдар жарыяланып жаткандыгын белгиледи.

Мындай ушак-айыңдардын бири kginform.com/ru деген аталыштагы мурда коомчулукка анчейин белгисиз сайтта 16-сентябрь күнү жарыяланды. Анда Ошто этникалык кагылышуунун экинчи толкуну даярдалып жаткандыгы боюнча маалымат жазылган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов атайылап чыгарылган мындай имиштерге ишенүүгө болбой тургандыгын белгиледи:

- Конкреттүү датаны белгилеп, 18-20-сентябрда Ош жергесинде коогалаң кайрадан кайталанат дейт. Бул үчүн атайын даярдалган адамдар буйрукту күтүп гана олтурушат деген мазмундагы маалыматты жарыялашкан. Мына ушундай эч нерсе менен негизделбеген ушак-айыңды тартынбастан эле сайтка беришкен. Мен расмий түрдө айтам, мындай имиштерге ишенүүгө болбойт. Биздин күч түзүмдөрү күжүрмөн даярдыкта кандай гана чагым болбосун өз учурунда басууга даяр турат. Эч нерсе болбойт. Ошондуктан бул жөн эле ушак, атайын таратылган жалган сөз экендигин айтып койойун.

Мына ушуга окшогон айың-кептер жана имиштер алгач интернет булактарда пайда болуп, андан соң коомчулука таркатылып жаткандыгы айтылды. Коомчулукта коркутууну жана чуу чыгарууну көздөгөн маалыматты жарыялаган kginform.com/ru интернет сайты Кыргызстанда катталган эмес. Анын кайсы өлкөнүн аймагында катталгандыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы белгиленди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов муну шайлоонун алдындагы атайын уюштурулган чагымчыл аракеттер катары баалады:

- Бул биздин мамлекетке каршы багытталган маалыматтык диверсия болуп жатат. Муну бизде тынчтык болушун каалабаган күчтөр жасап жатышат. Бул ошол күчтөрдүн таратып жаткан маалыматы. Алар бизде кырдаал курчуса экен деген душмандык позициядагы күчтөр экендиги дайын болуп калды. Ошондуктан алар тарабынан ушундай мазмундагы маалыматтар жарыяланып жатат.

Ошол эле учурда талдоочулар ушак-айыңдардын таркатылып жатышында ички жана тышкы күчтөрдүн кандайдыр бир кара өзгөй максаты болушу мүмкүн деп болжолдошот. Анткени мындай технологияны колдонуу менен кайсы бир саясий күчтөр шайлоонун алдында коомдук пикирге таасир этүүнү көздөп жатышы мүмкүн. Ошондой ал саясий күчтөр менен алардын сырткы өнөктөштөрүнүн да кызыкчылыгы болуш ыктымалдыгы айтылууда.

Атайын кызматтын мурдагы офицери Алишер Абдымомунов мунун себептерин Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүшү коңшулаш мамлекеттердин жетекчилерине жакпай жаткандыгы менен байланыштырат:

- Кечээ Орусиянын президенти маек берип жатып, "Кыргызстанга парламенттик башкаруу катастрофа деп" чыныгы жүзүн ачып отурат. Ал жаздан бери эле кайсы жерге барбасын Кыргызстанга парламенттик башкаруу болбойт, анын кесепети коркунучтуу деп айткандан чарчабады. Бир айтып бир калбайт. Эмне ал Кыргызстанга боору ооруп ошентип айтып жатат дейсиңерби? Мындан сырткары коңшу мамлекеттердин жетекчилери да, Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы иштей баштаса өз мамлекеттерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп чочулап турушат. Ошондуктан бизде болуп жаткан аракеттер бир гана ички күчтөрдүн эмес, алардын тышкы колдоочуларынын аркасы менен жүргүзүлүп жаткандыгын байкоого болот.

Мындан сырткары Жамааттык коопсуздук уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа “Интерфакска” берген маегинде Кыргызстанда кырдаал курчуп кетиши мүмкүн экендигин айткан. Ал социалдык-экономикалык кыйынчылыктардын күчөшү партиялар ортосундагы чыр-чатактарга же этникалык араздашууга алып келиши мүмкүн деп божомолдойт.

Бирок Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Бордюжанын бул билдирүүсүн негизсиз деп баалады:

- Ал эмне үчүн, кандай өбөлгөлөргө негиздеп мындай жыйынтык чыгаргандыгын мен ачык билбейм. Бирок жанагындай экономикалык кыйынчылыктар түз эл этникалык кагылышууга алып келет дегенге кандайча ишенсе болот? Эмне биздин эл турмуштан кыйналса эле эки тарап болуп чабышкыдай макоо, маңкурт болуп калыптырбы? Июнда болгон кандуу окуя бул эки элдин урушу эмес, кара өзгөй сырткы күчтөрдүн чагымы болгондугун элдер өздөрү деле түшүнүп калышты.

Өзгөндө жакында курал-жарактын табылышы да коомчулукта ушак-айыңдардын чыгышына түрткү болгон. Марат Иманкулов Кыргызстандын укук коргоо жана атайын кызматтары ушак-айыңдардын жайылтылышына каршы чараларды күчөтүп жаткандыгын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG