Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Кооптонуу менен коштолгон майрам


Ош шаарынын жана облусунун мечиттеринде окулган айт намазга мусулмандар жылдагыдан беш-он эсе аз катышты. Муну алар коопсуздук маселесинин толук жөнгө салына электиги менен байланыштырып жатышат. Ошол эле учурда иш-чаралардын бирине катышкан облус губернатору Сооронбай Жээнбеков кооптонууга негиз жоктугун белгилеп, чогулгандарды парламенттик шайлоодо кудайга ишенген жана нысаптуу талапкерлерди шайлоого үгүттөдү.

“Орозо айт маалында июнь коогалаңы кайталанат экен” деген түрдүү кептердин эл арасында чагылгандай тез тараганына карабастан Ош шаарындагы - 40, Ош облусундагы - 714 мечитте жылдагыдай айт намазы окулду.

Бөрүбай Кадыров – Кара-Кулжа районунда жашайт. Орозо айтты утурлай Ош шаарындагы туугандарыныкына айылчылап келген. Ал Рабат Абдуллахан мечитинен чыгып баратканда буларды айтты:

- Мурунку жылдарда мусулмандар улутуна карабай айт намазга келип, ушул мечитке киши батпай калчу. Бүгүн элдин кескин түрдө азайганына жайдагы тополоңдун кесепети тийди окшойт деген ойдо калдым. Ошондуктан араздашкан тараптарга бир эле менин эмес, бүтүндөй мекендештеримдин тилеги бирдей болсо керек. Эми алар жанагындай үчүнчү күчтөрдүн тилине кирбей, анча-мынча акчасына азгырылбай, жаман жолдон кайтышканы оң. Шаарыбыздын жана мамлекетибиздин мындан аркы болочогун ойлосок, жалпы душманга каршы чогуу күрөшүүбүз кажет.

Дагы бир маектешибиз Абдухалим Ашуровду Ош шаарындагы Ал-Бухари-Алай мечитинде жолуктурдук. Ал апыртылган ушак-айыңга ишенбестен эртелеп мечитке баш багып, мусулмандык парызын аткарып кайтканына ыраазы:

- Сүйүнгөнүм, мечитке кыргыз-өзбектерден тышкары чет өлкөлөрдөн да мусулмандар келди. Айт намаз ойдогудай окулду. Имам абдан пайдалуу сөздөрдү сүйлөдү. “Имиштерди таратуу чоң күнөө болуп саналат” деди. Үйгө барганыбызда бул туурасында жубайыбыздын жана уул-кыздарыбыздын кулагына кумча куябыз го. Алар тааныш-досторуна айтышат. Ошентип ашыкча сөз тыйылат деген үмүттөмүн.

Абдухалим Ашуровдун кебине караганда, жердештерин бүлүккө салып, чагымчылык кылгандар жалпыга маалым, эми ошолорду токтоосуз жазаламайынча калк тынчыбайт.
Сооронбай Жээнбеков

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Орозо айт Ош жергесинде демейдегидей белгиленген жок. Майрам убагында унаалар каттамы азайып, көчөлөгөн элдин саны аз экендиги байкалды. Мындан тышкары коомдук тамактануучу жайлардын жана сейил бактардын дээрлик көпчүлүгү иштеген жок. Ушундай жагдай жайдагы жаңжалдан кийин кооптонуу дале күч экендигин тастыктап тургансыйт.

Ошентсе да жергиликтүү бийлик кырдаал турукташып бараткандыгын, ал эми ушак-айың тараткан чагымчыл күчтөрдү таап, кармоо аракети башталгандыгын айтышууда. Майрамдык иш-чаралардын бирине катышкан Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбеков буларды белгиледи:

- Арданбайлыбы. Эмне үчүн биздикиндей кен-байлыгы жок Түркия өнүгүп атат? Анткени бардыгы кудайдан коркушат. Алар укпайт деп ушак айтышпайт, көрбөйт деп уурулук кылышпайт. Эмне үчүн биз он тогуз жылдан бери жолубузду таппай чайналып келатабыз? Бизге, мына, кудай дагы бир мүмкүнчүлүктү ыроолоду. Баш мыйзамыбызга өзгөртүү киргиздик. Парламенттик башкаруу ыкмасын тандадык. Алдыда Жогорку Кеңешке шайлоо турат. Бул сапар адашсак эч ким кечирбейт. Мен муну саясатташтырган жерим жок. Эртең кудайдан корккон, мечитке каттаган жана намаз окуган адамдарды шайлашыбыз кажет. Мына ошондо гана ар тараптан өнүгөрүбүзгө көзүм жетет.

Тасмада: Эски Борбордук аянттагы айт намаз

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы Эски аянтта таңкы саат 8ге белгиленген орозо айт намазына 50 миңден ашуун киши (диниятчылардын баамында - 70-80 миңдей мусулман) катышты. Бишкек, Кыргызстан. 2010-ж., 10-сентябрь. MiT.

Эски Борбордук аянттагы айт намаз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00
XS
SM
MD
LG