Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

Жаңжалдын артына жашынган саясий оюндар


Жалал-Абад 14-июнь, 2010-жыл
Жалал-Абад 14-июнь, 2010-жыл

Ош менен Жалал-Абаддагы жаңжалдар кылдат даярдалып, ага этникалык өң-түс берүүгө мурунку бийлик өкүлдөрүнүн чагымчыл аракеттери түрткү берген. Мындай пикирин 15-июндагы маалымат жыйынында Убактылуу өкмөттүн 1-орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Атамбаев билдирди.

Жаамы чөлкөм коопсуздугуна коркунуч келтирген Кыргызстандагы коогалаңдын себеп-жөнүн ушу тапта Жалал-Абад облусунун коменданты кызматын өтөп жаткан Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орунбасарынын милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов “Азаттыкка” берген түз ободогу маегинде минтип ырастаган.

- Бул эски режимдин атайын даярдалган чагымчыл топтору ошол режимди кайра калыбына келтирүү боюнча жасалган чоң масштабдагы акция деп айтсак болот.

Кыргызстандын Убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орунбасарынын милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев да жаңжалдын чыгышына мурунку бийлик өкүлдөрү өзгөчө кызыкдар болушканын белгилеп, алардын кийинки амал-айлалары минтип этникалык картага байланып калганына токтолду.

- Биздин тийиштүү кызматтар тарабынан ушундай бир маалыматтар бар. Эми аны баарыбыз көрүп турабыз. Ким буларга капчык болуп жатканын. Ошол эле Бакиевдердин үй-бүлөсү, жакындары капчык болуп жатат. Кээ бир саясатчылар болсо бул жакта буларга курал болуп жатат, курал. Ошол курал, керек болсо саясатчы курал болгондо автоматтан да жаман болуп атат да.

А.Атамбаев Убактылуу өкмөт минтип капыс чоң жаңжалдын чыгып кетиш мүмкүндүгүн эсепке албагандыгын, ага каршы чаралар убагында көрүлбөгөнүн ырастады. Кырдаал кыйынга ооп бараткан чакта Убактылуу өкмөт Орусиядан Жамааттык коопсуздук уюму тарабынан көмөк көрсөтүү өтүнүчүн жолдошконун билдирди.

- ОДКБдан аскер киргиз деп сураган жокпуз.

Ушу тапта жаңжалдын чыгыш себептери, ага кимдердин кандай катыштыгы бардыгы иликтенүүдө. Башкы прокуратура тарабынан атайын тергөө топтору түзүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Башкы прокуратуранын пресс-кызматынын жетекчиси Улан Дыйканбаевдин ырасташынча, буга чейин эле тергөө-тескөө иштери башталган.

- Массалык башаламандыктар жана киши өлтүрүү боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча 4 киши кармалган. Ош шаарынын тургундары, 4 киши кармалган. Анан Жалал-Абад обласы боюнча 14-июнда кылмыш иши козголду.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев өлкөнүн түштүгүндө болгон жаңжалдарга эч кандай тиешеси жоктугун Минскиден билдирип, жаңжал жаштар ортосунда кайсы бир оюн-зоок жайынан чыгып, ыкчам тарап кеткенин маалымдады.

- Жаңжалды тезинен токтотуп, ага ыкчам мамиле кылуунун ордуна жергиликтүү бийлик, Убактылуу өкмөт же байкамаксанга салып же мындан эч нерсе чыкпайт дегендей түр көрсөткөн. Натыйжасын көрүп жатасыздар. Набыт болгондор өтө көп. Мен жарадар болгондорду, качкындарды айтпай эле коеюн. Ошондуктан өзүңдүн айыбыңды бирөөгө жармаштыра коюу жарашпайт. Баарын мага, үй-бүлөмө, жакындарыма, мурунку жетекчилерге шылтоону токтотуш керек.

Ошентип өлкөнүн түштүгүн каптаган жаңжалдын себепкери катары азыркы өкмөт мурнкуларын күнөөлөсө, алар айыпты кийинкилерине оодарууда. Опуртал саясий оюндун кууралы барып-келип эле карапайым калктын башына түшүүдө. Жаңжалдан ажал тапкандардын жаркын элесин эскерүү 16-июнга белгиленди. Бул күнү Кыргызстан аза күтөт.

XS
SM
MD
LG