Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

А. Атамбаев: Күчкө таянган бийлик көпкө турбайт


Оппозиция лидери Алмазбек Атамбаев "Азаттыкка" берген маегинде эртеңден тарта Бишкектен Балыкчыны көздөй жөө жүрүш башталаарын билдирди.

- Алмаз мырза, бүгүн бүткүл өлкөдө сиздер шайлоого нааразы эл чыгып өзүлөрүнүн ой-пикирлерин билдирет деп айттыңыздар эле. Бул канчалык деңгээлде ишке ашты?

- Бүтүн өлкө деп айтсак болот, ар бир облуста, ар бир региондо эл митингдерге, жүрүштөргө чыкты. Бирок ар бир региондо тилекке каршы бийлик бүт мыйзамдарды бузуп туруп, тынч митингге чыккан элди камап, сабады. Бул бийлик өзүнүн мыйзамсыздыгын дагы бир жолу көрсөттү. Бул бийликке мыйзам жок, 300 жыл мурунку Кокон, Кудаяр хандын бийлигине окшоп баратат, андан да өтүп баратат.

- Көчөгө, жөө жүрүшкө чыккан адамдарды Бишкек шаарында эле байкадык, кармап кеткендер болду милиция кызматкерлери?

- Кармап атат Бишкекте, Чүйдө, Нарында, Таласта, баардык жерлерде. Канчалык кармаса деле Чүйдүн батыш жагынан келип атат шаарга. Эртең менен биз тынч жөө жүрүштү улантабыз. Эртең кеңсенин алдынан эртең менен саат ондо чыгабыз. Башында өзүм болом, фракциянын айрым депутаттары, бир тобу региондордо. Эртең тынч жүрүштү Балыкчыны көздөй улантабыз. Анткени Балыкчыда добушту коргойбуз деп чыккан балдарды провокация уюштуруп камап, 30дан ашык биздин активисттерибиз камакта отурат. Аларды 3 берене менен камайын деп атыптыр. Биринчиден, шайлоого тоскоолдук көрсөткөн деп. Шайлоого ким тоскоолдукту көрсөткөнүн көрүп атабыз да. Экинчи дагы бир берене тополоң уюштурган деп. Тополоңду бийлик уюштуруп атат. Өздөрүн-өзү камаса болмок ушул берене менен чындыгында. Элибиз тынч эле чыгып атат. Биз мисалы төңкөрүш даярдаган жокпуз да. Бийлик күчкө салып атат. Албетте бул элдин кыжырын эле келтирип атат. Күчкө таянган бийлик эч бир мамлекетте көпкө туралчу эмес.

- Ушул жөө жүрүштө сиздерди кармап кетсе кандай болот?

- Эми Кудайдын жазганы болот. Эл кандай көрөт аны да бийлик ойлонушу керек.

- Бүгүнкү маалымат жыйынында айрымдар “Атамбаев үгүт жүргүзгөнүбүз үчүн бизге акча төлөгөн эмес 5 миң сомдон, ошон үчүн элге келип кайрылып атабыз деп айтышты...

- Атамбаев эч кимге төлөгөн эмес. Керек болсо эл өзү акча көтөрүп келип атты, пенсияларын которуп атышты. Акча үчүн иштегендер алар Бакиевге иштегендер. Ошолор уюштуруп атат ушундай провокацияларды.

- Мына жакынкы арада саммит өткөнү турат, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга чогулганы турат. Дегеле азыркы акыбал боюнча кандай кайрылууңуз бар ошол башчыларга?

- Бүгүн биздин штабдын активисттери, БЭК кайрылууга кол койду, уят бул жака келгениңер деп. Бул жакты көрүп атасыңар, такыр эле демократия тепселип атат, кордоп атат элди булар басмырлап, албетте элибиз манкурт эмес, элибиз эч нерсе унутпайт. Азыр ЖККУ деп шылтоо менен келсе коңшу өлкөлөрдүн башчылары, кыргыз эли да аны унутпайт, уят болот өздөрү. Анын үстүнө көрүп турасыңар, кээ бир коңшу өлкөлөрдүн башчылары дагы эле куттуктай элек БШКнын чечими чыкканы менен.

- Маегиңизге рахмат.

А. Атамбаев: Күчкө таянган бийлик көп турбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:36 0:00

XS
SM
MD
LG