Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Курманбек Бакиев: Кыргызстанга кайра барайын деген оюм жок


Курманбек Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 23-апрели.
Курманбек Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 23-апрели.

Учурда Беларустун баш калаасы - Минскиде жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев бүгүн "Азаттыктын" кечки түз обосунда суроолорго жооп берди. Экс-президент Убактылуу өкмөт азыр баарын эле Бакиевдерге шылтап жатат, мамлекетти башкаруу алардын колунан келбей жатат деп эсептейт.

- Сиз мына бир айдай болуп калды алыста жүрөсүз, бирок Кыргызстандан, асыресе кичи мекениңизден кабар алып турсаңыз керек. Ал жердеги окуялар жөнүндө эмне деп ойлойсуз?
14-майдагы Жалал-Абаддагы тополоңдон кийин Бакиевдердин өрттөлгөн үйү, Тейит айылы.

- Кабар алып турам, айрыкча өзүңүз айткандай кичи мекенде болгон окуяны угуп, абдан капа болдум. Мыйзамсыз десем да туура келет. Бирок мындай болот деп эч кимдин да оюна келбесе керек. Ошол жерде 90го чыккан аксакалдын, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин үйүн өрттөшүп, анын күнөөсү эмнеде, же болбосо менден кийинки рамаатылык Жусуп Салиевич, 2006-жылы каза болгон, ал тогуз жылдан ашык салган ошол тамды, там деле чоң бизнесмендердин үйлөрүнөн эмес, баргандар билет, аны өрттөп эмне кылат? Анын күнөөсү эмнеде? Айыл өкмөт болуп иштеген Каныбек Салиевич, ал мен президент болгуча айыл өкмөтү болуп шайланган. Анын күнөөсү эмнеде? Кийинки экинчи мөөнөткө да шайланган, мөөнөтү бүткөндөн кийин ишин тапшырып жумушсуз эле жүрбөдүбү. Ал он жылдан ашык үйүн салган, ага да биз бир туугандары жардам берип салганбыз. Аны өрттөп эмне кылат? Эми башаламан, чаң-тополоң эле болуп атат. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү деле, жергиликтүү бийликтин башчылары деле элдин камын, мамлекетти ойлобой эле, жекеме-жеке кандайдыр бир эсептешүүгө чыкканбы, билбейм иши кылып...
Азыр Убактылуу өкмөт эмне болсо дагы баарын Бакиевдерге жүктөй берет. Буларда мындан башка жол жок, себеби мамлекетти башкаруу колунан келбей атат.

- Ушул жерден биздин бир окурманыбыздын сайтыбызга түшкөн пикирин келтире кетейин Тейиттеги үйлөр жөнүндө. “Мен да ойлойм туура эмес, бирок элдер, чоңдор көрсүн, эмкиси дагы Акаевдин, Бакиевдин артынан кетчү болсо, аны булардан да жаман кылыш керек” деп жазыптыр. Сиздин кабарыңыз бар болсо, кечээ Жалал-Абадда тополоң учурунда дагы эки киши каза тапты, 70тей киши жарадар болду. Убактылуу өкмөт бул жолу да козголоңду бакиевчилер уюштурду деген билдирүү жасады. Сиз буга кандай жооп кайтарасыз?

- Азыр Убактылуу өкмөт эмне болсо дагы баарын Бакиевдерге жүктөй берет. Буларда мындан башка жол жок, себеби мамлекетти башкаруу колунан келбей атат. Бул Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баардыгын кыргыз эли абдан жакшы билет, кимиси кайсы кызматта, кантип иштеген. Башкаралбай жатпайбы. Элдин камын көрүш керек эле, элди ойлош керек эле. Экономиканы айтпай эле койоюн, канча жыл артка кетти. Мамлекеттин, биздин атуулдардын коопсуздугун камсыз кылалбай жатышат. Коопсуздукту камсыздоо үчүн ошондой тополоңдорду токтотуш керек да.

- Мисалы биздин угармандар, окурмандарыбыздын жазгандарына таянсам, Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн атынан акча таратылып жатканын бизге жазып атышат?

- Акча таратмак тургай азыр сурап көрсөңүз, менин бир туугандарым кимиси кайда, кантип жүрөт, баарынын үстүнөн иш козгоп, бардыгы башаламан, бири-бири менен байланышмак турмак, чачырандыда жүрүшөт. Ушундай акыбалда булар акча берип, бир нерсе уюштурмак беле. Ал туура эмес, ал жалган сөз, мунун баардыгы эле калп сөз.

- Сиз жакындарыңыз жөнүндө айтып калдыныз, интернетте Максим жана Жаныш Бакиевдердин телефон сүйлөшүүсү делинген тасма жарык көрдү. Сиз балким аны угуп чыктыңыз. Ошол тасмада айтылгандарга ишенсек, уулунуз менен иниңиз төңкөрүш, бийликти алууну пландап жатышыптыр. Сиз алар менен байланышып турасызбы?

- Мен ачык айтып койоюн, бир туугандарымдын бири менен да байланышта эмесмин азыр. Себеби мен билем, эгерде мен бирөө менен сүйлөшсөм, балдарым болобу, бир туугандарым болобу, бирөө менен байланышка чыксам, анда өзүңүз айткан иштердин көбүн мага жүктөшөт. Ошондуктан мен бири менен да байланышка чыккан эмесмин, чыкпай да жатам.

- Ошол тасмада, Максим, биз шефти, мындайча айтканда сизди кайра бийликке алып барышыбыз керек деп атат. Бирок сиз ага "жок" деп, көнбөй жатыптырсыз. Ушул туурабы?

- Мен Кыргызстандан, айылдан чыгып баратканда, Назарбаев жана Путин менен сүйлөшкөндө ушинтип сүйлөшкөнбүз, ушул түндүк-түштүк болуп катуу согуш чыгып кетпесин, эки жактагы эл чабышып кетпесин, мен чыгайын дедим берки кесиптештер менен сүйлөшкөндөн кийин. Бирок эгерде артыман куугунтук кылбай, бир туугандарымдын артынан түшпөй, мамлекетте стабилдүүлүк боло турган болсо, мейли мен Кыргызстандан чыгып кетейин дегем. Ошонун негизинде мен чыгып кеткем. Ошондон бери эмне болуп атат мына?

- Балдарыныз кайда жүрөт, Максим менен Марат?

- Мындай кылалы, азыр балдарымды тим эле койсок. Туугандарымдын абалы өтө оор.
К. Бакиевдин кенже уулу - Максимге Интерпол издөө салган.

- Маалымат тарап кетти да... Максим менен Жаныш Бакиевдердин телефон сүйлөшүүсүн азыр кыргызстандыктар да көпчүлүгү эле интернеттен көрсө керек. Ошол иш чын болуп чыкса, сиз аларга айтат белеңиз, токтогула, андай аракетти кылбагыла, кан төгүлбөсүн деп?

- Сөзсүз. Себеби мен айттым, азыр Кыргызстанга кайра бара турганга шарт, мүмкүнчүлүк жок, менин андай оюм да жок. Мен өткөндө эле айткам, бул чыныгы куралдуу төңкөрүш болду. Куралдуу төңкөрүштүн негизинде эч кандай күнөөсү жок балдар каза болду. Ошондуктан убакыт өткөндө баары такталат. Мен ишенем буга толук. Буга бир топ убакыт керек. Балдар өз ара сүйлөшүп, тигиндей-мындай аракет кылып атса, эми алардын мүмкүн ошондой ойлору бардыр, болгон болсо керек. Бирок мен буга өткөндө эле жооп бергем, андай оюм жок деп.
Бул азыркы келгендер өздөрү демократия деп жүрчү эле, бирок демократиянын жыты да жок азыр.

- Демек сиз аларга дагы токтогула, антпегиле деп айтасыз?

- Сөзсүз.

- Жалал-Абаддагы, түштүктөгү тарапкерлериңизге эмне деп айтат элеңиз, ушундай кан төгүүлөрдү болтурбаш үчүн?

- Эмне дейт элем мен, мен жалпы кыргыз элиме айтат элем, биринчиден, кандай гана иш болбосун акыл менен кылыш керек, сабырдуулукка чакырат элем. Бийликте турган бүгүн Убактылуу бийлик мүчөлөрүн, жергиликтүү бийликтин жетекчилерин сабырдуулукка чакырат элем биринчиден. Акыл менен иш кылалы, эмоцияга берилбейли. Эмоцияга берилгенден кийин ар кандай абал курчуп, эки жактан тирешип, абал мындан да оор болуп кетиши мүмкүн. Ошого жеткирбеш үчүн, кичине токтолуш керек. Эмоцияга, кызуулукка берилип чечим кабыл алганда туура эмес болот. Мен угуп атам, азыркы өкмөт мүчөлөрүн колдоосу менен Бишкекте эмне болуп атканын, чакан бизнесмендердин мүлкүнө, ишканаларына кол салышып... Иши кылып коркутмай-үркүтмөй. Бул азыркы келгендер өздөрү демократия деп жүрчү эле, бирок демократиянын жыты да жок азыр.
К. Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында, 23-апрель, 2010

- Курманбек мырза, сиз азыр айттыңыз мен Кыргызстанга баары бир кайтып барбайм деп. Сиз тарапкерлериңизге айта аласызбы, менин таламымды талашпай эле койгула, тынчыгыла деп?

- Мен ойлойм, ал жерде азыр менин таламымды талашпай эле, маселе башка жакта болуп атса керек. Интернетке чыккан маалыматтан башка, менде деле маалымат жок. Бирок менин таламымды талашып эл көчөгө чыккан жок азыр. Азыр жергиликтүү бийлик, убактылуу өкмөттүн башкаруусуна нааразы болуп чыгып атса керек деп ойлойм мен.
Эгер ушундай куралдуу төңкөрүш даярдалып атканын билгенибизде, анда биз мүмкүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна, башка мамлекеттерге кайрылып күч топтоп, мындайга жол бербешке аракет кылат элек.

- Бир айдан кийин Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору элдик добуш берүүгө алынып чыгат, аны менен бирге Роза Отунбаевага өткөөл мезгилдин президентинин ыйгарым-укуктарын жүктөө маселеси да коюлмакчы. Ушундай жагдайда сиз өзүңүздү дагы эле президент деп эсептейсизби?

- Мен билдирүү жасап кетпедим беле, ушундай окуя болгондон кийин, ушундай окуяны алдын ала билбей... Эгерде билгенибизде Бирок мындай кандуу окуя болду. Ошондуктан бул жерде азыр, булар мамлекеттик система башкаруусун өзгөртөбүз деп атат, уктум мен парламенттик формага өткөрсөк деп атканын. Бирок мен ойлойм, андай системада бизде экономиканы өнүктүрүп-өстүргөнгө шарт түзүлбөйт, парламенттик формага келгенден кийин ар бир партия өз кызыкчылыгынын артынан иштеп, депутаттар топ-топ болуп бөлүнүп, парламенттин ишин жакшы билесиңер өзүңөр деле. Биз араң эми-эми нукка салып койдук эле, бул дагы болбой калды. Мен ойлойм, Конституцияны реформа кылса, ага эл өзү деле баасын берер. Бирок мындай системага барган эффект бербейт.

- Сиз партия жөнүндө айтып кеттиңиз, азыр “Ак жол” партиясынан чыгып жаткандар көбөйдү. Сиз кандай дейсиз, ошол адамдар башынан эле бийликке жагынуу үчүн кошулган адамдарбы, же лидери жок болгондон кийин партия иштеп кетпейт деп санагандарбы?

- Себеби ар кандай болушу мүмкүн. Кандай гана партия болбосун, ал жака капыстан кирип калгандар болушу мүмкүн “Ак жол” партиясынын катарына киргендер да орусча айтканда, "случайный" кишилер болуш калышы мүмкүн. Ар кандай болушу мүмкүн, ар бир атуулдун өзүнүн укугу - партияга киреби, чыгабы, өздөрү чечиш керек.

- Рахмат сизге.

XS
SM
MD
LG