Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Оппозиция бир партияга биригүү жолунда


БЭК бирдиктүү саясий партия түзүү аракеттерин улантууда. Бул маселе кыймылдын келаткан аптадагы жыйынында кайрадан күн тартибине коюлат.

Президенттик шайлоодон кийин көтөрүлгөн БЭКти бир партияга айландыруу демилгесин ишке ашыруу аракеттерин баштоо чечими кыймылдын 9-сентябрдагы отурумунда кабыл алынган. Ушул эле жыйында СДПнын лидери Алмаз Атамбаев кыймылга төрага болуп шайланган.

Коомчулукта БЭКке төраганын шайланышы оппозициялык бир бүтүн саясий уюм түзүүгө жасалган алгачкы кадам катары бааланууда. Ал эми кыймылдын мүчөлөрү төраганын шайланышы менен БЭКтин катары тазаланып, позициясы мындан да күчтөнөт, олуттуу өзгөрүүлөргө жол ачылат деген ишенимде болушууда.

- Идеологиясы,программалык максаттары бир багыттагылар бир партияга айланат,ал боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мүмкүн эки партия пайда болот. Социал-демократиялык багытта СДП менен “Ата Мекен” партиялары бириксе, кыргыз улутунун кызыкчылыгын биринчи орунга койгон саясий партиялар бар. Алар мүмкүн улуттук патриоттук бирикме түзүшөт,-деп билдирди БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев.

Кыймылдын бир партияга биригүү дымагынын ишке ашышы биринчи кезекте анын өзөгүн түзгөн оппозициялык эки башкы партия – СДП менен “Ата-Мекен” социалисттик партиясынын бир пикирге келишинен көз каранды.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев бул эки партиянын биригиши саясий күрөштө туруштук бере турган оппозициялык күчтүн жаралышын шарттайт деп эсептейт:

- Негизи бул эки партиянын максаты жана программасы,идеологиясы бир болуп жатат. Ошондуктан эки ири оппозициялык партия бириксе туура эле болот, анткени учурда Кыргызстандагы саясий кырдаал ошону талап кылып жатат.

Анткен менен эки оппозициялык партия лидерлери партиялардын ирилешиши бүгүнкү саясий кырдаалдын талабы экенин белгилешкени менен, анын качан, кандай шартта ишке ашары тууралуу так кесе, ачык пикирин айтыша элек.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин беллгилешинче, СДП менен “Ата Мекен” партиясынын багыты жана идеологиясы бир болгону менен, анын бир күчкө айланышы аны ишке ашыруу механизмдерине жараша болот:

- Биз партиялардын ирелешин колдойбуз деп буга чейин да айтканбыз. Бирок ирилешүү, биригүү процесстери кандай болот, кандай формада өтөт, муну партиянын активистттери менен сүйлөшүүлөр аныкташы керек.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, “Кут” партиясынын төрагасы Болот Жанузаков БЭКтин мындай демилгесинен майнап чыгарынан күмөн санайт:

- Бир нече партиянын биригип, бир партия тузүшү бүдөмүк ойду жаратып коюшу мүмкүн. Бир партия түзүүгө жетише алабы, ошого акыл-эси жетеби, бул - келечектин иши. Менин оюмча бул аракеттен эч майнап чыкпайт.

Өткөн жылдын этегинде түзүлгөн БЭКтин курамына алгач 13 оппозициялык саясий партия, жоон топ коомдук-саясий ишмерлер киришкен. Президенттик шайлоо алдында кыймылдын курамынан “Асаба” жана “Ак шумкар” партиялары чыгып, шайлоого өз алдынча катышкандыгы маалым.

XS
SM
MD
LG