Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Айыпталып жаткан мурдагы атка минерлер жоголду


Апрель окуясы боюнча соттун алгачкы отуруму, азыр дайыны чыкпай жаткан үч айыпталуучу тең бул отурумга катышкан, 17-ноябрь.
Апрель окуясы боюнча соттун алгачкы отуруму, азыр дайыны чыкпай жаткан үч айыпталуучу тең бул отурумга катышкан, 17-ноябрь.

Апрель окуясы боюнча айыпталган мурдагы бийлик төбөлдөрү Оксана Малеванаяга, Каныбек Жороевге жана Нурлан Турсункуловго издөө жарыяланды.

Ага апрель окуясы боюнча айыпталып, үй камагында жүргөн мурдагы президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев жана мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловдун дайын-дареги белгисиз болуп жатканы себеп болду.

Белгисиз багыттын учу табылабы?

Оксана Малеваная
Апрель окуясы боюнча 22-ноябрга которулган сот жараянына Оксана Малеваная, Каныбек Жороев жана Нурлан Турсункулов келбей жатканына байланыштуу эки жолу тыныгуу жарыяланып, андан соң аларды күч менен жыйынга алып келүү чечими кабыл алынды. Бирок күндүн экинчи жарымында мамлекеттик айыптоочу аталган үч айыпталуучу үй-бүлөлөрү менен белгисиз багытка чыгып кетишкендиги дайын болгондугун кабарлады. Мына ошого байланыштуу ал соттон аталган адамдардын баш коргоо чарасын өзгөртүп камакка алууну өтүндү.

Мындай сунушту колдогон жабырлануучулардын коомдук жактоочусу Осунбек Жамансариев аларды тез арада издеп таап, камакка алуу боюнча соттук аныктама чыгарууну өтүндү:

- Мен прокурордун өтүнүчүн толугу менен колдойм. Анан алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүңүздү сурайм. Баягы нерсе дагы башталып жатат. Алар чек арадан өтүп кетиптир, жок деген шылтоо менен соттук олтурумду создуктуруу аракети болуп жатат. Ошондуктан алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп туруп, жараянды уланта берүүнү талап кылабыз.
Каныбек Жороев

Бирок айыпталуучулардын жактоочулары мындай өтүнүчтөр менен макул болушкан жок. Алар өздөрү коргоп жатышкан адамдар сот жоопкерчилигинен чындап эле качып жаткандыгын көрсөтүп турган далилдер жок деп эсептешет. Ошондуктан Каныбек Жороевдин жактоочусу Любовь Иванова аларга издөө жарыялап, камакка алууга азырынча мыйзам жол бербей тургандыгын белгиледи:

-Сотко эки жолу чакырганда экөөндө тең келбей койсо, анан дагы сотко келе албай жаткандыгынын себептерин айтпаса ошондо гана издөө жарыялап, анан сот олтурумун уланта берсе болот. Ошондуктан кийинки олтурумга чейин күтүүнү өтүнөм.

Буга чейин аталган айыпталуучулар үй камагында олтурушуп, тергөө менен кызматташып келишкен. Ошондой эле 17-ноябрь күнү апрель окуясы боюнча соттун алгачкы жыйынына катышышкан болчу.

Капылет жоголууга карабай сот улана берет

Сот жараянына байкоо салып жүргөн коомдук байкоочу Ниязбек Куланбаев апрель окуясы боюнча айыпталып жатышкан атка минерлердин кокустан жоголуп кетиши бийлик үчүн абийир алып келбейт деп эсептейт:

- Буга болгон элдин маанайы кандай болоору бүгүн-эртең билинет да. Үй камагында олтурат деген кишилердин кайда чыгып кеткендиги белгисиз болуп же документтери жок болуп жаткандыгы бийлик үчүн өтө уят иш. Үй камаганда олтурган адамдарды көзөмөлдөп туруштары керек болчу. Бул биздин укук коргоо органдарынын шалаакылыгы же атайылап жасалган нерсе болуп калды.
Апрель окуясы боюнча сот жараянынан, 17-ноябрь.

Сотко төрагалык кылуучу Жакыпбек Бектемиров мамлекеттик сотко келбей, дарегин билгизбей жатышкан айыпталуучуларды камакка алуу боюнча өтүнүчтү канааттандырды. Ошол эле өтүнүчтүн негизинде сот жараяны алардын катышуусуз уланта берилмекчи.

Бирок ошол эле учурда УКМК алдындагы чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков бул үч айыпталуучу өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтарды "Азаттыкка" төгүндөдү. Анын айтымында, Кыргызстандын чек араларындагы өткөрүү пункттарынан Каныбек Жороев, Оксана Малеваная жана Нурлан Турсункулов аттуу адамдар өткөн эмес жана апрель окуясы боюнча айыпталып, сотко келбей, жашаган жери белгисиз болуп жаткан бул адамдардын Кыргызстандан учак, темир жол аркылуу өтпөгөнү да маалымдыгын, алар дипломаттык жолдор менен да өтүп кете албайт.

7-апрелдеги Акүйдүн алдындагы массалык адам өлтүрүү фактысы боюнча 28 адамга айып коюлган. Алардын ичинде Акүй аткаминерлери Оксана Малеваная, Каныбек Жороев жана Нурлан Турсункулов да бар.

Тасмада: апрель окуясы боюнча 22-ноябрдагы сот жараяны.

XS
SM
MD
LG