Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

А. Бекназаров: Үй камагындагылар соттон качуу амалында


Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында, 2010-жылдын 14-сентябры.
Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында, 2010-жылдын 14-сентябры.

Вице-премьер-министр А. Бекназаров үй камагындагы мурдагы үч төбөлдүн сотко келбей коюшун жараянды үзгүлтүккө учуратуу аракети катары баалайт.


"Азаттык": Оксана Малеваная, Каныбек Жороев жана Нурлан Турсункулов белгисиз тарапка чыгып кетти деген маалымат тарады. Анын канчалык чындыгы бар?

Азимбек Бекназаров: Азыр анын чындыгы жок, факт, алар сот процессине келишкен жок. Чет өлкөдөбү, же үйлөрүндө жатабы аны эч ким билбейт. Эгер ооруп кала турган болсо, же зарыл иш чыгып кала турган болсо адвокаттар айтат эле ушундай зарыл иши чыгып калды деп. Ырас, эч ким билбей атса, адвокаттар өздөрү билбей атса, ошондой болжолдоого туура келип атат, булар атайын сот процессинен жашынды деген. Ошондуктан бөгөт коюу чарасы өзгөртүлөт, издөө жарыяланат, табууга аракет кылынат.

"Азаттык": Эгерде чет өлкөгө чыгып кетсе, ким жоопкер болуш керек, үй камагында турса кандайча чыгып кетиши мүмкүн?

Азимбек Бекназаров: Издөө жарыяланат. Мурда камакта болгон булар, анан өздүк кепилдикке алган адамдар бар да, биз качырбайбыз, сотко алып келебиз деген, ошол кишилерге айып пул салынат. Бул кишилерге издөө жарыяланат, сот процесси жүрө берет, келбесе деле сырттан өкүм чыгарылат. Булар качып кеткени үчүн өздөрүнө кошумча кылмыш иш козголбойт, болгону санкциясы, бөгөт коюу чарасы өзгөрүлөт. Мыйзамда ошондой, мен мыйзамдын жоболорун айттым сиздерге.

"Азаттык": Чыгарып, чыгып кетээрине алдын ала бөгөттөөчү жагдайлар жокпу мыйзамда?

Азимбек Бекназаров: Буларды чыгарбоо боюнча 7-апрелден бери чек араларда, аэропорттордо бардыгында булардын тизмелери бар, чек ара кызматкерлери буларды чыгарбаш керек, Кыргызстандан чыкпоо боюнча атайын каттар берилген. Бардык посттордо бар, каттоого алынган.

"Азаттык": Эл аралык уюмдар, же башка элчиликтер, башка мамлекеттер кепилдик алып чыгарып кетиши мүмкүнбү?

Азимбек Бекназаров: Ошондой болушу деле мүмкүн. Бирок бары бир жашыруун алып кеткен болот да, ошондойлору билинип кала турган болсо, ошол өлкөлөр менен эл аралык норманын негизинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, эмне үчүн мындай болуп атат деп.

"Азаттык": Сот процессинин стабилдүүлүгүнө тескери таасир этпейби, эгерде булардын чыгып кеткени чын болсо?

Азимбек Бекназаров: Биринчи күндөн баштап эле сот процессин үзгүлтүккө учураталы деген аракеттери көрүнүп атпайбы булардын. Болор-болбос шылтоо менен сот процессин үзгүлтүккө учуратып кетип калып атышат. Убактылуу өкмөткө эмне деген гана талаптарды койгон жок, талаптарынын баарын аткардык, даараткана деди, өзүнчө даараткана коюп бердик, жарык начар экен деди, Аны коюп бердик, бардык адвокаттарга бир эле микрофон экен деди, 3-4 микрофон коюп бердик, талаптарынын бардыгын аткардык, анан айласы кеткенде булар качып кутулалы деди окшойт. Бул дагы сот процессин үзгүлтүккө учуратабыз деген саясаттын бири. Күнөөлөрү бар экенин билет өздөрү, ошон үчүн качып атат да. Күнөөсү жок адам, тескерисинче сотко келип, менин күнөөм жок демек.

"Азаттык": Спорт ордосунан башка чаканыраак жайларга өткөрүү мүмкүн эмес беле?

Азимбек Бекназаров: Силер бул жөнүндө бир айдан бери жазып атпайсыңарбы. Биз деле аргабыз кетенден кылып атабыз да. Анткени ар бир соттун катышуучусу сот процессине катышууга укугу бар. Аны бөлүп кароого, жарымыңар сыртта туруп тургула дегенге мүмкүн эмес. Жабырлануучулар өзү эле, өлгөндөр менен ок жегендердин туугандарын кошкондо 500дөн ашып атат, соттолуучулардын туугандарын кошсо дагы жүзү келип атат, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, прокурорлор келип атат. Андай чоң сот залы жок экен да, анан ушул чоң спорт сарайды алдык, же Ала-Тоо аянтында өтүкөрүүгө туура келет. Андай чоң сот залы жок. Жогорку сот 200 кишилик экен, ошол жерге алып барып өткөрүп койгондо, илгери Аксы окуясында 7 киши өлгөндө ошол жерге батпай сотпрофтун залында өткөргөнбүз. Эгерде батпай калса, сот процесстин укугун бузуп атат деп чоң саясат кылса болот эле. Бүгүн биз бардыгын камсыз кылып бергенден кийин, сотту үзгүлтүккө учуратуудан башка аргасы калбай калды булардын.

"Азаттык": Үзгүлтүккө учурайт деп ойлосузбу?

Азимбек Бекназаров: Учурабайт, биз бардык шартты карап атабыз. Сотту үзгүлтүккө учуратабыз дегендердин тилегин таш каап атат. Соттук процесстерди болтурбайбыз деген күчтөр бар, болбой калса экен деп. Анын көпчүлүгү чет өлкөдө жүрүп атат. Өзүнүн мурдагы жан-жөкөрлөрү менен акчаны аябай иштетип атышат, айрым эл аралык укук коргоо уюмдардын өкүлдөрүн, укук коргоочуларды аралаштырып атышат, саясий күчтөр туруп атат. Биз бардыгын билебиз, ушул сот процессин кандай болсо да өткөрбөш керек деген. Бул бакиевчилердин акыркы күрөшү. Сотто бардыгы билет кимиси эмне кылганын. Ошону уккусу келбей, ушул жерде отурганы да качып кетип атат.

"Азаттык": Буларды ким издеши керек, издегенге канча мөөнөт берилет?

Азимбек Бекназаров: Мөөнөт берилбейт, тапканга чейин издей берет. ИИМ, УКМК издөө иштерин жүргүзөт. Анан таппай келсе, сотко айтат, Кыргызстанда жок, табылбай атат деген документтерин беришет, ошого жараша сот процессин улантуу, улантпаш төрагалык кылуучунун укугу, ошол киши чечим алат. Азыр алып баруучу нерсесин берди, прокуратурага да берилет, жалпы көзөмөлдү прокуратура органдары кылат. Буга мөөнөт берилбейт, төрагалык кылуучуга бир сутканын ичиндеби, же эртеңби, качанга чейин сот процессин жылдырса, эртеңки тогузга чейин десе, эртеңки тогузга чейин булар справка түзүп келет.

"Азаттык": Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG