Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Апрель окуясы боюнча соттун жылышы нааразылыкка алып келди


Соттун жылдырылышына нааразы болгон жабырлануучулар Жогорку Кеңештин алдына митинге чыгышты, 18-ноябрь 2010-жыл
Соттун жылдырылышына нааразы болгон жабырлануучулар Жогорку Кеңештин алдына митинге чыгышты, 18-ноябрь 2010-жыл

Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү 22-ноябрга калтырылды. Ага жактоочулар коопсуздук сакталбаганын айтып, сотко келбей коюушу себеп болду.

Соттук териштирүүлөрдүн жылышына нааразы болгон жабырлануучулар Жогорку Кеңештин алдына митинге чыгышты. Вице-премьер министр Азимбек Бекназаров менен сүйлөшүүдөн соң алар 22-ноябрга чейин тынч күтө тургандыктарын, сотто тартип сакталаарын убада кылышты. Жакточулар болсо коопсуздук толук сакталмайынча ишке киришпей турганын билдирүүдө.

Жабырлануучулар соттун жылышына нааразы

Апрель окуяларына байланыштуу Бишкектеги спорт ордосунда өтүп жаткан соттук иштин кийинкиге калтырылышы жабырлануучулардын нааразачылыктарын туудурду. Соттун үзгүлтүксүз улануусун талап кылган жабырлануучулар Жогорку Кеңештин алдына митинге чыгышты. Алар айыпталуучулардын жактоочулары келбесе, алардын ордуна мамлекеттик жактоочуларды берүү талабын да көтөрүштү.

Соттун жылдырылышына нааразы болгон жабырлануучулар Жогорку Кеңештин алдына митинге чыгышты, 18-ноябрь 2010-жыл
Митинге чыккандар вице-премьер министр Азимбек Бекназаров менен сүйлөшүүгө жетишти. Чогулгандардын арасынан шайланып чыккан 15 киши вице-премьер-министр менен сүйлөшкөндөн кийин 22-ноябрдагы соттук териштирүүлөргө чейин күтө тургандыктарын, кийинки соттук териштирүүдө тартип сактоого көңүл бурулаарын айтып чыгышты.

Сүйлөшүүгө кирип чыккан “Мекен шейиттери” кыймылынын мүчөсү Аида Босунованын айтымында, Азимбек Бекназаров жабырлануучуларга соттун ишине кийлигишүүгө болбой тургандыгын, өз кезегинде жабырлануучулар да тартипти сакташы керектигин билдирген:

- Бекназаров сот ак-караны чечет деп айтты. Өзүңөр прокурор сүйлөгөнгө чейин убакыт бербей койдуңар ызы-чуу болуп деп, мен өкмөттөмүн тиешем жок дейт. Силер өзүңөрдүн укуктарыңарды пайдаланып тынч отуруп уккула дейт. Эми биз жыйырма экисиндеги сотту жакшынакай эле күтөбүз. Күнөөнү, прокурорду угабыз. Өзүбүздүн жактоочуларыбызды жалдайбыз. Биз дагы укуктарыбызды коргойбуз.


Өз кезегинде апрель окуяларында жакындары курман болгондор жана жабыркагандар кийинки соттук териштирүүдө тартиптин сакталышына көңүл бура тургандыктарын убада кылышты. Ошол эле учурда жактоочуларды да жабырлануучулардын кыжырын кайнаткан билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырышты.

Сотту создуктурууга кызыктарлар барбы?

8-ноябрдагы соттук иштин кийинкиге калтырылышына айыпталып жаткандардын жактоочуларынын соттук териштирүүгө келбей калышы себеп болду. Он алты жактоочу соттук териштирүү учурунда коопсуздук толук сакталмайынча ишти улантпай тургандыгын айтышып, билдирүү жөнөтүшкөн. Соттук териштирүүнү карап жаткан Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Жакыпбек Бектемиров, прокуратура тармагына соттук териштирүүлөр учурунда тартипти камсыз кылуу тапшырмасын берип, соттук ишти 22-ноябрга калтырды.

Деген менен Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бакытбек Рысалиев журналисттерге маалымат берип, коопсуздук жетиштүү деңгээлде экендигин, сотко келбеген жактоочулар башка да жагдайларга кызыкдар экендигин баяндады:

- Азыркы бийлик жана сот органдары бул процесстин ачык-айкын өтүшүнө жана коопсуздугун камсыз кылууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушту. Жактоочулардын бүгүнкү билдирүүсүнөн сезсе болот. Себеби дегенде жактоочулардын атайын эле ушул процессти создуктурууга кызыкдар экендигин байкасак болот.


Жактоочулар коопсуздук толук сакталганда гана сотко катышат

Анткен менен коопсуздук сакталмайынча териштирүүгө катышпаарын билдирген жактоочулар өз турумдарын бекем карманып жаткан кездери. Алар бул жерде эч кандай мүдөө-максат жок экендигин, соттук териштирүүдө коркутуулар менен иштөө дээрлик мүмкүн эместигин белгилеп келишет. Жактоочулардын бири, айыпталып жаткан Данияр Дунгановдин жактоочусу Рысбек Нагаевдин айтымында, коопсуздук толук сакталганда гана жактоочулар ишке киришет:

17-ноябрдагы соттук териштирүү
- Себеби деген биринчи сотто жабырлануучулардын тараптарлары бизге кол салбадыбы. Ошондон кийин адвокаттар биздин коопсуздукту сактамайынча биз барбайбыз деп кеңештик. Бүгүн Жакыповадан өтүнүчүбүздү берип ийгенбиз. Бизге коопсуздукту толук камсыз кылып беришсин. Бизге да коркутуп, үркүтүүлөр түшпөсүн. Жанагыдай чатак-мушташтар болбосун. Тиешелүү шарт болсо иштейбиз.


Апрель окуялары боюнча күнөөлү деп эсептелинип жаткан, мурдагы аткаминерлер башында турган 28 адамдын соттук иши 17-ноябрда башталган. Ал күнкү сот жараяны учурунда айрым айыпталуучулардын буга чейин өздөрүнө тагылган кылмыш иштери менен таанышпаганы белгилүү болгон. Жактоочулар бул маселени териштирүүнү соттон өтүнүшкөнү менен алардын дооматтарын четке кагылган. Өз кезегинде айыпталуучулардын жактоочулары судья Жакыпбек Бектемировго ишенбөөчүлүк билдиришкен. Бул жабырлануучулардын жана алардын жакындарына жакпай, натыйжада алардын айыпталуучуларга койгон чабуулун милиция араң токтотуп калган.

Бул соттук териштирүүгө байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тынчсызданган билдирүү тараткан. Анда сот процессиндеги ызы-чуулардан улам аны өткөрүү үчүн тандалып алынган жай сынга алынган.

XS
SM
MD
LG