Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Экономикадагы төмөндөө элдин насыя алуусун азайткан жок


Быйылкы жарым жылда Кыргызстандагы микро каржы уюмдарынан калк жалпысынан 155 миллион долларга жакын насыя алган.
Быйылкы жарым жылда Кыргызстандагы микро каржы уюмдарынан калк жалпысынан 155 миллион долларга жакын насыя алган.

Кыргызстандын экономикасы быйылкы жылды белгилүү себептерден улам жалпысынан терс натыйжалар менен аяктары күтүлүүдө. Бирок экономикадагы төмөндөө элдин микрокаржы уюмдарынан насыя алуусун азайткан эместей.

Улуттук статистикалык комитет быйылкы жылдын биринчи жарымынын жыйынтыгы боюнча жарыялаган маалыматка караганда, калк бул мөөнөт аралыгында микро каржы уюмдарынан жалпысынан 7 миллиард 208 миллион сом, же учурдагы курс менен эсептегенде155 миллион долларга жакын насыя алган. Насыя алгандардын жалпы саны статкомитеттин эсебинде, быйыл январь-июндун аралыгында 232 миң 198 адамды түзгөн. Эгер өткөн жылдар менен салыштырсак ушул эле көрсөткүч 2008-жылдын биринчи жарымында 145 миңден ашуун адамды, насыянын жалпы көлөмү 4 миллиард 791 миллион сомду, 2009-жылдын биринчи жарымында болсо насыя алуучулар 200 миңден ашуун адамды түзүп, насыянын көлөмү 5 миллиард 600 миң сомдон ашкан эле.

Насыя алган кардарлардын саны арбууда

“Азаттык” радиосу Улуттук банк менен байланышканда, быйылкы жылдын жарым жылынын жыйынтыгы боюнча бул мекеменин маалыматтары Улуттук статистикалык комитеттикинен да жогору экендигин көргөздү. Улуттук банктын банктык эмес каржы мекемелер боюнча башкармалыгынын башчысы Самат Жумашев “Азаттык” радиосуна микрокредит компанияларынан жарым жылдын жыйынтыгы боюнча аларга тапшырылган акыркы отчеттордун негизинде буларды айтып берди:

- Бул мөөнөт аралыгында микрокредиттик уюмдар менен кредиттик союздар 10,2 миллиард сомдук кредиттик капчык топтогон. Экөөсүн бөлүп карасак 1 миллиард сом кредиттик союздардыкы, 9 миллиард 200 миллион сом микрокаржы уюмдарынын капчыгы. Ал эми кардарлардын саны жарым жылдыкта өскөн. Азыркы күндө 357 миң адамды түзөт. Биздин маалымат деле кредиттик капчыктын, ага катар насыя алган кардарлардын саны да өсүп жатканын көргөзүүдө. Быйылкы жылдын жарым жылдыгында бул көрсөткүч (өсүш) 15%ды түздү. Бирок бизде да июнь коогалаңынын жыйынтыгы экинчи жарым жылдыкта сезилеби деген чоочулоо бар. Анткен менен биздин сектор кредиттик капчыгынын өлчөмүн биринчи жарым жылдыктын деңгээлинде 10 миллиард сомдон төмөндөтпөй сактап калат деген ой бар.

Самат Жумашев “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде Улуттук банк менен Улуттук стастикалык комитеттин эсептеринде айрымачылыктар кездешип турарын, бул бир жагынан микрокредит компаниялары статистика органдарына отчетторун өз убагында тапшырбай калгандыгына да байланыштуу экенин кошумчалады.

“Азаттык” радиосу Улуттук банкттан алган маалыматка караганда, өлкөдө микрокредит компаниялары менен агенттиктердин саны 376, булардан сырткары 129 кредиттик союз бар. Бирок элге берилип жаткан насыялардын басымдуу бөлүгү Микрокаржы уюмдары ассоциациясына кирген компаниялардын үлүшүнө туура келет. Бул ассоциациянын аткаруучу директору Канат Бараталиевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, алардын быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча эсептери да эл алган насыянын көлөмү өскөнүн көргөзүүдө:

- Алардын (микрокредит компаниялардын) 8 пайызы Микрокаржы уюмдары боюнча биздин ассоциациянын мүчөсү болуп эсептелет. Бул - 30 уюм. Бирок ушул 8% рыноктогу кредиттик портфелдин 77%на ээлик кылат. Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 8 миллиард сомдой насыя берилди. Биз быйылкы жылдын тогуз айында эле былтыркы жылдын деңгээлине чыктык. Жыл аягына чейин, албетте, дагы өсүш болот деп күтүп жатабыз. Бирок ал кандай ыргакта болот, бул али такталат.

Микрокаржы уюмдары ассоциациясына бул чөйрөдө иштеген ФИНКА, “Бай Түшүм”, “Мөл Булак”, “Фронтиерс”, “Компаньон” өңдүү негизги оюнчулар кирет.

Эл насыяны эмне үчүн алып жатат?

Белгилүү себептерден улам экономикадагы жалпы кырдаал быйыл кубанарлык эмес. Улуттук дүң өндүрүш 5%га чейин төмөндөйт деп күтүлүүдө. Мындай шартта насыя алган кардарлардын жана насыя көлөмүнүн да өсүп жатышын кандайча түшүндүрүүгө болот?

Жылдык үстөк пайыздарынын көлөмү коммерциялык банктардыкынан жогору экендигине карабай, Улуттук банктын өкүлү Самат Жумашев микрокредит компанияларына эл көп кайрылганынын жүйөөсүн алар социалдык функцияларды аткарып жаткандыгы менен да түшүндүрөт:

- Бизде насыя акчага азыр суроо-талап чоң. Бир жагынан алыскы аймактарга коммерциялык банкттар убагында жете бербейт. Экинчи жагынан, ошол жакта иштеп жаткан микрокаржы уюмдары өзүлөрүнүн коммерциялык максаттарынан тышкары да социалдык максаттар менен да келген.
Жумакадыр Акенеев

Ал эми экономист Жумакадыр Акенеев экономикадагы чайпалууларга карабай берилген кредиттердин көлөмүн өсүшүн төмөнкү жагдайлар менен байланыштырат:

- Насыя берип жаткан каржы уюмдарынын акчасы биздин мамлекеттик банктардыкы эмес, четтен түрдүү булактар аркылуу келген. Мүмкүн алар эчтекесине, анын ичинде жаңжалга ( июндагы) карабай өзүнүн планы боюнча тиешелүү каражаттарды бериши мүмкүн. Бул ( берилип жаткан акчалар) биздин экономикага көз каранды эмес. Муну дагы бир себеп менен түшүндүрсө болот. Бизде апрель, июнь окуяларынан кийин банктар кредит берүүдөн чочулап, баш тарта баштады. Кээ бирлери анча-мынча убакыт иштебей калды. Мүмкүн алардан алынбаган кредитти да микрокредит компаниялары жабышы ыктымал.

Улуттук статкомитеттин маалыматына караганда, микрокредит компанияларынан алынган насыянын эң чоң бөлүгү соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, андан кийинкиси айыл-чарба тармагынын үлүшүнө туура келет. Башка, анын ичинде керектөө максатында деп алынган кредиттер жалпы көлөмдүн 10%на жетпейт. Бирок турмушта чын эле ушундайбы, бул өзүнчө иликтөөнү талап кылат. Микрокаржы уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Бараталиевдин айтымында, насыя бизнести кайра тикелөө, жүгүртүүдөгү каражатты көбөйтүү максатында да алынып жатат. Аймактардан болсо алынган насыянын көлөмү жана кардарлардын саны жагынан алдыңкы эки орунда Жалал-Абад, Ош облустары турат.

Кредиттердин үстөк пайызы качан азаят?

Бул кардарларды кызыктырган негизги суроо болсо керек. Улуттук банктын эсебине караганда, микрокаржы уюмдары элге берип жаткан насыянын орточо жылдык үстөгү 30%, ал эми коммерциялык банктардыкы 20%дын тегерегинде. Бирок ага карабай эл коммерциялык банкттар эмес, микрокредит уюмдарына көбүрөөк кайрылууда. Улуттук банктын өкүлү Самат Жумашевдин айтымында, азыр микрокредит компаниялардан насыя алган кардарлардын саны банктардыкына караганда үч эсеге жакын көбүрөөк.

Бишкектеги бейөкмөт уюм – Борбор Азия Эркин базар институтунун изилдөөлөр боюнча директору Сейитбек Усманов өлкөдөгү микрокаржы уюмдары боюнча кеңири иликтөө жүргүзгөн адис. Ал кредиттеринин үстөк пайызы жогору экендигине карабай, микрокаржы уюмдары экономикага кан жүгүртүүдө оң роль ойноодо деп эсептейт. Үстөк пайыздардын жогору болуп жатышын ал төмөнкү себептер менен түшүндүрөт:

- Үстөк пайыздардын жогору болушунун себеби - бизде инфляциянын көрсөткүчү бийик. Мындан сырткары кредиттердин суммалары майда болгондуктан, компаниялардын операциялык чыгымдары көп. Маселен былтыр кредиттин орточо өлчөмү 500 доллар болду. Ар бир кредитти тейлөө үчүн адам ресурсу талап кылынат. Мындан сырткары кредит компаниялары көп учурда күрөө сурашпайт. Үстөк пайызын белгилөөдө алар ушул тобокелчиликти да эске алышат. Үстөк пайыздардын жогору болушунун мындан башка да эки себеби бар. Суммасы аз кредиттердин кыска мөөнөткө, тез-тез алынышы. Мисалы айыл-чарбасындагы сезон учурунда керосин, урук сатып алуу өңдүү муктаждыктар үчүн. Акчаны ылдам эле үч-төрт жумушчу күндүн ичинде алса болот. Банктардын процедуралары болсо татаал. Андыктан бул ( үстөк пайыздын жогорулугу) оңтойлуулук үчүн да төлөө.

Былтыр ал кезде “Ак жол” партиясы үстөмдүк кылган парламентте үстөк пайыздарды мыйзам аркылуу түшүрүү демилгеси да көтөрүлгөн болчу. Улуттук банктын өкүлү Самат Жумашев кредиттердин үстөк пайыздары бара-бара төмөндөйт деп божомолдойт:

- Биздин оюбузча бул көрсөткүч жылдан-жылга кыскаруусу керек. Бул үстөк пайызды биздин рынок өзү атаандаштык аркылуу төмөндөтүүгө алып келиши керек. Азыр микрокаржы уюмдарынын кредиттик капчыгынын көлөмү жылдан-жылга көбөйүп жатат. Биздин оюбузда, үстөк пайызды да рынок жылдан-жылга өзү азайтат.


Сейитбек Усманов
Борбор Азия эркин базар институтунун изилдөөлөр боюнча директору Сейитбек Усмановдун айтымында, микрокредит компаниялары калктан аманатка акча албагандыктан, алар азыр жүгүртүп жаткан акчанын 70-80% четтен келген каражат. Келечекте кардарлар үчүн күрөштө алар менен банктардын ортосунда атаандаштык жүрөт:

- Банктар менен микрокредит компанияларынын атаандаштыкка өтүүсү өнүгүүдөгү табигый жараян. Банктар айылды көздөй кеңейет, микрокредит компаниялары айылдардан шаарды көздөй чыгышат. Себеби бул кирешелүү бизнес. Атандааштык мындан ары күчөйт. Ал күчөгөн сайын бир жагынан үстөк пайыздар түшүүсү керек. Экинчи жагынан, алар жаңы кардарларды тапканга аракет кылышат.

Микрокредит компаниялары жаңы кардарларды табуунун үстүндө иштеп жатканын “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде Микрокаржы уюмдары ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Бараталиев да белгиледи:

- Кардарлар боюнча айтсам көптөгөн компаниялар улам жаңы кардарларды тартуунун үстүндө иштеп жатат. Албетте ошол эле учурда эски кардарларынан да кол үзүшкөн жок.


Кыргызстандын микрокредит дүйнөсүндөгү орду

Микро же кичи кредит берген институттар Кыргызстанда иштей баштаганына быйыл он беш жылга аяк басты. Алардын алгачкысы 1995-жылы ачылган эле. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан “Economist Intelligence Unit” уюму ушул айдын башында дүйнөдөгү микрокаржылоонун абалы тууралуу жаңы баяндамасын жарыялады. Баяндамада 54 өлкө эле камтылган. Уюмдун эксперти Жон Эндрю (John Andrew ) микрокредит институттары өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө гана мүнөздүү көрүнүш экенин айтат:

- Себеби микрокаржынын табияты – банкттардан каржы алалбаган адамдарга карыз берүү. Себеби банкттар аз суммадагы акча берүүгө кызыкдар эмес. Ушул жүйөөдөн улам микрокаржы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн гана маселеси. Андыктан биздин баяндамада камтылган өлкөлөрдүн саны чектелген. Микрокаржы мекемелери өнүккөн өлкөлөрдө чынында жокко эсе.

Бирок айрым талдоочулардын пикиринде, саясий тобокелчиликтер жоюлса, башка укуктук шартта түзүлсө өнүккөн өлкөлөрдөн ири инвесторлор болбосо да кичи инвесторлор үстөк пайыздар жогору болгондуктан микрокаржы мекемелери бар мамлекеттерге акчасын алып келүүгө кызыкдар.

Британдык “Economist Intelligence Unit” уюму 2009-жылдын августунан 2010- жылдын май айына чейинки кырдаал камтылган иликтөөсүндө микрокредит берген мекемелердин ишин жөнгө салган укуктук-нормативдик база, алардын тигил же бул өлкөдө укуктук жактан таанылган-таанылбаганы, микрокредит бергендер үчүн инвестициялык климат, алардын үстөк пайыздарына чек коюлган-коюлбаганы өңдүү бир нече критерийлер эске алынган. Жалпысынан 54 өлкөдөгү кырдаал камтылган баяндамада эски совет аймагынан үч өлкө: Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан кирип, Кыргызстанга 12, Тажикстанга 25, Азербайжанга 34-орун ыйгарылган. Ал эми эң алдыкы он орунда Перу, Филлиппин, Боливия, Гана, Пакистан, Эквадор, Индия, Колумбия, Кения, Уганда сыяктуу мамлекеттер турат.

“Economist Intelligence Unit” уюму өз баяндамасында Кыргызстанды былтыркы жылга салыштырмалуу топтогон көрсөткүчү бир азга төмөндөгөнү менен аны микрокаржы берүү чөйрөсүн жөнгө салуу жагынан аймактын лидери катары кароого болорун белгилейт. Микрокаржы институттары боюнча туңгуч мыйзам 2002-жылы кабыл алынган. Улуттук банктын өкүлү Самат Жумашевдин айтымында, эми бул чөйрөгө тиешелүү эки мыйзамга эгер микрокредит компанияларынын кардарларынын туугандары сырттан акча салса алар ошол жерден ала алуусуна жол ачуучу өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорлор даярдалган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG