Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Дүйнөпул: бирөө - ичерге, экинчиси - кечерге суу таппайт


Кытай экономикасы "акча тирешине" алып келди
Кытай экономикасы "акча тирешине" алып келди

АКШ, Батыш өлкөлөрүнүн Кытай менен акча тартышына чекит коюла элек. Ортодогу талаш расмий Бээжиндин улуттук акчасынын наркын көтөрүүгө көңүлдөнбөй жатышынан чыгууда.

Жаамы дүйнөгө жайнатып арзан товар чыгарган Кытай чоң базардагы атаандаштыктан улам акчасынын анчалык эле көтөрүлүп кетишин каалабайт. Эңгезер өлкөлөрдүн «акча урушунун» салакасы Кыргызстанга да тийүүдө.

Арзандын тузу татыбайт

Кытай менен коңшулуктун, анан да арзан буюмдардын убайын Кыргызстан деле кыйладан бери көрүп келатат. Өзүндө товар чыгаргандан көрө Кытайдын буюмдарын ташып келип соодалоону өнөр көргөн эмгеккке жарамдуу элдин көбүнүн ишкердиги ушуга байланып калган. Анан да ортодогу бажы төлөмдөрү Кыргызстан бюджетинин киреше бөлүгүнүн теңине жакынын жаап, экономикалык жагынан чоң коңшусуна көз каранды экендиги деле жаңылык эмес.

А бирок АКШ, Батыш өлкөлөрүнүн юандын наркын көтөрүү талабын Кытай Дүйнөлүк соода уюмунун эреже-талаптарына кайчы келген иш катары сыпаттоодо. Текейден арзан жумушчу күчүнө таянган кытай товарынын өздүк наркы өтөле төмөндүгүнөн дүйнөлүк базарда өтүмдүү болуп атканы элдин баарына дайын.
Абдыбалы тегин Сүйөркул

Непадам, кытайлыктар Батыш өлкөлөрүнүн талабына баш ийип, товарынын өздүк наркын көтөрсө анын арзанбаа буюмуна көнө түшкөн Кыргызстан сындуу өлкөлөргө кыйла эле экономикалык оорчулук алып келери турулуу иш.

Улуттук банктын төрага орунбасары Сүйөркул Абдыбалы тегиндин пикиринде, кытай акчасынын баркы көтөрүлүшү анын дүйнөлүк базардагы атаандаштарына дурус дегидей шарт түзмөк, буюмдардын арзандыгы эмес, сапаты алдыга чыкмак. Сапат демекчи, бул жагдай кыргызстандык тигүүчүлөрдүн колунан чыккан буюмдардын өтүмдүүлүгүнө кыйла дегидей шарт түзүшү мүмкүн.

- Бирок экинчи жагынан алып караганда көпчүлүк товарлар Кытайдан келгендигине байланыштуу биздин ички баалардын да деңгээли өсүшү мүмкүн. Жергиликтүү ишкерлер өлкөгө жетиштүү өлчөмдө товарларды өндүрө алышпаса анда товарлардын баасы өсөт,- дейт Сүйөркул Абдыбаалы тегин.

Иши кылып, кытай юанынын куну көтөрүлсө андан кыргыз ишкерлеринин кыйласы пайда, калганы болсо зыян тартышы мүмкүн. Өзүнө жетишерлик товар өндүрө албаган Кыргызстан экономикасы мындай шартта кыйла оорчулуктарга капталышы ыктымал. Ансыз да бийиктеп барткан инфляция деңгээли дагы жогорулашы турулуу иш.

Базары жакын байыбайт

Жалаң экспортко негизденген Кытай АКШ менен Батыш өлкөлөрүнүн талабын эске алышка мажбур. Кытайдын улуттук акчасынын наркы аз-аздан көтөрүлө баштаганын ал жактан товар ташып соода кылгандар байкашты.

- Юань көтөрүлгөндө бизде да доллар көтөрүлүп жатат. Ал жакка барып долларды юанга алмаштырганда экөөнүн оротосундагы айырма көп болуп, товарлар кымбат болууда. Юань өзү мурун сомго 5 сом болчу. Азыр 6 – 7 сомго чыгып кетти деп атышат. Мен анын азыркы катышын так билбейм. Бирок юань көтөрүлүп атат. Доллар да көтөрүлүп атат. Ал жакта бирок юанга салыштырмалуу доллар түшүп атат,- дейт Динара Жакыпова деген ишкер айым.

Ири өлкөлөрдүн “акча тиреши” кантип аяктары азырынча белгисиз. Бирок да АКШнын Каржы министри Тимоти Гайтнер дүйнөлүк экономика жана акча саясатына арналган баяндамасын алгач байманалуу 20, ага кошуп Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн каржы министр, борбордук банк жетекчилери менен кеңешкен соң жарыя кыларын маалымдоодо. Ошентип дүйнөлүк экономикалык кризистин жаалы кайта баштаган чакта кытайлык юандын айланасында талаш чыкты. Бирөө кечерге кечүү таппай жатса, бирөө ичерге суу таппайт, деген ушул.

Кыргызстанда болсо чет жерге чыгып иштөөчүлөргө укмуш шарт түзгөн Кытай жарандары итбекер арзан кредит, жардамга берилген каражатты чөнтөккө салып келгендер көбөйүүдө. Аларга ошол эле Кытайдын арзанбаа товарларын алып келчү кыргызстандык ишкерлер атаандаш боло албай, жайнаган базарлардын көбүндө кытайлык ишкерлер отурушат.

Батыш өлкөлөрүнүн талабын эске алып Кытай товарларынын баасын көтөрүшкө мажбур болсо ага атаандаш болчу ишкерлер Кыргызстандан чыга алабы? Бул суроо азырынча ачык калууда. Сүйөркул Абдыбалы тегиндин ырасташынча, кымбаттаган Кытай буюмдарына теңдеш товар чыгаруу кыргызстандык ишкерлер үчүн оголе кыйынга турчу жумуш.

- Эмне үчүн биз Кытайдан этти импорттошубуз керек? Кытайдын эти эч убакта бизден арзан болбойт да. Качан эле биз малды бакканда 3 – 4 ай эле багабыз. Анан 3 –4 ай багылган малдын эти арзан болобу же 12 ай багылган малдын эти арзан болобу?

А бирок мал киндиктүү делген Кыргызстанга ушу кезге чейин Кытайдан эт, жумуртка, башка азык-түлүктөр ташылып келатканы деле чындык.

XS
SM
MD
LG