Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:33

Акча бар - акча жок


Экономикалык кризис тушунда кыргыз сому туруктуулугун жогото элек
Экономикалык кризис тушунда кыргыз сому туруктуулугун жогото элек

Быйылкы 8 ай ичинде инфляция 9,2%, баалар болсо 7,2% көтөрүлдү. Буга тамак-аштан тарта коммуналдык төлөмдөргө чейинки баалардын кымбатташы, анан да калктын сатып алуу мүмкүндүгү кыйла төмөндөшү себеп болду.

Нан азыктары 14%, эт 11%, кумшекер 22%, күйүүчү майлар 40, дизелдик күйүүчү майлар 60% кымбаттады. Улуттук банктагы алтын акча резерви 1 миллиард ашуун долларга жеткени маалымдалды.

«Көөмүш уй» жалгыз

Кыргызстанда ушу тапта иши дурус дегидей жүрүп жаткан ишкана «Кумтөр» алтын кени гана. Бирок да жалгыз ишкананын жалпы экономиканы алдыга сүрөп кетиши кыйын экен, төмөндөө ушу тапта 1% бучкактап турат.

Улуттук банктын төрага орунбасары Абдыбалы тегин Сүйөркулдун маалымдашынча, баалардын көтөрүлүп кетишине тариф саясатынын өзгөрүшү, айрым азык-түлүккө дүйнөлүк баанын көтөрүлүп кетиши, күйүүчү майлардын кымбатташы себеп болду. Ошондон инфляция деңгээли 9,2% чыкты.

- Экономикалык абал өтө оор. Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча ички суроо талап төмөндөп атканын билдиргенбиз. Биринчи жарым жылдык боюнча аны дагы кошумчаладык. Суроо-талап төмөндөп жатат. Ошондуктан акча-кредит саясаты инфляцияга каршы күрөштү кескин баштоого мүмкүнчүлүк бербей турат. Себеби дегенде экономиканын абалы өтө начар. «Кумтөр», ага байланышкан ишканаларды эске албасак бизде өсүш жок. Тескерисинче 1% деңгээлинде төмөндөө жүрүп жатат.

Абдыбалы тегин Сүйөркул жалпы экономикадагы абал банк секторунда деле байкаларын, «Азия Универсал банкына» байланышкан талаштуу маселе эмдигиче соттук териштирүүдөн чыга электигин белгиледи. Ушу кезге Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 864 миллион долларга жетти. Бул ички дүң продуктка карата 61,6% түзөт.

Бизнес деле тынчтыкты сүйөт

Апрель, май, июнь айларындагы кайгылуу окуялардын кесепетинен кыргыз экономикасынын негизин түзгөн орто жана чакан бизнес өзгөчө жабыркап, анын натыйжасы бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына, чыгашалардын опсуз көбөйүшүнө алып келди. Сырттан келчү инвестиция агымы тыйылып, берилчү жардамдын качан келери белгисиз калууда.

- Кыргызстан донорлордун биринчи жолугушуусун өткөрүп алардан убада гана алды. Мен кайталап коеюн, убада эле, акча дүмүрчөгү эмес. Конкрет акча да эмес. Биз экинчи донорлор конференциясын да өткөрүшүбүз мүмкүн,- дейт президент Р.Отунбаева.

Каражат табуучу экинчи жыйын парламент шайлоосу өтүп, бийлик толук мыйзамдашкан соң башка капчыктуулардын, түрк, араб өлкөлөрүнүн катышуусунда өтөрү болжолдонууда. Антип акча маселеси айкындалгыча жыл жыйынтыкталып калышы деле мүмкүн. Ага чейин асманга чыгып кеткен бюджет таңкыстыгын кантип жоюу маселеси техникалык, андан кийин келчү курама өкмөттүн баш оорусуна айланары турулуу иш.

Өзүн Закир деп тааныштырган ишкердин пикиринде, азыркыдай кысталыш кырдаалдан өлкөнү өкмөт эмес, элдин өзү алып чыгат.

- Мамлекет иштеп аткан адамдарга жардам бербей эле койсун. Алардын ишине кийлигишпеш керек. Тынч коюш керек. Ошондо Кыргызстан өзүнөн-өзү эле оңолот.

«Кыргыз эл биримдиги» кыймылынын тең төрагаларынын бири Алмамбет Матубраимов Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн азык-түлүктүн баасынын кескин көтөрүлүп кетиши ортодогу чайкоочулардын айынан болуп жатканын белгилеп, анын эмнеликтен энергетикада өзгөрүү болбогонуна таң.

- Азыр Энергетика министри чыгып алып туруп 1 киловаттын өздүк наркы 1 сом 40 тыйын дейт. Муну кайдан тапканын билбей менин эсим ооп турат. Мен ошол энергетиканы башынан баштап жакшы билем. Мендеги маалымат боюнча «Түндүкэлектрдин» өткөн жылкы кирешеси 40% жакын жоготуудан кийин тапкан пайдасы 38 миллион доллар деп атышат.

Акыйкатта да Энергетика министри өзгөчө белгилеген өздүк наркы 1 сом 42 тыйынга чыккан электр энергиясын өкмөттүн элге 70 тыйындан сатышы артынан биртоп суроолорду жаратпай койбойт. Ортодогу айырманы да өкмөттүн өзү жабышы күмөнсүнүүнү андан бешбетер күчөтөт. Анын үстүнө парламенттик шайлоо камылгасы менен алек өкмөттүн экономикалык кризистен кантип чыгуу тууралуу программасы деле жок. Мындан келди, чогулган көйгөйлөрдүн текши баары шайлоодон кийинки курама өкмөт энчисине калат окшоп калды.

XS
SM
MD
LG