Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Н.Бордюжа: Кыргыз-орус мамилесинде салкындоо жок


ЖККУ баш катчысы Н. Бордюжа кыргыз президенти К. Бакиев менен жолугушууда, Бишкек, 2010-жылдын 29-марты.
ЖККУ баш катчысы Н. Бордюжа кыргыз президенти К. Бакиев менен жолугушууда, Бишкек, 2010-жылдын 29-марты.

29-мартта Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Бишкекте тегерек үстөл жыйынга катышты. Анын соңунда маалымат жыйынын өткөрүп, кыргыз-орус мамилесинде эч кандай салкындоо жок деген пикирин билдирди

Николай Бордюжа жана кыргыз президентинин коопсуздук жана коргонуу боюнча мамлекеттик кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевдин катышуусунда өткөн тегерек үстөл жыйында Борбор Азия регионундагы кырдаал жана анын андан ары өнүгүшү талкууланган. Мындай жыйындар буга чейин Тажикстан жана Арменияда өткөрүлгөн. Эми Кыргызстанда, андан кийин Казакстанда өткөрүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча президенттерге сунуштар берилмекчи.

Тегерек үстөл жыйын соңунан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Николай Бордюжа кыргыз-орус мамилесинде эч кандай салкындоо жоктугу тууралуу пикирин билдирди:

- Кыргыз-орус жетекчилигинин мамилесинде салкындоо жок. Мен муну сиздерге расмий түрдө билдирем. Россия маалымат
каражаттарында антикыргыздык кампания жүрүп жатат деген да туура эмес. Андай нерсе жок. Айрым пикирлердин чыгып жатышы бул сөз эркиндигинин белгиси. Бирок ал антикыргыздык багытта эмес
.

ЖККУнун баш катчысы Кыргызстан менен Россиянын президенттери өткөн жылы жетишкен меморандум тууралуу буларды билдирди:

- Чындыгында эки президент ортосунда келишим болгон. Ал келишимде Россиянын Кыргызстандагы базаларын кошуп, бирдиктүү аскердик база түзүү каралган. Мына ошол бирдиктүү базанын машыгуу борборун куруу да караштырылган. Ал боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Азыр келишимдер каралып жатат. Эч ким андан баш тарткан эмес. Эки өлкө тең аны ишке ашыруу ниетинде турат.

Манастагы Транзиттик борборго байланыштуу суроого жооп берген Бордюжа, ал борбор Ооганстандагы антитеррордук операция жүргүзүүгө Бириккен улуттар уюму берген мөөнөткө чейин убактылуу турарын, Транзиттик борбор мына ошол өлкөдө туруктуулук орнотуу багытында маанилүү ролду аткарып жатканын, ал эми ЖККУга кирген өлкөлөр Ооганстанда туруктуулук орношуна кызыкдар экенин белгиледи.

Николай Бордюжа Канттагы орус аскердик базасы кыскарууда деген маалыматты укпаганын кошумчалады.

ЖККУнун баш катчысын 29-мартта президент Курманбек Бакиев да кабыл алды.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Николай Бордюжанын кыргыз-орус мамилесинде салкындоо жок деген пикирине карата буларды билдирди:

- Салкындоо болгон күндө дагы расмий адамдар сүйлөгөндө эч качан салкындоо бар деп айтпайт. Экинчиден, Бордюжа ким? Ал
Тышкы иштер министрлигинин жетекчиси эмес, администрациянын жетекчиси эмес.

Николай Бордюжа Баткенде америкалыктардын жардамы менен антитеррордук машыгуу борборун курулушун оң баалап, кайсы бир өлкө өз каражаты менен андай инфраструктураны курууга мүмкүнчүлүгү болбосо, анда башка өлкөнүн көмөгү менен куруусунда эрөөн-төрөөн нерсе жок деди.

Орозбек Молдалиевдин пикиринде, орустар Кыргызстанда антитеррордук машыгуу борборун курууга киришпегендиктен аны америкалыктар кура баштады. Дегеле келечекте орустар тараптан машыгуу борбору үчүн кандайдыр бир каражат бөлүнүшү күмөндүү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG