Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Эмне үчүн сүт кымбат?


Кыргызстанда айыл жерлеринде сүттүн ар бир литри, эң эле кымбат дегенде, 10 сомдун тегерегинде сатылат. Бирок шаар тургундары дүкөндөрдө сүттү 30 сомдон сатып алышат. Эмне үчүн сүт кайра иштетүү ишканасынан кийин мынчалык кымбатка турууда?

Алмаш Ниязалиева - Ысык-Ата районунун тургуну. Ал эки уй багат, күнүнө 10 литр сүттү ишканага 10 сомдон өткөрөт экен. “Сүттөн айына орточо үч миң сом табам”, - дейт ал. Бирок жакында анын кирешеси азайышы мүмкүн, себеби жайдын келиши менен адатта сүттүн ар бир литри 6-7 сомго түшүп кетет.

- Сүттүн бир литрин 10 сомдон алып жатышат. Шаарда болсо 30 сомдон экен. Жылда күн ысыган сайын баасын түшүрүп арзан ала башташат. Анан айла жок, сатабыз. Кымбатыраак алса, элге дагы жакшы болмок. Бизди ойлогон эч ким жок. Карапайым элдин артынан ортомчулар, анан сүт иштеткен ишканалар жакшы эле пайда көрүп жатышат.

Элет жергесинда бодо малдын саны көп болгону менен, сүттүүлүгү дыйкандардын көңүлүн жылытпай келет. Дыйкандар үчүн уйду багуу да чоң көйгөйгө айланды. Аларды бадага кошуу үчүн айына 300 сом төлөшүң керек. Андан тышкары бир боо түктөлгөн чөп 120 сом турат. Ушуга окшогон чыгымдар көбөйгөнү менен, айылда сүттүн баасы жогорулаган жок. Бул мал баккандардын нааразылыгын жаратууда.

Элиза: Бир уй күнүнө бир түк чөп жейт. Жемин дагы кымбат баада сатып алабыз. Анан сүттүн литрин болгону 10 сомдон сатабыз. Эч нерсебизди актабайт, же тамак-ашка жетпейт. Сүт алгандар болсо “Ушул баага сүйүнгүлө, биз дагы эптеп өткөрүп жатабыз” деп коюшат. Айылда көпчүлүк эл ушул акча менен жан багат. Жок дегенде, 15 сомдон сатып алышса, жакшы болмок.

Назгүл: Өткөн жылы да сүттү арзан алышкан. Быйыл жайында болсо алты сомдон алабыз дешти. Андай болсо кантип оокат кылабыз? Киреше түшчү башка булагыбыз жок. Чөп кымбат, жүгөрү жемдин баасы асмандады. Ар бир уйга, аз дегенде, 250 сом төлөп, уйчуга кошобуз. Тиешелүү мекемелер сүттүн наркына көз салып, элет жашоочуларын ойлоп койсо болмок.

Чүй өрөөнүндө чогултулган сүттүн 90% ашыгы ишканаларга кетет. Аймакта бул жаатта “Бишкексүт”, “Элимай”, “Кантсүт”, “Аксүт” сыяктуу ири ишканалары иштеп жатат. Алар дыйкандардан 10 сомдон алган сүттү эмне үчүн азык-түлүк дүкөндөрүндө 30 сомдон сатышат? Айыл-чарба жана кайра иштетүү министрлигинин кайра иштетүү бөлүмүнүн ага инспектору Аскат Түмөнбаев муну ишканалар тарабынан кетирилип жаткан чыгымдын көптүгү менен түшүндүрдү.

- Айылдарда сүт чогултуп иштеген атайын адамдар бар. Алар сүттүн бир литрин 10 сомдон алышса, заводго 12 сомдон сатышат. Негизинен азыр элет жашоочуларынан жыйналган сүттүн майлуулугу төмөн, талапка жооп бербейт. Ошондуктан ишканалар арзан сатып алышууда. Сүт иштеткен заводдун электр жарыгы, айлык-акы, салык, кызмат көрсөтүү сыяктуу чыгымдары көп. Акыр аягында сүттүн баасы да ошол себептен жогорулап жатат. Кайра иштетүүчү ишканалардын баары - жеке менчик ишканалар. Алар продукциясынын өтүмдүүлүгүнө жараша бааны коюшат. Биз алардын ишине кийлигишүүгө акыбыз жок. Ишканаларга кеңеш гана бере алабыз.

XS
SM
MD
LG