Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Кыргыз милициясы кыйчалыш абалда


7-апрелдеги каршылык акцияларында 700 дөн ашуун милиция кызматкерлери жабыркады
7-апрелдеги каршылык акцияларында 700 дөн ашуун милиция кызматкерлери жабыркады

19-апрлде ички иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында өлкөдөгү туруктуулук милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө экендиги жана мурдагы президент Бакиевдин бир туугандары Кыргызстанда жашырынып жаткандыгы айтылды.

Ошол эле учурда Жалал-Абад, Ош шаарларында милиция кызматкерлери нааразылык митингине чыгып убактылуу өкмөткө бир катар талаптарды коюуда.


Кыргызстандын Ички иштер министринин милдетин аткаруучу полковник Болот Шерниязов 17-апрелдеги Сузак районунун Тейит айылында экс-президенттин күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиевди кармоого барган аскердик атайын операциянын жыйынтыгы тууралуу алгач маалымат берди:

- Тейит айылында Бакиевдердин үй-бүлөсү туруп, 200-500 автоматчандар бар экен деген маалымат айтылып жаткан. Саат 12де Тейит айылы толук курчалгандан кийин мага аксакалдар, “бардыгын тынчтык жолу менен бүтүрөлү”, деп келишти. Башкы прокуратуранын адамдары, атайын оперативдик иликтөө тобунун адистери кирген кырк адамдан турган топ түзүлдү. Алар Бакиевдердин үйүнө киргенде үйдө Акмат да, Каныбек Бакиевдердин эч кимиси жок болуп чыкты, - деген Болот Шерниязов бир тууган Бакиевдер Кыргызстанда экени тууралуу маалымат бардыгын, оперативдүү иликтөө тобу өз ишин жеринде улантып жатканын билдирди.

Болот Шерниязов ошол эле күнү Жалал-Абаддагы Токтогул, Аксы райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери нааразылык акциясына чогулуп жатканы тууралуу кабар келери менен ал жерге барып, кесиптештеринин мүдөө-талаптарын уккан. Бирок күтүүсүздөн пайда болгон адамдардын чаң-тополоңу аны ал жерден шашылыш кетүүгө мажбур кылган.

ИИМ жетекчисинин билдирүүсүндө 6-7-апрелде милиция кызматкерлери да запкы тарткан. Милиция Академиясынын 4-курсунун курсанттары Никита Кушц менен Илим Такырбашев көз жумган, 764 кызматкер ар кандай жаракат алган. Учурда 90го чукул адам ооруканада болсо, анын экөө оор абалда.

ИИМ өз кызматкерлерине каржылык көмөк алуунун аракетин көрүп, убактылуу өкмөттөн колдоо тапканын Болот Шерниязов мындайча маалымдады:

- 44 миллион 954 миң сом өлчөмүндө каражат убактылуу өкмөттүн буйругу менен бөлүндү. Анын ичинен 9.5 миллион сом өз милдетин аткарып жатканда оор жаракат алган кызматкерлерге, 33 миллион 450 миң сом орто жана жеңил жаракат алгандарга, 2 миллион сом кайтыш болгондордун үй бүлөсүнө төлөнөт.

Кыргыз милициясы өлкөдөгү башка тармактардай эле толгон токой көйгөйгө бай. Күтүүсүздөн алмашкан мамлекеттик бийлик милицияны укуктук-кызматтык жактан гана эмес, моралдык туңгуюкка салгандай. Муну соңку кездеги кыргыз милициясы лагерлерге бөлүнүп, саясий күрөшкө аттанганы далилдейт. Жалал-Абадда милиция кызматкерлери жолугууга келген чоң жетекчисине кол көтөргөнгө чейин жетсе, өлкөнүн башка тарабында ИИМдин жетекчилигин басып алууга жашыруун даярдыктар жүрүүдө.

Министрдин милдетин аткаруучунун орун басары, социал демократтар партиясынын мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров мындай мүнөздөгү маалыматты чукул таратты:

- ИИМдин мурдагы министри генерал Суваналиев Өмүрбек Исакович жанына атайын топторду түзүп алып, туура эмес иштерди жүргүзүп жатыптыр. “Биздин түштүктүн кызматкерлери колдоп жатат, түндүктүктөр дагы колдоп, мени министр кылгыла”, деп жатканы тууралуу маалымат түшүп жатат. Биз министрдин жетекчилиги алдында мындайга жол бербейбиз.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова убактылуу өкмөт тез аранын ичинде милицияны саясатка аралаштырбоо тууралуу өз концепциясын иштеп чыгуусу зарыл деген пикирин “Азаттыкка” кечээ билдирген:

- Милиция кызматынын уставында жана милиция жөнүндөгү мыйзамда милиция эч кандай саясатка аралашпайт, митинг-пикетке чыкпайт деген тыюу салган пункттар бар. Ошого карабастан, биз билген акыркы 15-20 жылдан берки эгемендүү убакта милиция кызматкерлери жалаң саясатка аралашып келишкен. Акаевдин убагында анын режиминин кызыкчылыгына, Бакиевдин убагында Бакиевдин режиминин кызыкчылыгына милиция кызматкерлери аябагандай кызмат көрсөтүп келишти, себеби булар буйрукка баш ийип келишти.

“Милиция коомдук тартип менен жарандардын коомсуздугун камсыз кылууга милдеттүү. Саясат менен алектенбейт!”, - деген Болот Шерниязов ал жетектеген тармакта реформа башталганын, буга чейин Кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы толугу менен жаңыланганын билдирди. ИИМдин башкы жетекчилиги дагы алмашып, министрдин биринчи орун басарлары болуп Бактыбек Алымбеков, Кашгар Жунушалиев жана Кубанычбек Кадыров, түштүк аймагы боюнча Сүйүн Өмүрзаков кызматка киришти.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG