Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Казакстан: Чек араны эмес, инвестицияны коргоо аракетиби?


Казак-кыргыз чек арасы кулпуланып турганына 42 күн болду.
Казак-кыргыз чек арасы кулпуланып турганына 42 күн болду.

Казакстан 40 күндөн ашуун убакыттан бери жабык турган кыргыз-казак чек арасы Кыргызстандагы саясий кырдаал толугу менен турукташканда гана ачыларын, азырынча так мөөнөттү айта албасын билдирүүдө.

Бул аралыкта чек араны ачуу жөнүндөгү чакырыктар Кыргызстандан эле эмес, Казакстандын өзүнөн да чыгып жатат.

Казак-кыргыз чек арасындагы жагдайды казак расмий өкүлдөрүнөн азырынча эң акыркылардан болуп Казакстандын чек ара кызматынын жетекчиси Булат Кыргызбаев комментарийледи. Ал орусиялык РИА Новости жаңылыктар агенттигинин кабарчысы менен 18-майдагы маегинде белгилегендей, чек ара Кыргызстандагы саясий абал толугу менен турукташкандан кийин гана ачылат жана азырынча так мөөнөттү айтуу мүмкүн эмес.

“Коңшу өлкөдөгү саясий проблемалар тынч чечилүүсүнө биз бардыгыбыз кызыкдарбыз”,- деп айткан Казакстандын башкы чек арачысы бул маселенин чечилиши жалгыз эле мамлекеттик мекеменин ыйгарым укугуна кирбей тургандыгын кошумчалаган.

Кырк күндөн ашуун убакыттан бери жабык турган чек араны ачуу маселеси акыркы ирет Бишкектен расмий деңгээлде казак президентинин атайын чабарманы Булат Утемуратовдун иш сапары учурунда расмий көтөрүлдү. Бирок кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдөн кийин ишенимдүү эч нерсе айта алган жок.

Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары, каржы министринин милдетин аткаруучу, чек ара 11-майда ачылары жөнүндө бир ирет күн мурунтан жарыялап алган Темир Сариев бул жолу чек араны ачуу маселеси баскыч-баскыч менен чечилери, Казакстандын аны чечүүгө каалоосу бардыгын айтып тим болсо, орун басарлардын дагы бири Азимбек Бекназаров Казакстандан товарды контрабандалык жол менен ташыгандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу демилгесин көтөрүп чыкты. Эгер ал демилге Убактылуу өкмөттө колдоо таап кетсе, бул Кыргызстандын чек ара жабылгандан кийинки алгачкы расмий жооп чарасы болот.

Казак министрлерине карматылган алма

Бул аралыкта казак бийлигинин дарегине чек араны ачуу чакырыгы Кыргызстандан эле эмес, Казакстандан да айтылууда. Маселен, казакстандык жаштардын “Абырой” аттуу кыймылы 18-май күнү Астанда, өкмөт үйү алдында атайы акция өткөрүп, казак министрлерине чек араны ачууга үндөгөн кат тапшырышты. Кыймылдын лидери Азамат Жетписбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, алар казак министрлерине кат менен катар Кыргызстанда өндүрүлгөн алмадан бирден карматууга да үлгүрүштү:

- Биз бул акцияны "казак-кыргыз бир тууган" деген принципке негизденип туруп өткөрдүк. Ар бир министрге бирден алма да сундук. Анын негизги маңызы алманын азыркы жана мурунку баасын айрымалап көргөзүү. Биз алманы мисал иретинде гана көрсөттүк.

Казакстандык жаш активист Азамат Жетписбаев биз менен маегинде кошумчалагандай, чек ара жабылгандан бери Астанада азык-түлүктүн баасы орто эсеп менен 20-25%га кымбаттаган.

Чек ара жабылгандан бери Казакстанда азык-түлүктүн кымбаттоосу байкалганын, бирок азырынча “чыдоого” болорун биз менен маегинде казакстандык экономист Канат Берентаев да белгиледи. Бирок ал муну Казакстан үчүн анчалык чоң зыян эмес деп эсептейт:

- Бул жерде жоготуу эки тарап үчүн тең бар. Бирок Кыргызстан киреше жагынан жоготуп жатат. Кирешенин эки булагынан айрылууда. Биринчиси мурда болуп келген соодадан түшкөн, экинчиси эмгек мигранттарынан түшкөн киреше. Ал эми Казакстан үчүн жоготуу анчалык деле сезилерлик эмес. Жамбыл облусу үчүн, силердин чек арадагы райондор менен тыгыз байланышта турган Георгиевка өңдүү айылдар үчүн көбүрөөк сезилсе керек. Ал эми жалпы Казакстан үчүн анчалык деле эмес.

Расмий Астана чек ара жабылгандан бери эле коопсуздукту негизги жүйөө катары атап келүүдө. Буга чейин берилген түшүндүрмөлөргө караганда, Кыргызстандан Казакстанга курал өтүп кетүү коркунучу бар.

Чек аранын жабылышы акчаны коргоо аракетиби?

Чек ара жабылуу мөөнөтү жагынан көз карандысыздыктын дээрлик 20 жылдык тарыхында эң узак убакытка созулушунун жүйөөсүн башка себептер менен байланыштыргандар да бар. Маселен казак оппозициясынын чет өлкөдөгү бюросунун жетекчиси Серик Медетбеков чек ара жабылышынын бир фактору катары төмөнкү жагдайды атайт:

Серик Медетбеков
- Дагы бир маанилүү фактор Казакстан мындай жол менен Кыргызстандагы өз инвестициясын коргоого аракеттенүүдө. Билесиздер, Бакиевдин учурунда эле кыйла көп инвестиция жасалган. Биз бүгүн ал инвестициялардын мыйзамдык жагы, канчалык мыйзамдуу же мыйзамсыз экендиги тууралуу айткан жокпуз, муну Кыргызстандын жаңы бийлиги иликтесе керек. Казакстандыктар туристтик бизнесте бар. Өз кезегинде президент Назарбаев Ысык-Көлдүн бир бөлүгүн белек катары алганы маалым. Бакиевдин өкмөтү учурунда көп пансионаттар текейден арзанга сатылып алынды. Чийки зат өндүрүү тармагына да бир топ эле акча салынды. Биз бүгүн мына ушул жөнүндө айтып жатабыз. Жаңы бийлик мыйзамсыз келишимдердин баарын кайра карары түшүнүктүү. Андыктан Казакстандын элитасы азыр ошол акчаларды коргоого аракеттенүүдө. Тилекке каршы, туура эмес ыкмалар менен. Кыргыз-казак чек арасын жаап, Казакстан дагы бир ката кетирүүдө. Биз так билип коюшубуз керек. Казак элитасы менен бийлигинин казак элине эч тиешеси жок.

Серик Медетбеков биз менен маегинде кошумчалагандай, чек ара президент Назарбаевдин жеке көрсөтмөсүнөн кийин гана ачылуусу мүмкүн.

Казакстандын инвестициясы демекчи коңшу өлкөнүн ишкерлерине караштуу ишканалардан убактылуу өкмөт буга чейин Канттагы цемент-шифер комбинатынын акциялары боюнча иликтөө, сүйлөшүп жүрүп жатканын жарыялаган эле.

Казакстан Кыргызстанда банк чөйрөсүнө, курулушка, Ысык-Көлгө жакшы эле акча салды деген ырастоолорго алматылык экономист Канат Берентаев да макул. Бирок ал өкмөт жеке инвестицияларды коргоо үчүн чек араны жабууга барган жок деген көз карашта:

- Өкмөт мына ушундай ыкмалар менен биздин ал жактагы инвестицияларды коргоого аракеттенип жатат деп айтуу, биринчиден, туура эмес. Экинчиден, кимдир бирөөнүн тазалыгы жүз пайыз эмес, балким өлкөдөн мыйзамсыз жол менен чыгарылып кеткен капиталын ушундай жол менен коргоо, анын үстүнө муну эң жакынкы кошуна карата жасоо антигумандуулук.

Казак-кыргыз чек арасы күчөтүлгөн режимде кайтарылып жатканына бүгүн 42 күн болуп калды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG