Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:03

Жанга баткан жакырчылык


Жан багуу үчүн кен калдыктары көмүлгөн жерден никель издегендер, Майлуу-Суу шаары.
Жан багуу үчүн кен калдыктары көмүлгөн жерден никель издегендер, Майлуу-Суу шаары.

Кыргызстанда азыр 1 миллион 600 миң киши жакырчылыкта жашаарын аз күн мурда президент Роза Отунбаева жарыя кылды.

“Азаттыктын” бул жолку талкуусу мына ушул жакырчылык маселесине арналып, ага Кыргызстандын вице-премьер-министри Өктөмхан Абдуллаева, “Арыш” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жумагазы Садыр уулу, философия илимдеринин доктору, профессор Мариям Эдилова жана Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл округунун жетекчиси Алчыбай Төралиев катышты.


Жакырчылык деген эмне?

Профессор Мариям Эдилова:
Мариям Эдилова
- Адамзат жашоосун коштоп келаткан социалдык көрүнүш. Адамдын өзүнүн тегерегиндегилер сыяктуу жашоого жетпеген абал. Өзүнүн кирешеси айлыгы, пенсиясын баарын чогултканда алгылыктуу, жакшылап жашай албаган абалды түшүндүргөн экономикалык көрүнүш.

Ошондой эле бул саясий көрүнүш. Себеби дегенде, үй-бүлөсү материалдык жактан жетиштүү камсыз болбогон адамдар бийликтин чечим чыгаруу деңгээлине катышууга толук мүмкүнчүлүк ала албайт. Муну биз азыр шайлоолордон да көрүп жатабыз.

Анан бул руханий көрүнүш. Жакырлар, айрыкча өтө жакырлар эптеп күн көрүү менен алек болуп, өзүнүн руханий деңгээлине, адеп-ахлах, жүрүм-турумуна башкалардан айырмаланып көңүл бура албай калышат.

Бул психологиялык өзгөчө абал - материалдык, руханий, саясий кызыкчылыктарын канааттандыра албаган адам өзүн-өзү өтө төмөн баалайт, өзүн эркин сезип, жашоодон рахат ала албайт. Өз кадыр-баркын баалоо жана башкалардын сый-урматына жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Натыйжада анда кемсинүү, же өксүк комплекси калыптанып калат.

Бишкектин четинде таштанды чукулап жан баккандар, 2005-жылдын 31-мартында тартылган сүрөт.
Кыргыз өкмөтү жакырчылыкты жоюу аракетинде

Өктөмхан Абдуллаева:

- Элдин жалпы санынын 31,5 пайызы жакыр, ал эми өтө жакыр 13 пайызды түзөт. Бир кишинин кирешеси 1760 сомдон аз болсо ал үй-бүлө жакыр деп эсептелет. 978 сомдон төмөн кирешеси барлар өтө жакырларга кирет. Жакырчылыкты жоюу - орточо кирешени көбөйтүү. Ал үчүн эң биринчи, жумуш ордун көбөйтүү зарыл. Ошондуктан өкмөттүн бардык программалары жумуш ордун көбөйтүү боюнча иш-чараларды алып барууну көздөйт.

"Азаттык": Оштогу жаңжалдын айынан жакырлардын катары өстү дегендин канчалык чындыгы бар?

- Мунун дагы чындыгы бар. Пайыздык катышын алганда, балким анча деле өзгөрүү болбосо керек. Бирок ошол июнь кесепетинен 20 миңден ашуун жумуш орду жок болгону аныкталды.


Жаңы конуштардагы жакырчылык: 3 баскычта өз ара жардамдашуу

Жумагазы Садыр уулу:
Жумагазы Садыр уулу

- Жаңы конуштардагы өз-ара жардамдашуу топтору 3 багытта иштейт: үнөмияттык-тирилик, маданий жана өкмөт менен кызматташуу багытында. Ушул шартта иш алып барганда гана жакырчылыкты пайда кылган нерселер кыскарат. Кээ бир топторубузда 200-300 миң сом өз кара мээнети менен тапкан сактоолуктары бар. Алар ортолордунда ал каражатты тегеретип, бири-бирине насыя берип, жакырчылыктын катарынан суурулуп жатышат.

Жакырчылык менен күрөшүүнүн 3 баскычы: кайрымдуулук – жөлөк пул, жеңилдиктерди берүү. Бул жол менен жакырчылыктан толук кутула албайт экенбиз. Тескерисинче, адамдарды жан бактылыкка үйрөтүп койот экенбиз. Экинчиси, өнүгүү – учурда өкмөт бул жаатта жардам, насыя эле берип жатат, бирок бул дагы жетишсиз. Ал эми биздин уюм 3-баскычка – күчөнүү чыкты. Ушул дегээлде өкмөт, бейөкмөт уюмдар жана адамдардын өздөрү кошулуп аракеттенсе натыйжа болоор эле. Ал эми иш жүзүндө өкмөттүк уюмдар менен чакан топтордун эле иштеп жатканы байкалат дагы, мамлекеттин катышуусу солгун болуп жатат.



"Азаттык:" Өктөмхан айым, өкмөттүн дарегине айтылган сөзгө кошуласызбы?

- Мен толук кошулам. Абдан жакшы сөз болду. Бул багытта иштерди жүргүзүүбүз керек. Мамлекет тарабынан насыя акча берүү багытында иштөө керек. Алардын пайыздык көлөмүн карап чыгуу зарыл. Бүгүнкү күндө балык кармаган кайырмакты адамдардын колуна берүүбүз керек. Ооба, жөлөк пулга дагы адамдар көнүп калат деген да туура. Бирок жөлөк пулду пайдалануу менен жакырчылыктан чыгып кетүүгө дагы болот. Жөлөк пулду ай сайын бербей, топтоп туруп жылына бир жолу бир чоң ишти аткарууга берген дагы программлар ишке киришүүдө.

Жакырчылыктан чыгуунун элеттик жолу
Алчыбай Төралиев

Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл округунун башчысы Алчыбай Төралиев өзү жетекчилик кылган аймактагы калк өз демилгеси менен жакырчылыктан чыгуу аракетин көрүп жаткандыгы тууралуу “Азаттыкка” ой бөлүштү:

- Биздин айыл округда 14 айыл бар, 13 миң калкыбыз 2736 кожолукка кирет. 7 мектеп, 1 оорукана элге кызмат кылат. Бизде айыл калкынын демилгеси менен жакырчылыкты жоюу максатында суу жетпеген жерлерге суу чыгаруу боюнча ЮСАИД программасына долбоор жазып, 1 миллион 60 миң сомго бир чакырым жерге канал курдук. ЮСАИДдин каржылык колдоосунда эл өзү ашар жолу аркылуу курган канал эми 500 гектар жерди суу менен камсыздоодо.

Анан Өзбекстандын Риштан району менен чектеш 17 чакырым чек ара делимитация боло элек. Ошол Бүргөндү өрөөнүндөгү жерди долбоордун алкагында өздөштүрө баштадык. Мамлекеттин колдоосу менен 180 миллион сомдук долбоордун негизинде эми дагы 3 жарым миң гектар жерге суу чыгарылат. Чек арага чектеш тилкеде 2 миң кожолукка үй-жай беребиз. Ошол 3 жарым миң гектар суулуу жер элди иш менен камсыз кылат. Ага кошумча мамлекеттик чек ара дагы бекийт.



"Азаттык:" Кыргызстандын башка айылдарында дагы ушундай долбоорлорду ишке ашырса болобу? Ал үчүн кыргыз өкмөтү эмне кылат?

Өктөмхан Абдуллаева:
Өктөмхан Абдуллаева

- Биринчиден өкмөт тарабынан шарт түзүп берүү керек. Анан эң башкысы өлкөдө туруктуулук болсо инвестиция да келет, башка иштерди да жасоого болот. Ал эми жогорудагыдай айылдар абдан көп, айрыкча Баткен облусунда. Баткенде жакырчылыкты жоюу боюнча БУУнун өнүктүрүү программасы, Германиянын техникалык колдоо долбоорлору ишке ашырылды. Бирок дагы бир жолу айтаарым, өкмөт аларга шарт түзүп берүүсү үчүн Кыргызстанда тынчтык болсо деген тилек.




Профессор Мариям Эдилова өкмөттүн жакырчылыкты жоюу аракеттери боюнча адистик баасын берет:

- Аракеттер болду, болбой койду деп айта албайбыз. Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери, гендердик өнүгүүнүн негиздери сыяктуу бир катар программалар болду. Бирок эмнегедир ал программалар чыныгы турмушка жакын болбой, кагаз жүзүндө калып калгандай таасир калтырат. Албетте, каржылык маселесине келгенде да туруп калып жатабыз. Эң негизгиси эл өзүнүн аракети менен жакырчылыктан чыгып жатат. Ал тургай мамлекеттин кээ бир программалары менен аракеттери элге тоскоолдук кылып коюп жатат. Мисалы, салык саясатын туура жүргүзүү, техника менен жабдуу, элдин өндүргөн продукциясын кайра сатууга жардам берүү - бул мамлекеттин түздөн-түз иши.

Аскар Акаевдин бийлигинде Кыргызстанда жакырчылык деңгээли 1996-жылы 51%, 2003-жылы 40,8% түзгөн.
Курманбек Бакиев өлкө жакырлыктан өтө жай арылып баратканына кабатыр экенин айткан. 2009-жылы өлкө калкынын 35 пайызы (1млн.829 миң) жакырчылыкта жашаган.
Президент Роза Отунбаева аз күн мурда өлкөдө 1,6 млн киши жакырчылыкта жашап жатканын жарыя кылды.
Жакырчылыктан качан чыгабыз?

Америка Кошмо Штаттарындагы Ж. Хопкинс атындагы унинверситет менен Швециядагы Упсала университети жүргүзгөн иликтөөдө 2015-жылга карата Кыргызстанда жакырчылык 30,1 пайызга азаят экен.

Жакырчылыктан чыгуу үчүн эң ириде өлкөдө саясий-экономикалык туруктуулук орношу зарыл. Айрым экономикалык серепчилердин баамында, Кыргызстан эгемендик алган жылдардан берки өкмөттүн жакырчылыкты кыскартуу багытындагы программаларынан жетиштүү майнап чыкканы көп деле байкалбайт.

Кыргызстанда элдин өзүнүн аракетинин натыйжасында гана жакырлардын саны азаюуда. Өкмөт ишкерликти, өндүрүштү, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жетиштүү аракет көрүп, жумуш орундарын түзгөндө гана "итке минген" кедейлердин саны да кыскарышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG