Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Бардык жардам Гаитиге


Гаитиде жакындарын издегендер өтө көп.
Гаитиде жакындарын издегендер өтө көп.

АКШда "Гаити үчүн үмүт" деп аталган соопкерчилик телемарафонунда 57 миллион доллар каражат топтолду.

Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам бергиси келген ар бир киши атайын байланыш аркылуу атактуу ырчыларга, артисттерге, коомдук жана саясий ишмерлерге телефон чалып,алар менен сүйлөшкөнгө мүмкүндүк алышты.

Марафон бүт дүйнөгө көрсөтүлдү. Ага Бред Питт, Клинт Иствуд, Жек Николсон, Мадонна, Стиви Уандер жана башка ушул өңдүү кино, шоубизнес жылдыздары катышты.

АКШнын экс-президенти Билл Клинтон гаитиликтердин эң мыкты жашоого мүмкүндүгү бар экенин белгилеп, эгер биз колдон келгендин баарын жасасак, гаитиликтер ушундай ыкыбалга жетишерине терең ишеничин билдирди.

Телемарафондон түшкөн акчанын баары гаитиликтер үчүн жардам коруна которулду. Бул фондду экс-президенттер Билл Клинтон менен кенже Жорж Буш уюштурушкан.

Гаитинин өзүндө болсо өкмөттүн чечими менен куткаруу иштери токтотулду. Улуттар Уюмунун гуманитардык жардамдар мекемеси ырастагандай, урандылар алдынан 132 киши тирүү табылды, курман болгондор санын өкмөт ырасмий түрдө 110 миң адам деп атады, бирок алар 200 миңден ашышы мүмкүн. Бир жарым миллиондой киши үй-жайсыз калды.

XS
SM
MD
LG