Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

«КҮЛДҮГҮЧҮККӨ ОКШОШПУЗ, БИРИ-БИРИБИЗГЕ КҮЛ ЧАЧЫШЫП ТУРАБЫЗ»


Шейшембидеги кыргыз гезиттеринде адаттагыдай эле жергиликтүү жана дүйнөлүк окуялар, жаңылыктар, аларга комментарийлер, ойлор, түшүндүрмөлөр, пикирлер, сунуштар жарыяланды.

«Жерүй» алтын кенинин айланасындагы түшүнүктүү-түшүнүксүз оюндардын себеп-жөнүнө 20-июндагы «Аалам» гезитинде Элнура Кулуева токтолгон. Макала «Жерүйдү» жеринен, «Талдыбулакты» талдан чечпесе «бо-войт» деп аталат. Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын башчысы Орозбек Дүйшеевдин ырасташынча, курулушунун 80% бүтүп калган «Жерүй» алтын кениндеги курулуш иштерди токтотуп коюу «эч логикага сыйбаган чоркоктук. Бул жерде бийликтеги бир топтун өзүлөрүнүн кызыкчылыгы бар экендиги да көрүнүп турат». Таластагы алтын кендин айланасындагы мындай түшүнүксүз оюн дагы узакка созулчудай, деп бүтүм чыгарат макала автору.

Кыргызстандын тыш карызы, дегеле «Хипк-тупиктин автору ким?» экенине «Агым» гезитинде Шайлообек Назаралиев кызыккан. Дүйнө азыр бай-кедейге ачык ажырап, бардар 7 өлкөнүн калкы дүйнө элинин болгону 12% түзгөнү менен жалпы өндүрүлгөн продукциянын 60% керектеп, байыгандан байып баратат, дейт макала автору. Дүйнө калкынын 33% түзгөн Азия менен Африка калкынын керектөөсү азырынча 3,2% аша элек. 3 миллиарддан ашуун киши күнүнө 2 долларга жетпеген каражатка күн көрөт. «Алардын катарында биз да барбыз», деп жазат Ш.Назаралиев. Автордун ырасташынча, «Кыргызстандай өз ыктыяры менен сыйыртмакка мойнун салган өлкөлөр аз болсо керек».

Кыргызстандын азыркы башкаруучуларына «Агым» гезити аркылуу мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов кайрылган. Макала «Эй, кыргыздын чоңдору, качан ойлоносуңар?» деп аталат. «Араздашууну, иттей ыркырашууну токтотсок. Азыр бизге улуттук консолидация керек. Чачылып, ыдырап баратабыз. Илгерки таз кейпибизди кайра кийдик.. Түндүк жана түштүк болуп бөлүнүү реалдуу фактор болуп калды. Ушул бизге, алакандай кыргыз элине жараша турган ишпи? Карагылачы, азыр Кыргызстан эмнеге окшош. Күлдүгүчүккө окшошпуз. Жаман аялдарга окшоп, жөн эле акыйнек айтышпай, бири-бирибизге күл чачышып турабыз», дейт мурдагы идеолог.

Кытай менен Кыргызстан мындан ары чек ара маселесин козгобой тургандыктарын ырасташты. Эки өлкө жетекчилеринин Бээжинде кол койгон декларация боюнча маселе толук чечилгени ырасталган. Ушундан улам Кытайга кеткен Үзөңгүкуушту улам-улам козголоп, Акаев бийлигине каршы чыккан а кездеги оппозиция, азыркы күндөгү бийлик төбөлдөрүнүн позициясына «Кыргыз руху» гезити токтолгон. «Үзөңгүкууш үчүн Аксыда мырзадай жигиттерибиздин каны төгүлүп, Чубактын кунундай чубалган бул иш алиге бүтпөй келет», деп ырастайт басылма «Мончо – 3» деген макаласында.

Президент К.Бакиевдин Кытайга иш сапарларынын жыйынтыгы тууралуу шейшембидеги «Слово Кыргызстана», «Кыргыз туусу», «Эркинтоо», «Аалам», «Жаңы кылым», «МСН» гезиттери макалалар топтомун жарыялады. «Биз сөөлөттүүлөр отурчу жайга кирдик. Анын кандай кайрымжысы болот?» деп суроо коет «Слово Кыргызстана» гезити.

«Кыргызстанды кичинекей дебегиле, тоолорундай козголбогон салмагы бар». «Жаңы кылым» гезити Шанхай кызматташуу уюмуна төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга тийгенин ушундайча комментарийледи. «Шанхайдын жылуу маанайы» тууралуу «МСН» гезити да макала жарыялады.

Быйылкы жылы Меккеге ажылыкка баруунун албан түйшүгү, ажылыкты уюштуруунун алешемдиктери тууралуу «Агым» гезити жазды. Гезиттин ырасташынча, ажылыкка бараткан жолдо бир автобус өрттөнүп, бирөө кырсыкка учурап, 73 автобус чек араларда жумалап жаткан. Ар бир ажылык квоталар 30 – 50 доллардан сатылган. Виза ачтыруу да пара аркылуу жүргөн. «Алдын-ала эсептөөлөр боюнча жылда ажылык бизнестен түшүүчү жашыл акчанын суммасы 3 – 3,5 миллион доллардын тегерегинде болору айтылууда», деп маалымдайт «Агым» гезити.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш күч алып жатканын шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезити жазды. «Айрымдар коррупция күчөп, жеп-ичкендер мурдагыга караганда эки-үч эсеге көбөйдү деп ооз көптүрүшөт. А бирок эч кимиси мисал келтире алышпайт. А чындыыгнда революциядан кийин жеп-ичкендер акырындык менен тыйылып, айрымдары куса баштады», деп жазат А.Назарбаев.
XS
SM
MD
LG