Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

ДЕМОНСТРАНТТАР АК ҮЙДҮ АЛЫШТЫ


24-мартта Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдүн бирдиктүү митинги болуп, президент Аскар Акаевдин бийлиги алынды. Бирдиктүү митинг алгач Бишкектин Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Жеңишбек Назаралиевдин медициналык борбору жайгашкан аянтта эртең мененки саат 10до башталды. Кийин демонстранттар Ак үйдү алышты.

Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн Назаралиевдин медициналык борборунун жанында башталган бирдиктүү биринчи митинги президент Аскар Акаевдин бийлигин кулатууга багыт берген алгачкы митинг болду.

Ал жерге кеминде төрт миңге чукул адам катышып, президент Аскар Акаевдин кетишин талап кылышты. Митингге «Кыргызстан элдик кыймылы!», «Ата журт» кыймылдарынын, саясий партиялардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары жана шайлоодо өтпөй калган талапкерлердин көбү катышты.

Андан тышкары митингде Кочкор, Жумгал, Аксы, Талас, Сокулук, Москва райондорунан митингге катышуу үчүн атайын келген атуулдар да болушту.

Митингге чогулган эл сөз сүйлөгөн ар бир саясатчынын сөзүн кол чаап кубаттоо менен коштоп, «Акаев кетсин!» деген талапты удаа-удаа кыйкырып турушту. «Ата журт» кыймылынын тең төрайымы Роза Отунбаева оппозициянын ичинде биримдик жок деген маалымат жалган деп билдирип, бийликти кулатуу үчүн бир күчкө биригишкендигин жарыя кылды.

Ал эми «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасы Курманбек Бакиев Ош менен Жалалабадда каракчылык жүрүп жатат деп кабарлаган өкмөтчүл массалык маалымат каражаттарынын бир жактуу маалыматтарын жокко чыгарып, элдик курултайда шайланган бийлик өз ыргагында иштеп жаткандыгын жана бийлик элден бөлүнгөндүгүн жарыя кылды.

-Мурдагы премьер министр жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты катары мен силердин алдыңарда туруп, зор жоопкерчилик менен ачык айтайын: бийлик элден бөлүнүп калды. Ал өзү гана жөнүндө ойлоп, элди ойлгон жери жок. Ошондуктан мен президент кызматтан кетсин деген талапты колдойм. Андан тышкары өкмөт жана шайлоо маалында көп мыйзам бузууларга жол берген БШК, бардык облустардын шайлоого кийлигишкен губернаторлору кетсин . Кыргызстандын эли өзүн кордоого жол бербейт ,- деп элди биримдикке чакырды.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшебаев митингге өтүп жаткан жерге келгенде элдин баары митингге чыкаандарга каршы ок атылаарын билгиси келип, так жооп берүүнү талап кылышты. Кеңешбек Дүйшөбаев митинг тынч өтсө милиция каршылык көрсөтпөсүн жана милиция элдин тынчтыгын коргойт тургандыгын билдирди.

Кийин Ак үйгө келген демонстранттарга милиция катуу деле каршылык көрсөткөн жок. Ак үйгө кирип барган эл президент Аскар Акаевдин кабинетине чейин кирип барышты.

Азырынча Акаевдин каякта экени белгисиз. Башкы идеолог саналган Осмонакун Ибраимов отставка сурап жатат.

XS
SM
MD
LG