Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Интернеттен да корккон өлкөлөр бар


АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Интернеттеги эркиндик жөнүндө сүйлөөдө. Журналистика музейи. Вашингтон. 21-январь
АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Интернеттеги эркиндик жөнүндө сүйлөөдө. Журналистика музейи. Вашингтон. 21-январь

АКШ Мамкатчысы Кытай, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдү Интернетти цензуралоодо деп сындады. Хиллари Клинтон ырасмий Бээжинди жакында Google'га жасалган киберчабуулду кылдат териштирип, ачык жарыялоого да чакырды. Баш кеңсеси АКШда жайгашкан Google компаниясынын 12-январда билдиришинче, хакерлер Google'дун кодун бузуп, укук коргоочулардын каттарын окууга аракет кылган.

Кытайлык жигит Google'дун кытай тилиндеги булагынан Далай Лама жөнүндөгү маалыматтарды издөөдө. Бээжин. 14-январь 2010
Интернет - дүйнөнүн нерв системасы

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон 21-январда Вашингтондогу Журналистика музейинде Интернет эркиндиги боюнча кенен сөз сүйлөдү. Сөздү АКШ Мамдепартаментинин сайты он-лайн режимде түз алып уктуруп жатты.

Клинтон айым Интернет маалымат таркатууда планетанын нерв системасы сыңары чар тарапта болгон окуяны реалдуу убакытта ошол замат билип, жооп кайтарууну мүмкүн кылганын, бирок маалыматты бардык эле адамдар ала албасын баса белгиледи:

- Өткөн жылы эркин маалымат алмашууга катуу коркунуч болгонун көрдүк. Кытай, Тунис жана Өзбекстан Интернетке цензура киргизди. Вьетнамда популярдуу сайттарга капылеттен эле кирүү мүмкүн болбой калды. Өткөн жума күнү Египетте 30 активист жана блогер кармалды.

Мамкатчы Интернетти тосуп-жабуу Адам укугу боюнча универсалдык декларацияны бузуу экенин жана эркин маалыматка жол тоскон
Өзүн "Арабия жарым аралындагы "Ал-Каида" уюму" деп атаган топтун лашкер башчысы Мохаммед ал-Ауфинин мына бу видеотасмасын "ал-Малахим" медиа фонду интернетте да жарыялаган.
өлкө “келерки кылымдагы прогресстен сыртта каларын” эскерте кетти. Береги декларацияда бардык адамдарда маалыматты жана идеяларды эч кандай тоскоолдугу жок издөөгө, бөлүшүүгө укуктуу деп айтылган.

"Ал-Каида" жана Саудия Интернетти кандай пайдаланат?

Хиллари айым жаңы маалымат таркатуу технологиясын “ал-Каида” сыяктуу террорчул уюмдар бир элди экинчи бир элге каршы койуу, жек көрүүчүлүктү жайылтуу үчүн пайдалан алышарын да айтып өттү:

- Эркиндик үчүн кыймылга уюмдашууга жардамдашкан системаны “ал-Каида” жек көрүүчүлүктү жайылтуу жана бейкүнөө адамдарга каршы зобун-зордукту жүргүзүүгө күш-күштөө үчүн колдоно алат. Өкмөткө ачык-айкын иштөөгө мүмкүндүк берген технологияны бийликтер диссиденттерди кыйратуу жана адам укугун тепсөө үчүн пайдалана алат.

Докладчы кээ бир мамлекеттер Интернетти адамдардын ишеним эркиндигин чектөөнүн куралы кылып алганына да өкүнүч менен токтолду:

-Кээ бир өлкөлөр Интернетти адамдардын диний көзкарашын басмырлоонун куралына айлантып алышкан. Былтыр, мисалы, Сауд Арабиясында бир адам христиан дини жөнүндө өз блогунда жазганы үчүн бир ай түрмөдө отуруп чыкты. Гарвард университинин изилдөөсү Саудия өкмөтү сайттардагы индуизм, иудаизм, христианчылык, атүгүл ислам жөнүндөгү беттерди жаап салганын аныктаган. Айрым өлкөлөр, анын ичинде Вьетнам жана Кытай диний маалыматты чектөө үчүн ушундай эле тактиканы пайдаланат.

АКШ Мамкатчысы Google'га Кытайда жасалган киберчабуулга астейдил көңүл буруп, ырасмий Бээжинди аны изилдеп, жыйынтыгын дүйнө коомчулугуна жарыялоого үндөдү:

- Жакында Google менен болгон окуя чоң кызыгууну жаратты жана биз Кытай бийликтери Google билдирген киберчабуулду кылдат иликтейт деп күтөбүз. Биз, ошондой эле, изилдөөнүн жыйынтыгы ачык жарыяланат деп күтөбүз.

Google'дун ырасташынча, анын издөөчүлөрүнө Кытайдагы компьютерлерден кол салынган. Бирок, чабуул Кытай бийликтеринин ыкласы менен жасалганын тастыктаган далилдер жок. Анткен менен Мамдепартамент Google боюнча Кытайга атайын кайрылуу жасоону мерчемдеп жатканын билдирди.

Бейшемби күнү Кытайдын Тышкы иштер министринин орун басары He Yafei Google мыйзамды сактоосу зарыл экенин эскертип, ал эми киберчабуулду саясат менен аралаштырбоого чакырды жана Google менен болгон окуя Кытай-АКШ алакасына эч кандай таасир этпесин маалымдады.

XS
SM
MD
LG