Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

ӨЗБЕКСТАН, ТАЖИКСТАН, КЫТАЙ, ИРАН ИНТЕРНЕТТИН КАТААЛ ЦЕНЗОРЛОРУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Интернет цензорлорунун катарында баары болуп 25 өлкө аталган. Канаданын Торонто шаарында жайгашкан «Оpen net Initiative» деп аталган уюмдун айтымында, былтыр жүргүзүлгөн иликтөө алгачкы иликтөө болуп, каражаттардын жетишсиздигинен уюм ага 40 өлкөнү гана камтый алган.

Бирок, бул чектелген иликтөө да өлкөлөрдүн көбү интернетти электен өткөрүү кеңири практикалана турганын көрсөттү. Адатта жеке инсандардын, бейөкмөт уюмдар менен саясий партиялардын интернет барактары электен өткөрүлөт. Ошондой эле майда, чыпкадан арзан телефон байланышы менен тейлеген Google Maps, YouTube жана Skype интернет кызматтары да электен өткөрүлөт.

Өзбекстандын бийликтери мисалы эл аралык сайттардын көбүнүн ишине кийлигишпегени менен жергиликтүү сайттарды тап жылдырбайт. Интернет сайттарын Кытай, Сирия, Иран, Пакистан жана Саударабия сыяктуу өлкөлөр дал ушинтип кармашат, дейт уюм. «Оpen net Initiative» уюмунун айтымында, келечекте өкмөттөргө интернет менен байланышы бар баардык системаларды, анын катарында, чөнтөк телефондор менен сүйлөшүү жана кат алышууну көзөмөлдөп, жарандарды тап жылдырбай кармоого жол ачылат.

XS
SM
MD
LG