Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

"Трамптын сот иштеринде акылга сыйгыс дагы вариант бар"


АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп.

Нью-Йоркто АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын порнографиялык тасмаларга тартылган актрисага 130 миң доллар төлөп бергени боюнча иш каралууда. 7-майда Сторми Дэниэлс күбө катары көрсөтмө берди. Трамп өзү актриса менен жакын болбогонун айткан.

Прокурорлор белгилегендей, Трамп порнографиялык жылдызга акча берип, экөөнүн ортосунда он жыл мурда болгон интимдик катнаш тууралуу иштин жигин билгизбей жабууну көздөгөн. Акчаны ал шайлоо кампаниясынан мыйзамсыз бөлгөн.

Бул Американын 45-президенти 77 жаштагы Трампка каршы козголгон төрт иштин алгачкысы. Ал быйылкы президенттик шайлоого аттанган республикачылардын башкы үмүткөрү.

Трамптын шайлоого катышуу жана утуп чыгуу мүмкүнчүлүктөрү канчалык жогору? Экс-президент камалып кетсе эмне болот? Биз ушул жана башка суроолорду Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору, изилдөөчү Эрика Маратка узаттык.

"Азаттык": Дональд Трамп учурда төрт иш боюнча айыпталууда. Бул 2021-жылдын башында анын тарапташтарынын Конгресске кирип барышы, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактоо, президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо аракети жана иш кагаздарын фальсификациялоо боюнча иштер. Трамптын тарапташтары мунун баарын саясий куугунтук, таанымал талапкерди шайлоодон жыдытуу аракети катары көрүп жатышат. Сиздин оюңуз кандай?

Эрика Марат: Менимче, Трамп бул учурду өзүнүн шайлоо өнөктүгүнүн пайдасына экинчи жолу президент болуп калуу үчүн жакшы колдонуп жатат. Жалпысынан алганда, мунун баары Америкада инситуттар иштээрин көрсөтүп жатат. Мурда-кийин болуп көрбөгөндөй окуялар болууда. Анткени Кошмо Штаттарда мурдагы президенттер соттолгон учур болгон эмес. Дагы бир жолу кайталай кетсем, мунун баары мамлекеттик институттардын иштээрин айгинелеп жатат. Биз судьялар же сот арачылары объективдүү чечим чыгарарына үмүт кылабыз.

Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат.
Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат.

Азаттык: Сиз айткандай, Дональд Трамп сот жараяндарын үгүт өнөктүгүнө пайдалануу аракетин көрүп жаткандай таасир калтырат. Америкалык медиа сот башталгандан бери анын рейтинги да өсө баштаганын кабарлап жатат. Чындыгында бул сот жараяндары Трампка шайлоо жарышында упай алып келиши мүмкүнбү?

Эрика Марат: Албетте. Сот жараяндары Трампка экинчи ирет шайланышына өбөлгө болушу мүмкүн. Анткени ал сот системасын саясатташтырып салды. Ал бул иштерди жеке өзүнө эмес, анын кайра шайланышына, тарапташтарына, аны колдогондорго каршы болуп жаткандай көрсөтүүнү көздөйт. Сотто да өзүн коргоп жатып, ал шайлоочуларын коргогондой түр көрсөтүүдө. Учурда бул багытта Америкада абдан оор кырдаал болуп турат. Анткени сот чечимдери кандай болот жана анын кайра шайланышына кандай таасирин тийгизет деген суроо көптөрдү түйшөлтүүдө. Эгер шайлоого чейин кайсы бир иш боюнча Трампты эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылса, анда бул дагы Американын тарыхында буга чейин болуп көрбөгөндөй окуя болуп катталып калат. Ал жагдайда дагы кандай болот деген суроо жаралат. Балким, Жогорку сот кийлигишип, соттолгон талапкердин макамы боюнча чечим кабыл алат.

Азаттык: Трамптын оппоненттеринин айтымында, анын адвокаттары башка сот процесттерин жылдырууга аракет кылышы мүмкүн. Алардын жүйөсүнө караганда, эгер Трамп шайлоодо утса, бул иштерди жаап же өзүнө өзү ырайым бере алат. Сиздин оюңузча, бул канчалык мүмкүн?

Эрика Марат: Толук мүмкүн. Анткени мындай жагдайлар буга чейин болгон эмес. Трамп президент болуп калса өзүнө ырайым бериши мүмкүнбү? Мен билгенден, ал өзүнө федералдык алкакта каралып жаткан иштер боюнча ырайым бере алат, бирок штаттарда ачылган иштер боюнча бере албайт. Теориялык жактан алганда, 2021-жылы 6-январда тарапташтарынын Капитолийге кирип барышы жана жашыруун документтерди мыйзамсыз сактоо иши боюнча өзүнө ырайым бере алат. Албетте, сот системасында абдан көп талкууларды жаратышы ыктымал. Акылга сыйгыс дагы вариант бар. Бирок ал кайсы бир иш боюнча камалып, андан соң президент болуп шайланып калса, түрмөдө отуруп өзүнө ырайым берип калышы мүмкүн. Азырынча баары бүдөмүк.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жана азыркы лидери Жо Байден.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жана азыркы лидери Жо Байден.

Азаттык: Ошентсе да, АКШда Трампты колдогондор деле арбын экенин байкоочулар белгилешет. Анын президенттик шайлоодо утуп чыгуу ыктымалдыгы канчалык жогору?

Эрика Марат: Анын кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү абдан жогору. Ага каршы жүрүп жаткан сот иштери - өзүнчө бир фактор. Андан башка дагы жагдайлар бар. Ошол эле калк өзүн канчалык экономикалык жактан туруктуу сезип жатат? Өзгөчө калктын ортодон төмөн деңгээлде жашаган катмарында инфляция жогорулап, каатчылык болуп жатат деп нааразы болгондор арбын. Андан тышкары мунун баары жаштар канчалык Байденди колдоорунан көз каранды. Анткени өзгөчө жаштар арасында Байдендин Израил бийлигине көрсөткөн колдоосуна каршылык маанай абдан жогору.

"Азаттык": Быйыл күзүндө өтчү шайлоодо америкалыктар дагы кандай факторлорго көңүл бурушу мүмкүн? Байдендин мүмкүнчүлүктөрүн кандай баалай аласыз?

Эрика Марат: Ар түрдүү, оор факторлор бар. Бул жолу Америкадагы шайлоо тууралуу бир нерсе болжоп айтуу абдан кыйын болууда. Анткени мурда экономикага карап эле баа берүү мүмкүн болчу. Маселен, экономика туруктуу болуп же өсүп жатса, кызматтагы президент кайра шайланары толук мүмкүн эле. Эгер экономика солгундап кетсе, анда анын оппоненти утарын билчүбүз. Азыр Америкада экономика өсүп жатканы менен, ал баарына эле сезилген жок. Өзгөчө калктын жакыр катмарына сезилбейт. Экономикадан тышкары, Израилди колдоо маселеси азыр орчундуу болуп турат. Бир четинен калктын көп бөлүгү Израилди колдогону менен, университеттерде, студенттер арасында буга каршылыгын билдиргендер көп чыгууда. Байден бул көз караштарга калыстык кыла алабы? Аялдардын аборт маселеси да бул шайлоодо орчундуу болуп турат. Азыр көп штаттарда бойдон алдырууга тыюу салынган. Буга каршылар Байденге добуш бериши мүмкүн. Анын үстүнө Байдендин жаш курагы дагы бир топторду бушайман кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG