Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Тилек Матраимов үй камагына чыкты


Кармалган бир туугандар: Райым, Руслан, Тилек жана Ислам Матраимовдор.
Кармалган бир туугандар: Райым, Руслан, Тилек жана Ислам Матраимовдор.

Кара-Суу районунун экс-акими, коррупцияга айыпталып кармалган Райымбек Матраимовдун бир тууганы, өткөн айда Азербайжандан кармалып келинген Тилек Матраимов үй камагына чыкты.

Мындай токтомду Ош облустук соту 26-апрелде чыгарганын соттун маалымат кызматы "Азаттыкка" билдирди. Соттун токтомуна ылайык, Тилек Матраимов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен чыгарылган. Маалыматта үй камагынын мөөнөтү туралуу сөз жок.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Сот аны 26-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.

Ушул эле күнү Ош шаардык соту мурдагы бажычынын агасы Тилек Матраимовду бир айга, инилери Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камаган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Азаттыктын” коррупцияга каршы күрөш тууралуу суроолоруна жооп берип жатып, Матраимовдон 200 млн доллардай каражат алынарын билдирген.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Январь айында УКМК ага издөө жарыяланып, мартта Бакудан алынып келди.(ZKo/DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG