Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:57

Төрт айлык ымыркайдын өлүмүнө байланыштуу акушер-гинеколог кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборундагы төрт айлык ымыркайдын өлүмү боюнча Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси ("Бала сатуу") менен кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мурдагы акушер-гинеколог, 61 жаштагы А. Б. аттуу аял кармалды.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) маалымдагандай, А. Б. айрым адамдар менен мыйзамсыз сүйлөшүүлөр аркылуу оор кылмышка - бала сатууга барган деп шек саналууда.

Октябрь райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, тергөөнүн аягына чейинки мөөнөткө Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.

Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборундагы төрт айлык ымыркайдын өлүмү боюнча Октябрь райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, соңунда кылмыш ишин козгогон.

8-апрелде С.Н. аттуу жаран өзүнүн багып алган төрт айлык ымыркай кызына өздүгүн аныктоочу документин алуу үчүн Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылган. Башкармалыктын кызматкерлери ымыркай кыздын өздүгүн аныктоочу документи жок болгондугуна байланыштуу “102” кайгуул кызматына кабар беришкен. Бала жогоруда көрсөтүлгөн реабилитациялоо борборуна тапшырылган.

Көп өтпөй ымыркай чарчап калган. Райондук прокуратура Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Бишкек шаарындагы балдарды реабилитациялоо жана колдоо борборунун жооптуу кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш ишин козгоду. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тергеп жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG