Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:38

Газа: ЦАХАЛдын операциясы ондон көп адамдын өмүрүн алганы кабарланды


Газа тилкесиндеги эң ири деп саналган Аш-Шифа ооруканасынын үстүнөн көтөрүлгөн түтүн.
Газа тилкесиндеги эң ири деп саналган Аш-Шифа ооруканасынын үстүнөн көтөрүлгөн түтүн.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесиндеги аскердик операциясынын алкагында абадан сокку урууну улантып жатат. Жердеги кармаш негизинен Аш-Шифа ооруканасынын айланасында жүрүүдө. Бул тууралуу маалыматты ЦАХАЛ жана анклавдын Саламаттык сактоо башкарамалыгы билдирди.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму көзөмөлдөгөн тилкенин Саламаттык сактоо мекемеси маалымдагандай, ЦАХАЛдын Аль-Шежая шаарына жасаган эки жолку аба соккусунан кеминде 17 кишинин өмүрү кыйылды. Ал эми Аль-Магази качкындар лагеринде сегиз киши жан бергени маалымдалды.

ЦАХАЛ Аш-Шифа ооруканасынын айланасында “карапайым тургундарга, медициналык топторго жана жабдыктарга азыраак зыян келтирүүгө аракет көрүү менен” аскердик операциясын улантып жатканын бышыктады.

Жөөт армиясы ошондой эле 28-мартта бир нече согушкерди жок кылганын билдирди.

Газа тилкесиндеги эң ири деп саналган Аш-Шифа ооруканасында ЦАХАЛдын аскердик операциясы башталганына бир аптадан ашты. Ал жакта дарыланып же баш калкалап жаткандар аман калуунун аргасын издеп башка жактарга качууга аргасыз болушту.

Газадагы соңку уруштун башталышына ХАМАС радикал уюмунун 7-октябрда Израилдин конуштарына кол салышы түрткү болгон. Анда жоочулар 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөйдү барымтага алганы кабарланган. Буга жооп кайтарып, Израил армиясы Газадагы аскердик операциясын баштаган. Андан бери анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы 32 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG