Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Орус армиясы Украинада бомбанын жаңы түрүн колдондубу?


Орус армиясынын Харьковго жасаган аба чабуулунун кесепети. 27-март, 2024-жыл.
Орус армиясынын Харьковго жасаган аба чабуулунун кесепети. 27-март, 2024-жыл.

Орус армиясы 28-мартка караган түнү Украинанын Харьков, Запорожье, Одесса облустарына сокку урду. Жергиликтүү бийлик жабыркагандар бар экенин билдирди. Буга чейин орус армиясы Харьковго бомбанын жаңы түрү менен сокку урганы кабарланууда. Орус армиясы Украинада куралдын жаңы түрүн колдоно баштадыбы?

Орус күчтөрү Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков шаарына 2022-жылдан бери биринчи жолу авиабомба колдонгонун 28-мартта кабарланды. Шаршемби күнкү чабуулда бир карапайым тургун көз жумуп, 16 киши жараат алганы маалым болду. Соккудан бир нече турак-жай, медициналык мекеме жабырканын жергиликтүү бийлик билдирди.

Соңку күндөрү орус күчтөрү Украинанын аймактарына абадан чабуулду күчөтүп, башкалаа Киевге ракеталык сокку уруп, энергетикалык инфратүзүмдөрдү бутага алууда. Байкоочулардын эсебинде, муну менен орус бийлиги Белгород облусундагы соккуларга жооп кайтарууда. Харьков облусу согуш тилкесинде, Орусияга чектеш жайгашкан. Бул аймак Москва кеңири масштабуу согуш ачкан 2022-жылдын февралынан бери аба чабуулдарына тушугуп келет. Ал эми 27-марттагы чабуул башкача болгонун жергиликтүү бийлик билдирди. Харьков полициясынын тергөө башкармалыгынын башчысы Сергей Болвинов Телеграм аркылуу билдиргендей, шаршембидеги кол салууда авиабомба колдонулган. Бул маалыматты облус губернатору Олег Синегубов да ырастады.

“Карапайым тургундардын үйлөрүнө урулган сокку УМПБ Д-30 бомбасы менен ишке ашырылгандай. Ал жарылуунун күчү боюнча кыйла эле кубаттуу. Калибри 30 см болгон аппарат 90 чакырым аралыкка жете алат”, - деди Синегубов.

Соңку соккулар украин армиясына аскер жана курал-жабдык жетишпей, узундугу 1000 чакырымды түзгөн фронт тилкесинде орус күчтөрүнүн чабуулдарына дуушар болуп жаткан маалга туш келди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Харьковдогу чабуулду “Орусиянын террору” деп мүнөздөдү.

“Харьков. Калаага каршы Орусиянын террору өзгөчө акмакчылык болду - миллиондон ашуун адамды электр жарыгысыз калтыруу аракети жасалды, ракеталар жана “шахеддер” менен тынбай сокку урулду. Эми авиабомбалар колдонулууда. Жөн эле кадимки көчөлөргө, үйлөргө, мектептерге, жарандык инфратүзүмдөргө сокку уруп жатышат”, - деп жазды ал Телеграмга.

УМПБ Д-30СН – бул америкалык GBU-39/B SDB деп аталган “акылдуу” бомбанын көчүрмөсү. Анын салмагы 250 кг түзөт. Аскердик аналитиктердин эсебинде, орус армиясы учурда бул бомбанын түрүн сыноодон өткөрүп жатат. Реактивдүү системаларга салыштырмалуу бул авиабомбалар соккуну тагыраак урат жана траекториясын тууралай алат.

Харьков орус армиясынын аба чабуулунан кийин. 27-март, 2024-жыл.
Харьков орус армиясынын аба чабуулунан кийин. 27-март, 2024-жыл.

Орусия Киевге кемелерге каршы ракеталар менен сокку урганы кабарланды

Ал эми 25-мартта орус армиясы украин баш калаасына “Циркон” ракеталары менен сокку урганы маалым болду. Мындай жыйынтыкты Киевдеги Соттук экспертиза институтунун эксперттери чыгарышты.

“Циркон” - бул кемелерге каршы колдонулчу жаңы, үндүн ылдамдыгынан тез учкан ракета. Ойлоп табуучулар билдиргендей, ракетанын ылдамдыгы саатына 11 миң чакырымды түзөт.

Украиналык аскердик эксперт Александр Коваленконун пикиринде, Москва учурда жаңы, толук иштелип бүтө элек куралды реалдуу шарттарда сынап жатат.

“Бул ракета менен Киев жана Киев облусуна сокку жөн жерден урулган жок. Баш калаа эң мыкты деп саналган “Пэтриот” жана SAMP/T абадан коргонуу системалары менен корголгон. Азыр орус армиясы “Циркон” бул системаларды канчалык жиреп өтө аларын текшерип жаткандай”, - деди Коваленко.

"Циркон" ракетасы.
"Циркон" ракетасы.

БУУ: Орусия үч айда кеминде 32 украин туткунун өлтүргөн болушу ыктымал

Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы баяндамасына ылайык, Орусия 29-февралга чейин кеминде 32 украин аскерин дарга аскан болушу мүмкүн.

Адам укуктары боюнча жогорку комиссариатынын башкармалыгы 26-мартта билдиргендей, аларга 1-декабрдан 29-февралга чейин кеминде туткундагы 12 украин аскери дарга асылганы тууралуу маалымат түшкөн. Уюм алардын жетисинин өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Маалыматта белгиленгендей, туткунга түшкөн украин аскерлери куралдарын таштагандан кийин же сурак маалында өлтүрүлүшү мүмкүн.

Башкармалык билдиргендей, алар барымтадагыларды айырбаштоо жараяны аркылуу туткундан бошотулган 60 украин аскери менен баарлашкан. Туткунга түшкөн эркектердин теңинен көбү сексуалдык зомбулукка дуушар болуп, электр тогу менен кыйноого жана ур-токмокко кабылганын айтышкан.

Кремль БУУнун баяндамасына комментарий берген жок.

21-февралда Улуттар Уюму билдиргендей, Орусия кеңири масштабдагы согуш ачкандан бери кеминде 10 582 карапайым украиналык өлтүрүлүп, 19 875 киши жараат алган. Баяндамада бул сан алда канча жогору болушу мүмкүн экени баса белгиленет.

Көптөгөн далилдерге карабай, Москва Украинанын жай тургундарына чабуул койгонун четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG