Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

"Атам мага каршы согушту". Орус-украин урушу бөлгөн жакындар


Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 47-бригадасынын командири Александр.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 47-бригадасынын командири Александр.

Украиналык аскер Донецк облусундагы салгылашта атасын жолуктурган. Анын атасы орусиялык танк экипажында болгон. Александр менен атасы бир салгылашууда жолугуп, атасы ага ок аткан эмес, анын ордуна өзү жардыруудан каза болгон.

Донецк облусунун Авдеевка багытында АКШнын куралдуу күчтөрүнө өткөрүлүп берилген "Брэдли" жөө аскерлеринин согуштук автоунаасынын экипажы орусиялык танкты жок кылган.

"Танктын астын тороп чыкканга эрк керек. Ар бир эле адам буга даяр эмес. Эгер аны жок кылганга жетишсең, сен эки эсе азаматсың".

"Тез маневр жасай алган, корголгон жана жакшы куралданган".

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 47-бригадасынын командири Александр автоунаасын ушундай мүнөздөйт. Анын экипажы орусиялык эки танкты жок кылган. Украина Орусиянын жок кылынган аскердик техникасы үчүн акчалай сыйлык убада кылган.

"Жок кылынган танктар үчүн сыйлык алганбыз".

"Атам каза болду деп өкүнгөн жокмун". Ар ким өз тарабын тандады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

"Брэдлинин" экипажы тууралуу Украинанын жалпыга маалымдоо каражаттары эле эмес, Орусиянын басылмалары да чагылдырган. Бир нече убакыттан кийин Александрга белгисиз номерден чалуу келген. Телефондон "Мен сенин атаңмын" деген добуш чыккан.

"Алгач мен муну кимдир бирөөнүн тамашасы деп ойлодум. Ал "биз тарапка өт" деп айтканда гана ким экенин түшүндүм".

Александрдын атасы ошол эле аймакта бирок, орусиялык армиянын танкын башкарып, согушуп жаткан.

"Ал мени дароо макул, ал тарапка өтөт деп ойлодубу? Андай болмок эмес. Апам Украинадан, ал киши Орусиядан. Ал Украинада болчу, бирок мен ал жөнүндө көп билбейм".

Тагдыр Александр менен анын атасын бир салгылашууда жолуктурган. Тагыраак айтканда, бири-биринин бронетехникаларын көрүшкөн. Украин экипажы өз милдетин аткарып жүргөндө орус танкы капысынан аларды карай ок аткан. Александрдын атасы дал ошол танктын ичинде болгон.

"Ал чабуулдан биздин техника жабыркаган жок. Алар үчүн ийгиликсиз болду. Ал телефон чалып, экипажда кимдер бар экенин түшүнгөндөн кийин ок чыгарбай калганын айтты. Биз чегинип жатканда, алар бизге маани беришкен жок. Анда аталык сезим болгон эмес. Ал жерде бир гана кызыкчылык болгон. Акча!".

"Брэдли" танкы.
"Брэдли" танкы.

Бир нече убакыттан кийин Александр атасынын каза болгонун билген.

"Ал кетип баратканда, үч жолу минага туш болуп, жардыруу болду. Экипаждын баары чыкканга үлгүргөн жок. Ал танктан чыга албай, ошол жерде калып кетти. Ар кимдин өз тагдыры бар. Ал кайда баратканын билген. Мен аны таанып, билчү деле эмесмин. Менде атам каза болду деген өкүнүч деле болгон жок. Бул биздин иш. Ал өз тарабын тандады. Мен өз тарабымды тандадым. Ушуну менен бүттү".

M2 Bradley кадимки аскердик техникадан эки эсе оор, каршылаштын 30 миллиметрлик снаряддарынан коргой турган чопкутка ээ. "Брэдли" Ирактын ракетага каршы TOW комплекси менен жабдылган танктарын талкалаган. Эки танкты бир маалда жарактан чыгарууга жөндөмдүү. Өткөн жылы жай айында The New York Times украиналык аскерлер чабуулга өткөндөн бери 20% каруу-жарагын жоготконун жазган. Басылманын билдиришинче, украин армиясына берилген "Брэдли" жана немистердин "Леопард" танктарынын көбү орус армиясынын минасына жарылып же тик учактын огунан кыйраган. Мындан улам украин аскерлери тактикасын өзгөрткөн. Алар мина көмүлгөн талааны кезүүдөн баш тартып, анын ордуна орусиялык аскер бөлүктөрүн ракеталык жана артиллериялык курал менен атууга өтүшкөн.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралда кол салган. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-февралдагы маалымат жыйынында айтканына караганда, 2022-жылдын 24-февралында башталган согушта 31 миңден ашуун украин аскери өлгөн. Зеленский орус күчтөрү басып киргенден бери Украинада он миңдеген жайкын тургундун өмүрү кыйылганын белгилеп, Орусия 180 миң аскеринен ажыраганын, 500 миңдей орус жоокери жарадар болгонун кошумчалаган. Орусия өзүнүн аскердик жоготууларын ачык жарыялабай келет. Би-Би-Синин орус кызматынын жана "Медуза" басылмасынын журналисттери Орусия үчүн согушкан 45 миңден ашуун адам согушта набыт болгонун тактаган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG