Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

Ошто экстремизм боюнча каттоодо тургандарга түшүндүрүү иши жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт. Архив.
Иллюстрациялык сүрөт. Архив.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) коопсуздук чараларын күчөтүп, “экстремист” аталышындагы ыкчам иликтөө, алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Укук коргоо органдары диний экстремизм боюнча ыкчам каттоодо тургандарды, Сирия, Ирак, Ооганстан өлкөлөрүндө согуштук аракеттерге катышып келгендиги үчүн соттолуп чыккандарды жана айрым чет элдик жарандар менен маектешүү жүргүзүп, мыйзам жоопкерчилиги эскертилүүдө.

“Издөөгө алынгандарды кармоо, террористтик жана экстремисттик уюмдарга тийиштүү болгон материалдарды таратып жаткандардын жана алардын байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Милиция жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен соода борбор, базар, банк жана мечит сыяктуу эл көп топтолгон жайлардын ээлери, аны кайтарган күчөтчүлөр менен кеңешме өткөрүп, коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча чечимдер кабыл алынганын билдирди.

Буга чейин Баткен облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын таратууга шек саналган эки жаран кармалганын билдирди. Бишкек милициясы Орусиядагы "Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кабарлаган.

2003-жылдан бери Кыргызстанда баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салынган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG