Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Теракт даярдоого шектүү Самара шаарынын тургуну сотко жеткирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москванын Басман райондук соту алдын ала уюшуп алып, теракт жасоого даярданган деген айып менен Самаранын 28 жаштагы тургуну Илья Ковылковду камады.

Бул тууралуу Sota басылмасы жазды. Басылма шектүү сотко ур-токмоктун издери менен алып келингенин белгилеген. Сот учурунда Ковылков акырын сүйлөп, чөккөн абалда болгон.

Ага коюлуп жаткан айыптын мазмуну кандай экени белгисиз. Sotaнын журналисттери ал Москванын Шереметьево аэропортунда теракт даярдоого камынган деп шек саналышы мүмкүн экенин, анын алдын алуу тууралуу 26-мартта “Экстремизмге жол жок!” Телеграм-каналы кабарлаганын жазышты.

Ошол эле күнү полиция NS/WP жана "Эркин Орусия легиону" уюмунун 48 жаштагы катышуучусу жана Самаранын 28 жаштагы тургуну кармалганы айтылган. Тартип коргоо органдары Шереметьеводо теракттын алдын алышканы тууралуу расмий маалымат беришкен эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG