Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

Иранда реформачыл талапкер президенттик жарыштан чыкты


Мохсен Мехрализадех. Тегеран, 13-май 2021-жыл
Мохсен Мехрализадех. Тегеран, 13-май 2021-жыл

Иранда 18-июндагы президенттик шайлоо алдында реформачыл талапкерлердин бири ат салышуудан баш тартты. Ислам жумуриятынын маалымат каражаттары кабарлагандай, 64 жаштагы мурдагы вице-президент Мохсен Мехрализадех шайлоо кампаниясынын акыркы күнүндө (шаршембиде) талапкерлигин алып салды. Саясатчы тиешелүү комиссиянын элегинен өткөн эки реформачылардын бири болчу. Азыркы президент Хасан Роухани эки мөөнөт кызматты аркалагандыктан, ат салыша албайт.

Ошентип, жарышта эми 6 талапкер калды. Байкоочулар шайлоону ашынган консерватор, жогорку лидер аятолла Али Хамененин жакын адамы Эбрахим Раиси жеңет деп болжолдошот.

Мехрализадехтин маалымат катчысы расмий билдирүү 16-июнда кечинде чыгарын айтты.

Коомдук пикирди изилдеген ISPA институтунун маалыматына караганда, мурдагы вице-президент сурамжылоолордо артта баратканын көргөзгөн.

Анын жарыштан чыгышы дагы бир реформачыл талапкер, Борбордук банктын мурдагы жетекчиси Абдолнасыр Хемматинин мүмкүнчүлүгүн жогорулатат деп күтүлүүдө.

Шайлоого катышабыз деген көптөгөн байистүү жана реформачыл саясатчыларга ат салышуу мүмкүнчүлүгү берилген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG