Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Иранда президенттик шайлоого ат салышам деген 7 киши электен өттү


Ирандын Ички иштер министрлиги болочок талапкерлерди атоонун алдында. Тегеран, май, 2021-жыл
Ирандын Ички иштер министрлиги болочок талапкерлерди атоонун алдында. Тегеран, май, 2021-жыл

Ирандын Сакчылар кеңеши эмки айда өтчү президенттик шайлоого жети талапкерди жактырды. Маалыматтарга караганда, бир нече белгилүү саясатчы жогорку лидер Аятолла Али Хаменеи өзү көзөмөлдөгөн консервативдүү органдын элегинен өтпөй калды.

Мамлекеттик телеканал кеңештин басма сөз катчысы Аббас Али Кадходаиге шилтеме берип кабарлагандай, бардыгы болуп 590 талапкер арыз тапшырган. Тандалган кишилердин ысымдары кийинчерээк аталары айтылды.

18-июндагы шайлоого кызматтагы экинчи мөөнөтү аяктап бараткан президент Хасан Роухани катыша албайт.

Сакчылар кеңеши эскичил диниятчылар менен юристтерден куралат. Буга чейин алар президенттикке аттанабыз деген көптөгөн байистүү саясатчыларды жактырбай келишкен.

Байкоочулар ашынган диниятчы, сот тармагын жетектеген Эбрахим Раисини негизги талапкер катары атап жүрүшөт. Ал 2017-жылкы шайлоодо Роуханиге каршы ат салышкан.

"Фарс" маалымат агенттиги 24-майдын кечинде кабарлагандай, парламенттин мурдагы спикери, кийин президент менен жакындашып кеткен Али Ларижанинин талапкерлиги кеңештен өтпөй калды.

Салыштырмалуу байистүү позицияны карманган Роуханинин өкмөтү ушу тапта 2015-жылкы эл аралык өзөктүк келишимди калыбына келтирүүнү көздөгөн сүйлөшүүлөргө катышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG