Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:48

Эки жүз миллион доллардын “эсебин табуу”


"Кыргызалтындын" мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаров.
"Кыргызалтындын" мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаров.

“Кумтөрдүн” 200 миллион долларын “Центеррага” которуунун артында эмне бар? Бул каржылык операция эмнеге өткөн жылдын аягында Кыргызстандын “Центерранын” курамынан чыгарын аныктаган келишим бышып калган учурга туура келген?

Акчаны өкмөт менен макулдашпастан которуп жиберип, мамлекетке каршы иштеген деп айыпталып жаткан “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаров дивиденддик каражатты которуу тартиби бузулган эмес деп айыбын четке кагууда. Анын орун басары Кылычбек Шакиров сотто берген көрсөтмөсүндө муну күмөндүү операция катары баалады.

Эски эреженин жолу менен...

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаров 2013-жылы 19-декабрда “Центеррага” которулган 200 миллион долларды 2012-жылдагы Кумтөрдүн таза кирешеси болгон деп көрсөтмө берди. Ал аны которуу үчүн өкмөттүн макулдугу талап кылынбайт деп эсептейт. Мына ошондуктан ал каражат дивиденд катары бөлүштүрүү үчүн Канадага которулганын белгиледи. Дилгер Жапаров сотто таза киреше катары калган каражат мурдатан эле мына ошондой тартипте которулуп келгенин белгиледи:

- Эсиңиздердеби, биз 2010-жылдын кирешесинин эсебинен 2011-жылы 33 миллион доллар дивиденд алганбыз. Ошондо башында “Кумтөрдөн” 125 миллион доллар “Центеррага” которулган. Анан ал жактан ал дивиденд акционерлердин ортосунда кайра бөлүштүрүлгөн. Корпоративдик эреже ушундай. Кийинки жолу деле биз эрежени ошондой тартипте так сактадык. Бул жерде эч кандай мыйзам бузулган эмес.

Дилгердин “дилгирлиги”

Бирок мындай жүйө менен “Кыргызалтындын” жетекчи орун басары Кылычбек Шакиров макул эмес. Анткени 2010-жылы Кумтөрдөн таза киреше арбын алынган. Ошонун негизинде Кыргызстан алгачкы жолу 33 миллион доллар дивиденд алууга жетишкен. Бирок 2012-жылы Кумтөрдө чыгым көп болуп, дивиденд бөлүштүргүдөй таза киреше чыккан эмес. Бул каражат жылып келе жаткан мөңгүлөрдү токтотууга жана экологиялык коопсуздукту бекемдөөгө жумшалууга тийиш эле. Бирок ал каражатты Дилгер Жапаров “Центеррага” которууга шашкан.

“Кыргызалтындын” жетекчи орун басары Кылычбек Шакиров сотто соңку каржылык операцияны мурдагысы менен салыштырууга болбостугун эскертти:

- Мен бул жагдайды көргөн учурда финансист катары тиешелүү мамлекеттик органдарды кабардар кылуу керек деген ойго келдим. Анткени бул татаал маселе жана ири өлчөмдөгү каражат. Бул жерде ачык-айкындык болушу үчүн тиешелүү органдар карап, баасын бериши зарыл болчу. Мына ошондуктан мен тиешелүү органдарга маалымат бердим.

Адистердин айтымында, 200 миллион доллар “Центеррага” которулуп кетпесе аны кыргыз өкмөтү күрөө катары кармап туруу мүмкүнчүлүгүн алмак. Анын эсебинен Кумтөргө коюлган экологиялык зыян боюнча доону сот аркылуу өндүрө алмак. Мына ошондуктан мамлекеттик айыптоочу Нурдин Молдотаев каражатты өкмөттүн макулдугусуз которуу менен “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровго мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштеген деп кине койгон:

- Киреше боюнча чечим акционерлердин жылдык жыйналышында кабыл алынат. Ал 2012-жыл аяктагандан соң кийинки жылдын 1-майынан кечиктирилбестен кабыл алынышы керек болчу. Бирок Жапаров өзүнүн бөлүштүрүүчү жана башкаруучу укуктарынан пайдаланып, “Кыргызалтындын” жана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын эске албастан, “Центерранын” пайдасына иштеген. Ал 2012-жылды компания 150 миллион доллар чыгым менен аяктаганына карабай, директорлор кеңешинин башка мүчөлөрү Ян Аткинсон, Андрей Сазанов менен биргеликте чечим кабыл алган. Башкача айтканда, түшкөн киреше жана мыйзамдуу зарылчылык жоктугун, ошондой эле 2013-жылы план боюнча дивиденд төлөөгө акча каралбаганын билип туруп, ушундай кадамга барган.

200 миллион долларды “Центеррага которуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы жабырлануучу катары табылган. Сотто ал каражаттын эмне себептен “Центерра” менен жаңы макулдашуу каралып жаткан учурунда которулганы боюнча суроолор коюлуп, бирок соттолуучу тараптан так жооп болгон жок.

XS
SM
MD
LG