Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Крым жаңжалынын орус экономикасына зыяны


Крымдагы чыңалуудан орус экономикасы олуттуу зыян тартууда. Багдад фондулук биржасы Бишкек биржасын артта калтырды. Кыргызстан интернет базарында коңшуларынан озуп чыкты. Искусство базарында отузга чыга элек сүрөткерлердин эмгектерине суроо-талап өстү.

Дүйнөлүк абройлуу экономисттер Москваны Украинага аскерий кийлигишүүдөн оолак болууга чакырышты. Бир нече инвестициялык банктардын адистери Орусиянын Крымга аскерлерин жайгаштырып, эгемен Украинанын аймактык бүтүндүгүнө бүлүк салуусунан орус экономикасы гана олуттуу зыян тартарын эскертишти.

Кремль Крым жарым аралында кандайдыр бир аскерий операция баштаса, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү Орусиянын экономикасына залакасын тийгизе турган санкцияларды кабыл алышы толугу менен ыктымал деп эсептейт швейцариялык экономисттер. Ал эми АКШнын Bank of America Merrill Lynch банкынын серепчилери жаңжалдын чыгымы Орусиянын жалпы дүң өнүмүнүн 3% түзүүдө деген тыянакка келишти.

Орус рублин колдогон жөө жүрүш, Москва, 17.08.2011.
Орус рублин колдогон жөө жүрүш, Москва, 17.08.2011.
"Эгер Европа биримдиги Орусияга каршы экономикалык санкцияларды кабыл алса, биринчиден, Москвага орус газы үчүн төлөмдөр токтойт. Европалыктар энергиянын башка булактарын колдонууга өтөт жана газды башка жерден сатып алышат. Түштүк агымдагы газ кууруна залакасы тиет" деп белгиледи Credit Suisse банкынын серепчилери. Крым жарым аралындагы чыңалган кырдаал Орусияга кымбатка турушу мүмкүн.

Кремлге каршы санкциялар киргизилсе, глобалдык базарлардагы орустун баалуу кагаздары жүгүртүүдөн алынып салынат. Андан сырткары, каржылоо булактары чектелип, насыя үстөктөрү кескин өсөт. Жаңжал Орусиянын эгемен кредиттик рейтингине терс таасирин тийгизиши ыктымал. Аны менен бирге аскердик чыңалуу мамлекеттик карызды тейлөөгө кыйынчылык жаратып, рублдин арзандашына алып келди.

Крым жарым аралындагы курчуп турган кырдаал Украинанын экономикасын кыйгап өтпөй койбойт. Morgan Stanley банкынын талдоочулары чыңалуудан улам Украина Орусиядагы украин эмгек мигранттары жылына салган 2,6 миллиард доллардан кол жууп калат деген тыянакка келишти. "Газпром" Украинанын "Нафтогаз" ишканасынан 1,64 миллиард доллар карызын доолады жана апрелден тарта көгүлтүр оттун баасын учурдагы 268,5 доллардан – 1000 м3 үчүн 400 долларга көтөрдү.

Белгилей кетчү жагдай, орус газынын жарымынан көбү Европага Украина аркылуу ташылат. Москва газ үчүн Европа берген 30 миллиард доллардан жана Украинадан көгүлтүр от үчүн алган 30 миллиард доллар кирешеден кол жууп калышы ыктымалдыгын эстен чыгарбоо керек деп эсептейт европалык экономисттер.

Багдад биржасы Бишкектен алдыда

Ирак фондулук биржасы, Багдад, 02.07.2012.
Ирак фондулук биржасы, Багдад, 02.07.2012.
Он жыл мурда ачылган Ирак фондулук биржасы (ISE) жылдан жылга өсүп, көрсөткүчтөр 9,5% түшкөнүнө карабай былтыр анын жалпы базардык капитализациясы 9,9 миллиард долларга жетти. Ал эми 20 жылдык тарыхы бар Кыргыз фондулук биржасында (KSE) жүгүртүлгөн бардык баалуу кагаздардын жалпы наркы былтыр болжол менен 175 миллион долларга барабар болду. Эл аралык валюта корунун маалыматына ылайык, Ирак экономикасы быйыл 6,3% өсөт.

Ирак биржасы Кыргыз биржасынан озуп кеткени менен, интернет ишкердиги боюнча Кыргызстан коңшуларынан кыйла алдыда. Ага күбө катары евразиялык ири интернет-ишкерлердин башын бириктирген эң чоң StartupTurkey жыйынында Борбор Азиядан жалгыз кыргыз ишкеринин долбоору тандалып алынганы болду. Евразиянын отуздай мамлекетинен келген ишкерлердин арасынан иргелип, бишкектик Михаил Агеевдин "Акчабар" каржы порталы глобалдык интернет-дөө шаалары менен тең тайлашып дүйнөлүк базарга чыгууга алдыга кадам шилтеди.

Евразиянын эң ири интернет-ишкерлеринин арасында Борбор Азиядан жалгыз гана Кыргызстанда бутуна туруп келе жаткан "Акчабар" долбоору катышты. Мунун өзү эле Кыргызстан дүйнөлүк интернет-базарына алдыга секирик жасаганын билдирет. Өлкөбүз үчүн бул абдан баалуу тажрыйба, – деди "Акчабардын" түптөөчүсү Агеев.

Жаш кыргыз ишкери Михаил Агеев, StartupTurkey жыйынында, Анталия, Түркия, 21.02.2014.
Жаш кыргыз ишкери Михаил Агеев, StartupTurkey жыйынында, Анталия, Түркия, 21.02.2014.
"Акчабар" дүйнөлүк ири капиталдык үлүш корлорунун жана Батыш инвесторлорунун көңүлүн өзүнө бурду. Борбор Азиядан жалгыз Кыргызстан гана катышканы чөлкөмдөгү интернет-базарында кыргыз ишкерлери коңшуларынан олуттуу озуп кеткенин айгинелейт.

Интернет базарынан искусство базарына келсек. Искусство базарында акыркы үч жылда art flipping, же аты чыга элек жаш сүрөтчүнүн эмгегин арзан сатып алып, аны эки-үч жылдан кийин кымбат сатуу жараяны болуп көрбөгөндөй өрчүдү. Бул тууралуу Artnet Worldwide изилдөө компаниясы кабарлады. Мисалы, колумбиялык 28 жаштагы Оскар Мурилло тарткан сүрөт 2011-жылы 7000 долларга сатылган. Ошол эле сүрөт былтыр 401 миң долларга сатылды. Жалпысынан Муриллонун 24 эмгеги былтыр 4,8 миллион долларга сатылган.

Жети жыл мурда дүйнө боюнча отуз жашка чейинки курактагы сүрөтчүлөрдүн 4023 эмгеги сатылса, былтыр 7300дөн ашык сүрөт жаңы ээлерин тапкан. Акыркы үч жылда жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин баасы 3000% (үч миң) өскөн. Курагы 35ке жете элек, 1980-жылдары туулган эркек сүрөтчүлөрдүн эмгектери болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн иликтөөчүлөр баса белгиледи.

Жаш кыргыз сүрөткери Сүйөркул Дооровдун эмгеги, 12.07.2013.
Жаш кыргыз сүрөткери Сүйөркул Дооровдун эмгеги, 12.07.2013.
Дүйнөлүк базарларга учкай көз чаптырсак. Алтын акыркы аптада үч долларга кымбаттап, учурда унциясы 1338 доллардан сатылып жатат. Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акцияларынын куну беш центке өстү. Азыркы тапта "Центерранын" бир баалуу кагазынын наркы – 5 канада доллары 23 центти түздү. Чийки мунай бир долларга кымбаттап, баррели 103 доллардан сатылууда. Бишкектеги баалуу кагаздар рыногунда сооданын көлөмү акыркы аптада түшүп, 5 миллион 90 миң сомго жетти. Сатылган үлүш кагаздарынын соода көлөмү боюнча анык лидер чыккан жок.

Крым жаңжалы – орус экономикасына зыян
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG