Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Саруулуктар жолду ачышты


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун борборунда тынчтык жүрүшүн өткөрүү үчүн саруулуктар митингге чыгышты.

"Кумтөрдүн" элдин пайдасына чечилишин жана 7-октябрда Каракол шаарындагы башаламандык учурунда кармалган балдардын бошотулушун талап кылып, 50дөн ашуун атчан жана 50гө чукул адам чыкты.

Жүрүш Саруу айылынан район борборуна чейин болду.

Митингдин активдүү катышуучуларынын бири Замир Мендибаев "өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев элге кырдаал тууралуу жалган маалымат берүүдө", - деп, чогулгандар Каптагаевдин эл менен жолугуп кетишин талап кылып жатканын айтат:

- Биз бир жарым айдан бери чогулуп жатабыз. Ыйгарым укуктуу өкүл бир да жолу келип койгон жок. Анан кыргыз элине Сарууда абал тынч, өкмөттүк иш-чаралар өтүп жатат деп, сыналгы аркылуу жалган маалымат берди. Бизге келсин.

Чогулгандарга өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү келбегендиктен, алар Саруу менен Дархан айылдарынын ортосундагы "Кашат" көпүрөсүн жабууну чечишкен. Митингге чыккандар Эмил Каптагаев түз эфирде эл алдында жооп бермейин жолду ачпай турганын айтышты.

Ал эми район акиминин милдетин аткаруучу Дамир Моңолдоров Эмил Каптагаев менен байланышкан соң буларды билдирди:

- Койгон талаптары мурункулардын тегерегинде болду. Андан соң өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү менен жолугушууну талап кылышты. Мен Эмил Каптагаевдин жардамчысы менен байланыштым, өзү менен байланыша алган жокмун. Ал кишинин колу бошобой жатканын билдирди.

Жолугушууга келген облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Эмил Салиев митингге чыккандар жол тосуп, административдик мыйзамдарды бузуп жатышканын «Азаттыкка» айтты.

- Митингге чыккандар губернатордун келишин талап кылып жатышат. Жол тосуу административдик мыйзам бузууга жатат. Айтсак түшүнбөй жатышат. Буга дейре алар бизге келип, "коопсуздукка жооп беребиз" деп тил кат таштап кетишкен болчу.

Ал эми райондук борбордон үйүнө кайткандар тосулган жолдон жөө өтүп жатышты. Үйүнө жете албай турган Кайыркүл Акунбаева мындай көрүнүштү туура эмес деп баалады:

- Менимче жол тосуу туура эмес. Мен үйгө бараткам, эми орто жолдо калдык. Балдарым чалып, сарсанаа болуп жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча, Каракол-Бишкек жолу ачылды. Облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Назира Муканбетованын айтымында, облус башчысы Эмил Каптагаев Саруу эли менен эртең жолугушмакчы.
Саруулуктар Балыкчы-Каракол жолун ачышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG