Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Ооганстан: шайлоого даярдык каршыларды бириктирди


Улуттук коалициянын ана башы доктор Абдулла Абдулла өзүн президенттикке талапкер деп жарыялагандан кийин. 1-октябрь 2013
Улуттук коалициянын ана башы доктор Абдулла Абдулла өзүн президенттикке талапкер деп жарыялагандан кийин. 1-октябрь 2013

Ооганстанда президенттикке талапкер катары 27 адам арыз берди. Алардын арасында мурдагы жана азыркы саясатчылар көпчүлүктү түзөт.

Көз карандысыз шайлоо комиссиясы 19-октябрда катталган талапкерлердин тизмесин бекитүүгө тийиш. Ал эми 16-ноябрда жазда болчу президенттик шайлоого катышчу талапкерлердин жыйынтыктоочу тизмеси жарыяланат. Ага дейре саясий соода жүрүп, президент Карзайдын бир тууган агасы - мурдагы депутат Каюм сыяктуу кээ бир оюнчулар жарыштан чыгаары болжолдонууда.

2009-жылкы шайлоого салыштырганда келерки жылы 5-апрелде болчу саясий өнөктүктүн шарты бир кыйла татаал. Талапкерлердин жашы 40тан төмөн болбоого тийиш. Алар 100 миң адамдын колун Ооганстандын 34 провинциясынын 20сынан топтоо керек жана БШКга 1 миллион оогани же 18 миң доллар күрөө коюшу абзел. Ар бир талапкер азыр эле биринчи жана 2-вице-президент болчу адамды атаган. Азыркы президент Хамид Карзайдын үчүнчү мөөнөткө ат салышуусуна Конституция жол бербейт.

Негизги талапкер катары мурда Тышкы иштер министрлигин жетектеген Абдулла Абдулла жана Залман Расул, экс-финансы министр Ашраф Гани, экс-депутат жана көрүнүктүү пуштун диниятчы Абдул Расул Саяф жана президент Карзайдын агасы Каюм Карзай аталууда.

Хамид Карзай, 7-октябрь, 2013-жыл
Хамид Карзай, 7-октябрь, 2013-жыл
Кэт Кларк Кабулда жайгашкан бейөкмөттүк Afghanistan Analysts Network изилдөө уюмунун улук талдоочусу. Ал ар бир талапкер өз командасын же вице-президент болчу эки адамды санаалаш катары эмес, "баланча добуш алып берет" деген эсеп менен тандаган дейт:

- Бардык тараптардын бирин-бири сүйбөгөнү табигый нерсе. Бирок эки жак пайдалуу деп биригишкен. Албетте Абдулланын оюнча, "Хезб-е-Исламини" ага пуштундардын добушун алып берчү мыкты пуштун уюму.

Өлкөнү бир да этнос жеке бийлей албайт деген консенсустан улам талапкерлер команда мүчөлөрүн ар кайсы улуттан тандашкан. Мисалы, "Жамият-е-Ислами" жана "Хезб-е-Ислами" партиялары Ооганстандагы жарандык согушта эки бөлөк тарапта согушкан. Бул бирок "Жамият-е-Исламинин" мүчөсү, теги тажик Абдулла Абдулланын "Хезб-е-Исламичи" Мухаммед Хан менен бир команда болуусуна жолтоо кылган эмес. Абдулла экинчи вице-президенттикке хазарлардын таасирлүү лидери Мухаммад Мохакекти чакырган.

Генерал Рашид Достум
Генерал Рашид Достум
Мурда финансы министри болгон Ашраф Гани 2009-жылкы президенттик шайлоодо араң үч процент добуш алган. Бирок Гани өнөктөш тандаган адамдар анын мүмкүнчүлүгүн бир кыйла көбөйтүшү мүмкүн. Анын командасында таанымал хазар, Дайкунди провинциясынын губернатору Сарвар Даниш жана өзбек жамаатынын ана башы, мурдагы аскер башчы, генерал Рашид Достум бар. Даниш мурда Юстиция министрлигин да жетектеген.

Ооганстандын Франция жана Канададагы мурдагы элчиси Умар Самаддын айтышынча:

- Генерал Достумдун колдоосун алган доктор Гани өз шайлоочуларынын добушуна ишенсе болот. Бирок бул добуштар жетиштүүбү жана натыйжада ал эмнени жоготот? Атаандаштар көп болгондуктан шайлоочулар бөлүнөрү калетсиз. Ошондуктан доктор Гани бир жагынан утса, экинчи жактан жоготору турган иш.

Бир жылдары Дүйнөлүк банкта жооптуу кызматта иштеген Ашраф Ганиге мурда Ооганстандын падышаларын такка отургузчу кландын башчысы Сибхатулла Можадеди өз батасын берген.

Залмай Расул
Залмай Расул
Көпчүлүк серепчилер белгилүү пуштун, экс-тышкы иштер министр Залмай Расулду президенттикке татыктуу талапкер экенин айтышат. Ал Ооганстанды өткөн жүз жылдыкта башкарган түштүктөгү бакубат мухаммадзай уруусунан.

Валиулла Рахмани Кабулдагы Стратегиялык изилдөөлөр борборун жетектейт. Анын оюнча, Расул өз шериктери менен Ортолук жана Түндүк Ооганстанда көпчүлүк добуштарды ала алат:

- Ал жалгыз коомдук фигура эмес. Ырас, ал улуттук коопсуздук үчүн көп эмгек сиңирген стратег. Залмай Расул салттуу үй-бүлөлүк дөөлөттөрдү пайдаланып, өз уруусунун колдоосуна таянат.

Залмай Расулдун командасында легендарлуу тажик аскер башчы Ахмад Шах Масуддун иниси, экс-вице-президент Ахмад Зия Масуд жана Бамиян провинциясынын губернатору, теги хазар Хабиба Сараби бар. Сараби айым вице-президенттикке талапкер беш аялдын бири да.

Бизнесмен Каюм Карзай саясатка көп кызыкпайт жана депутат кезде парламенттин сессиясына сейрек катышчу. Ошон үчүн, серепчилер болжогондой, ал 16-ноябрга дейре өзүн кайсы бир күчтүү талапкерге кымбат сатышы мүмкүн.

Талапкерлердин ичинен Абдул Расул Саяф эң карама-каршылыктуу фигура эсептелет. Ал 1980-жылдардагы советтик оторчулук кезде Ооганстанга “ал-Каиданын” желдеттерин машыктырган лагерлерди башкарган жана талибдерге каршы АКШ тарабында согушкан. Саяф вице-президентке тандаган Ысмайыл Хан жакында эле талибдерге каршы согушуу үчүн мужахиддерди кайра куралдандырууга чакырган жана келерки жылы сөзсүз жарандык согуш чыгат дейт. Саяфтын, Ысмайыл хандын жана генерал Достумдун шайлоого катышуусу Ооганстанга чоң жардам берген жана өлкөдө көп адамдардын жоготкон эл аралык донорлорду нааразы кылууда.

XS
SM
MD
LG