Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Чек ара кызматы УКМКдан чыкты


Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, чек ара аскерлерин Мамлекеттик чек ара кызматына кайра өзгөртүп түзүү менен аталган мекеме Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин карамагынан чыгарылды.

Мындай чара мамлекеттик чек араны коргоону жана кайтарууну чыңдоо жана тышкы коркунучтарга каршы аракеттенүү максатында, ошондой эле мамлекеттик органдар ишин оптималдаштыруу максатында кабыл алынганы айтылууда.

Мамлекеттик чек ара кызматын өлкө башчысы тарабынан кызматка дайындалуучу төрага башкарат. (RK)

XS
SM
MD
LG