Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:42

Пахта: Дыйкандын мээнети талаада калды


Аба ырайынын өзгөрүшү менен Кара-Сууда пахтанын 25-30 пайызы жыйналбай калды. Дыйкандар 2 теримин үзөөрү менен эле пахта талааларын кар жаап калган. Жайы менен мээнет кылган дыйкандар эми кирешесиз калуу коркунучунда турат.

Аба ырайынын күтүүсүз өзгөрүшү калкты жарык менен жылуулук жагынан эле түйшүккө салбай, жыйым-теримге да өз кесепетин тийгизгендей.

Кара-Суу районунда пахтанын экинчи терими үзүлүп бүтөөрү менен кар жаап салып, миңдеген дыйкандар түшүмдөрүнөн кур калышты. Азыр талаадан аппак болуп жыйналбай жаткан пахталарды көрүүгө болот.

Райондун Маданият айылынын тургуну Момунай Кожакматова өз арыз-муңун мындайча билдирди:

- Негизи пахтаны 4 жолу теришибиз керек болчу. Бирок 2 жолу тергенге араң үлгүрдүк.

Үчүнчү терими аппак болуп бышып калганда аба ырайы кокустан өзгөрүп кетип, баарын өлтүрдү. Бизде дыйканчылыктын негизги түрү ушул пахтачылык да. Эми дыйкандарга чындап кыйын болот го.


Бирок ошого карабай айрымдары күн ачылаары менен болсо да калган-каткан пахтаны терип алсак, жок дегенде айдоо менен жер семирткичке кеткен каражатты актап алабызбы деген үмүттө да турушкан экен. Карасуулук дыйкандардын бири Мукарам Паизова:

- Башкасын билбейм, мен эртең күн ачылса, калганын терип чыгам. Болбосо мен бир аз эле түшүм алып калгам.

Дагы тербесем мен быйыл бир тыйын да киреше таппай калган болом. Бул кыштан чыкпай калышым да мүмкүн.


Деген менен бир кардан кийин жыйналган пахта өз сапатын жоготот. "Сатып алгандар да аны өтө арзан сурашат", - дейт башка бир фермер Абдыкерим Шайназаров:

- Кардан, же сууктан кийин кайра терем деп атканы бул аргасыздын иши да. Болбосо ал пахта жараксыз болуп калат. Алармандар да, завод да бир кардан кийинки пахтаны 10 сомго араң сурайт. Сурабаса албай деле койот.

Кара-Суу районунда жалпысынан 10 100 гектар пахта аянты бар. Жыл башында бийликтер "пахта наркын жогорулатуу" боюнча берген убадаларына карабай, анын баасы 37-38 сомдон жогорулаган жок. "Ошол себептүү бул жылы дыйкандардын дээрлик баары кирешесиз калышы мүмкүн", - дейт Абдыкерим Шайназаров:

- Дыйкандар жаздан бери кымбат күйүүчү май, кымбат жер семирткич сатып алды. Эми ушул 2 түшүм ошол чыгашанын баарын жаппайт. Башкача айтканда дыйкан жазы менен кылган мээнетинин баары асманга учуп кетти. Жок дегенде эми калган пахтасын 50 сомдон жогору сатса жакшы болмок. Азыр 35-37 сомдон жогору чыкпай атат.

Канткен менен быйылкы жылдын эсебинен пахтакерлер биринчи жолу жабыр тарткан жок. Жер семирткичтердин жетишсиздигинен жайкысын райондо жүздөгөн гектар пахта зыянга учураган болсо, күйүүчү майдын кымбаттыгынан айдоолор өз убагынан кечигип ишке кирген.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG