Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Кыргызстандын биопахтасы Европада


Акыбай Сооронбаев, “Кенч” акционерик коомунун жетекчиси.
Акыбай Сооронбаев, “Кенч” акционерик коомунун жетекчиси.

Жалал-Абад облусунда экологиялык жактан таза пахта өндүрүлүүдө. Европалык долбоор каржылаган пахтанын түшүмү азыраак болгону менен сапаты дүйнөлүк стандарттка жооп бергендиктен баасы кымбат.

“Кенч” акционерик коомунун жетекчиси Акыбай Сооронбаев “Азаттыкка” курган маегинде биопахта өстүрүү долбоору өкмөттүк деңгээлде колдоого алынса деген пикирин билдирди.

- Экологиялык таза пахтаны кимдер сатып алат? Ооба, батышта экологиялык таза буладан кийим-кече алууга дилгирлер көп. Сиз кимге сата аласыз?

- Биз иштеген долбоор - Голландия менен Швейцария өкмөттөрүнүн долбоору. Бул долбоор Жалал-Абадда көп жылдан бери иштеп жатат, алар бизди үрөн менен камсыз кылат, кантип таза пахтаны өстүрүүнү үйрөтөт. Биз 20 гектар жерге органикалык биопахта эгебиз, химиялык жер семиркичтерди такыр колдонбойбуз.

Түшүм бар, азыраак болгону менен баасы өйдө. Бул европалык таза пахта өндүрүү долбоору болгондуктан, түшүмдүн баасына кошумча акча төлөнөт. Маселен, биопахтанын киллограммы 53 сом болсо, европалык сатып алуучулар киллограммына дагы 10 сомдон кошуп берет.

Түшүмдү болсо Швейцария менен Голландиянын өкмөттөрү өзү алып кетет. Ошол жактагы экологиялык таза пахтадан товар чыгарган өздөрүнүн өндүрүшүнө тапшырат.



- Деги эле пахтанын баасы быйыл өсүп жатыптыр, түшүм кандай болду?


- Пахтанын баасы быйыл жылдагыга караганда жакшы болду. Башында пахтанын киллограммы 20-22 сом болсо азыр 53 сомго чейин жетет. Баа эми бар аз көтөрүлүп-түшүп турат. Пахтанын баасы анын сапатына жараша болот. Экинчи жана аралаш сорттогу пахтанын баасы бир аз арзаныраак. Пахтанын түшүмү жаман эмес. Негизинен түшүм кандай эмгек жумшаганга жараша болот. Убагында эгип, өз маалында жакшы азыктандырса 40-45 центнерге чейин түшүм алса болот.

- Буга чейин пахта аянттары өтө кыскарып кеткен эле. Эми пахтанын баасынын өсүшү менен пахта эгилген аянттар көбөйөт деп күтсөк болобу?

- Өткөн жылдары пахтанын баасы арзан, күйүүчү майдын, жер семирткичтин баасы кымбат болгондуктан пахтанын аянты эки эсе кыскарган. Жергиликтүү дыйкандар негизинен буудай, жашылча айдоого өтүп кетишкен. Мына бүгүн пахтанын баасы жогорулагандыктан дыйкандар пахта жана буудай өстүрүүгө көбүрөөк бел байлап жатат. Пахта аянты быйыл көбөйөт деп ойлойм. Биздин чарбада көбүрөөк буудай эгебиз.

- Коңшу Өзбекстандан пахтасы буга чейин Кыргызстанда сатылап келген. Азыр Өзбекстандан дагы эле пахта ташылып жатабы?

- Азыр мурдагыдай пахта ташылбай калды. Себеби июндагы окуядан кийин чек аралар өтө катуу көзөмөлдө. Мурда пахта эле эмес күйүүчү май, жер семиркич дагы коңшу өлкөдөн келип турчу. Азыр ал жактан келсе өтө аз көлөмдө пахта келет.

- Акыбай мырза, пахтаны эмне менен жыйнайсыздар, атайын техникаңар барбы?

- Биринчиден, азыркы күндө техника деген жок, пахтаны кол менен жыйнайбыз. Азыр пахтанын баасы кымбат болгону менен түшүмдүн ар бир терген киллограммына 5 сомго чейин төлөнөт. Мурда теримге 1-2 сом эле төлөнчү да. Бизге кол күчү жетишпейт. Мурда негизинен Өзбекстандан жумушчу күч келчү эле. Быйыл болсо чек ара жабылгандыгына байланыштуу өзүбүздүн күч менен терип жатабыз.

- Балдар пахта теримге тартылабы?

- Балдар тилекке каршы бул ишке аралашып жатат.

- Пахта өстүрүү боюнча өкмөткө сунуштарыңыз барбы?

- Негизги сунуш Европанын биопахта өстүрүү боюнча абдан жакшы долбоорун өкмөттүк деңгээлде колдоп, шарт түзүлсө биздин дыйкандарга чоң колдоо болмок. Андан дагы маанилүү нерсе биопахта өстүрүү менен Кыргызстандын экологиясын, пахтада иштеген дыйкандар менен балдардын ден соолугун зыяндуу нерселерден коргоп калмакпыз.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG