Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Бажы биримдиги мигранттын багын ачабы?


Сүрөттө: кыргыз-казак чек арасынан өтүп келаткан мигранттар.
Сүрөттө: кыргыз-казак чек арасынан өтүп келаткан мигранттар.

Бажы биримдиги мигранттарга оң таасирин тийгизет. Бул тууралуу 4-августта Орусиянын бажы жана миграция боюнча өкүлдөрү Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Орусиялык чиновниктердин бул ишаратын айрым серепчилер "Бажы биримдигине кошулгун" деп, президенттик шайлоо алдында Кыргызстан саясатчыларына эскертүү катары баалашты.

"Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн мигранттарына бул аймакта өз баладай мамиле болот", - деди Орусия Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Владимир Филиппов.

- Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттары биримдиктин аймагында эркин орун которуштуруп, иш таап, жумушка уруксат кагазы жок эле иштей алышат. Эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе бул кандай болорун азырынча айтуу кыйын. Бирок ошондой эле жеңилдиктер каралышы ыктымал.

Бажы биримдигине Орусия, Беларус, Казакстан мүчө
Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы Орусиянын Мамлекеттик бажы комитетинин өкүлү Игорь Курков төмөнкүдөй фактыга көңул бурду:

- 2011-жылдын 1-июлунан тарта Орусия менен Казакстандын ортосундагы чек арада бажы көзөмөлү алынып салынды. Бажы көзөмөлүнүн бардык түрү: ветеринардык, фитосанитардык, санитардык эпидемиялык көзөмөлдөр Бажы биримдигинин сырткы чек арасына жылдырылды. Анын ичинде Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара тилкеси да бар.

Бул Бажы биримдигине мүчө өлкөлөргө кандай гана товар киргизилбесин жогоруда айтылган көзөмөлдөрдөн өтөт дегенди билдирет. Мындан улам айрым серепчилер “ушундай оор текшерүүлөрдөн арылабыз десеңер, анда биримдикке кириш керек” деген ишаратты байкашты.

Экономист Бакай Жунушов Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе деле мигранттар анчейин кыйналбайт деген ойдо. Ал бул жүйөсүн мындайча түшүндүрдү:

- Мигранттардын 90 пайызы Орусиянын жарандыгын алышууда. Бажы биримдигине кирбей калсак, анда орус бийликтери жарандыгын тартып алышат бекен? Мисалы, азыр бизге караганда мигранттарыбызга өздөрү муктаж.

Шайлоо алдындагы саясатпы?

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев Бажы биримдиги тууралуу маселенин көтөрүлүшүн алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырат. "Бул экономикалык эмес, саясий чечим болууда", - дейт депутат:
Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттары биримдиктин аймагында эркин орун которуштуруп, иш таап, жумушка уруксат кагазы жок эле иштей алышат.

- Бажы биримдигине кирүү идеясы негизи эле президенттик шайлоонун алдындагы шайлоо программаларынын бири болуп калган. Биримдик – Кыргызстандын ичиндеги жана сыртындагы эл аралык геосаясат болуп жатканын гана түшүнөм.

Анткени экономикалык жактан алып карасак, мисалы, бизде Кытай, Түркия сыяктуу өлкөлөр менен абдан чоң экономикалык алакаларыбыз бар. Аларды садага чапсак, анда биздин экономика да, биздин базарлардагы ошол өлкөлөр менен иштешип келаткан жарандардын да абалы кыйындап кетиши мүмкүн.

Бажы биримдигине Орусия, Казакстан жана Беларус мүчө.

Өкмөт биримдикке кирүүнү жактоодо

Алмазбек Атамбаев
башында турган кыргыз өкмөтү биримдикке кирүүнү жактайт. Алардын ынандыруусу боюнча, Кыргызстан үчилтикке кошулса, ута турган жагдайлар көп. Маселен, биримдик ичиндеги өлкөлөрдөн товарлардын арзаныраак жана оңой келиши, атамекендик жеңил өнөр жайчылардын базарынын кеңейиши, эл аралык базарга оңой олтоң чыгышы сыяктуу.

Бирок бир катар эксперттер менен саясатчылар Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстан айрыкча экономикалык жактан көз карандылыгы дагы артат деп эсептешет.

Бажы биримдиги тууралуу карикатура
Алардын айтымында, биримдик ичинде чечимдерди кабыл алуу, добуш берүү укугунун 53 пайызы Орусияга, калганы Казакстан менен Беларуска тийген. Эгер Кыргызстан кошула турган болсо, Орусиянын энчиси кала берет да, Беларус менен Казакстандын добуштары үчкө бөлүнөт.

Мындан сырткары азыр Кыргызстандын бажы алымы 5 пайыз тегерегинде. Ал эми Бажы биримдигинин бажы алымы 10 пайыздан ашуун. Демек биримдикке кирсе, алым эки эсеге өсөт.

Бул өз кезегинде биримдиктен сырткы өлкөлөрдөн импорттолгон, жана ал жакка Кыргызстан экспорттогон товарларга баа жогоруларын билдирет.

XS
SM
MD
LG