Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Карамай Казакстандан өтпөй жатат


Орусиянын Омск шаарындагы (Сибир) карамайды кайра иштетүүчү ишкана Казакстандын өтүнүчү менен Бажы биримдигине кирбеген кошуна мамлекеттерге бензин сатууну токтотту. Мындан улам Кыргызстанда күйүүчү майга болгон таңкыстык орун алды.

“Газпром нефть - Азия” компаниясынын май куйуучу бекеттери ар бир автоунаага 92-үлгүдөгү бензинди 15 литрден, 95-үлгүдөгүсүн 20 литрден ашык сатпоо боюнча чектөөлөрдү киргизди.

Бул арада ШНОС, БНК сыяктуу башка май куйуучу компаниялар бензиндин баасын кескин кымбаттатышты.

Бишкектеги мына ушундай май куйуучу жайлардын биринин оператору Айчүрөк Жумабекова эки күндүн ичинде 92-93- үлгүсүндөгү бензиндин баасы кымбаттаганын белгиледи:

- Мындан үч күн мурун эле бизде бензиндин бул маркаларынын баасы 35 сом 90 тыйын болчу. Азыр болсо 37 сом 90 тыйын болуп калды. Бир жарым жума мурда 34 сом элүү тыйын эле. Бензин аз келип, тартыш болгондон улам, ушундай баалар көтөрүлүп жаткандыгын айтып жатышат.

Беларуста күйүүчү майдын кымбатташына каршы нааразылык акциясы өткөн, 7-июнь, 2011-жыл
Ошол эле учурда аймактарда бензиндин баасы баш калаага караганда бир канча эсе жогорулады. Ошто бензиндин баасы 38 сомдун үстүндө болсо, айрыкча алыскы Баткен облусунда ал 45 сомдон 48 сомго чейин сатыкка чыгарылып жаткандыгы белгилүү болду.

Мындай шартта жол кире жана жүк ташуу акысы кескин көтөрүлүп, кардарлардын арасында нааразычылык орун алып жаткандыгы айтылды.

Таксист Абдылда Керимбердиев күйүүчү майдын кымбатташы аргасыз абалга кептеп жаткандыгына токтолду:

- Баанын көтөрүлгөнү аябай эле сезилип жатат. Биз жүргүнчүлөргө ушундай болуп жатат десек, алар түшүнгүлөрү келбейт. Эми айла жок, өзүбүздөн мунай чыкпаса же болбосо аны иштете тургандай заводдор жетиштүү болбосо көз каранды боло берет турбайбызбы. Буга чыдап көнбөстөн башка арга жок.

Омск-аке, май берчи...

Кыргызстанга ташылып келинген күйүүчү майдын 67 пайызы “Газпром нефть - Азия” компаниясына таандык. Аталган компания адатта аны Омксидеги заводдон ташып келчү. Ал компаниянын биримдигине кирген май куйуучу жайлардын кампаларында учурда миң тоннадан ашуун бензиндин запасы калгандыгы маалымдалды.

Кыргызстан нефтетрейдерлер биримдигинин башчысы Жумакадыр Акенеев мындай өлчөмдөгү карамайдын запасы түгөнгүчө Омск менен сүйлөшүүлөр оң жыйынтык берип калат деген үмүттө:

- Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 1-июлдан баштап Омскиден жүктөшө элек. Бажы биримдигинен сырткары мунайзаттарын алып чыкпагыла деген Казакстандын өтүнүчү бар деп айтышкан. Бирок ошол эле учурда ташып келүүнүн токтотуу туурасында сөз жок. Бул убактылуу көрүнүш болсо керек.

Азыркы учурда аз өлчөмдө башка жактан келип жатат. Буга чейинки топтолгон кара майдын запасы болжол менен он күнгө чейин жетет болуш керек. Ага чейин маселе бир жагына чечилет деген ойдобуз
.

Кыргызстан күйүүчү майды Орусия жана Казакстандан ташып келет. Быйыл май айында Казакстан 1-ноябрга чейин мунайды сыртка чыгарууга тыйуу салып койгон болчу.

Бул жолу Бажы биримдиги биринчи жолу бирдей тартипте Казакстандын талабын аткаруу менен аталган чектөөлөрдү колдоп отурат. Мындай көрүнүштү айрым серепчилер Бажы биримдигинин таасирин текшерип көрүү жаатында атайын жасалган таңкыстык катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG