Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:43

Бишкекте "Сүйүүнүн он шартын" көрсөтүү үзгүлтүккө учурады


Кытайлык укук коргоочу Рабия Кадыр
Кытайлык укук коргоочу Рабия Кадыр

Бишкекте өтүп жаткан “Бир дүйнө-2010” даректүү тасмалар фестивалында бүгүн кытайлык уйгур тектүү укук коргоочу Рабия Кадырдын өмүр баяны, жашоо-турмушун чагылдырган даректүү тасманы көрсөтүү тоскоолдуктарга кабылды.

Укук коргоочу жана “Бир дүйнө-2010” даректүү тасмалар фестивалынын уюштуруучуларынын бири Диана Макенбаеванын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, тасма көрсөтүлөр алдында Улуттук коопсуздук кызматынын эки өкүлү келип, фестиваль өтүп жаткан Улуттук тарых музейинин жетекчисин жана орун басарын коркутушкан.

“Фестивалдын башка уюштуруучулары алар менен сүйлөшкөндө УКМК кызматкерлери көрсөтүүгө макулдугун берген. Бирок тасма коюлгандан жарым саат өткөндө жарыкты күйгүзүп, фильмди көрсөтпөй коюшту. Негизинен анда чочулай турган деле эч нерсе жок болчу”, - дейт Диана Макенбаева.

Уйгурлардын “Иттипак” уюму “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборуна буга чейин ал фильмди шайлоо өткөнгө чейин көрсөтпөөнү суранган кат жолдошкон. Маалыматка караганда, аталган уюмдун өкүлдөрүн УКМКнын кызматкерлери ушундай кат жолдоого мажбурлашкан жана мындай учур аталган фестивалдын тарыхында биринчи болуп жатат.

Бирок маалыматтарга караганда, тасманы көрсөтүү көп өтпөй кайра токтогон жеринен улантылган.

Рабия Кадыр уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин президенти, укук коргоочу. Ал 1990-жылдары Кытайдагы эң бай жети адамдын катарына кирген. Учурунда ал Кытай өкмөтүнүн кеңешчиси болуп турган жана кийин уйгурларга жасаган аракеттерди ачык сындап келген. Укук коргоочу тууралуу бул даректүү тасманы австралиялык Жефф Дениэлс режиссер тарткан.

Рабия Кадыр 1947-жылы Шинжаңдагы Алтай шаарында туулган. 1999-жылы камалганга чейин ал Кытайдагы ири ишкер аялдардын бири болчу, атүгүл, өлкөдөгү эң бай 10 адамдын тизмесине кирчү. 2000-жылы Хьюман Райтс Уоч эларалык уюму ага эң жогорку сыйлыгын ыйгарган. 2005-жылы АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Бээжинге бараардын алдында Кытай бийлиги укук коргоочуну саламаттыгына байланыштуу бошоткон. Бир нече күндөн кийин Кошмо Штаттарга учуп кеткен Кадыр азыр ошол жакта сүргүндө жашайт.

Жефф Дэниэлстин Рабия Кадыр жөнүндөгү документалдуу тасмасы “Сүйүүнүн он шарты” деп аталып, анын, мекенинин тагдырын баяндайт. Рабия Кадыр Нобель тынчтык сыйлыгына 2 ирет көргөзүлгөн.

XS
SM
MD
LG